Жакан 18:1—40

18  Ушулар жөнүндө тиленгенден кийин Иса шакирттери менен ал жерден чыгып, Кидрон өзөнүнүн+ аркы бетиндеги бакка барды+.  Иса ал бакта шакирттери менен көп жолу болгондуктан+, ал жерди чыккынчы Жүйүт да билчү.  Ошондуктан ал бир топ жоокерди жана жогорку дин кызматчылар менен фарисейлер жөнөткөн сакчыларды ээрчитип, ошол жакка барды. Алардын колунда шамана, чырак, курал бар эле+.  Өзүн эмне күтүп турганын билгендиктен Иса алдыга чыгып+: «Кимди издеп жүрөсүңөр?» — деп сурады.  Алар: «Назареттик Исаны»+,— деп жооп беришти. «Ал менмин»,— деди Иса. Чыккынчы Жүйүт+ да алардын жанында турган.  Исанын: «Ал менмин»,— дегенин укканда тигилер артка кетенчиктеп+, жерге жыгылышты.  Ошондо Иса: «Кимди издеп жүрөсүңөр?» — деп дагы сурады. Алар: «Назареттик Исаны»,— дешти.  «„Ал менмин“,— деп айттым го. Эгер мени издеп жүрсөңөр, анда буларды коё бергиле»,— деди Иса.  Анын: «Мага бергендериңдин бирин да жоготкон жокмун»+,— деген сөздөрү аткарылышы үчүн ушундай болду. 10  Симон Петир ала келген кылычын сууруп чыгып, башкы дин кызматчынын кулунун оң кулагын шылый чапты+. Кулдун аты Малкос эле. 11  Ошондо Иса Петирге: «Кылычыңды кынына сал+. Атам берген чөйчөктөн ичпей коймок белем?» — деди+. 12  Жоокерлер менен миң башы жана жүйүт сакчылары Исаны кармап, байлашты да, 13  адегенде Каяпанын кайнатасына, Анаска, алып барышты. Каяпа ошол жылы башкы дин кызматчы болуп турган+. 14  Жүйүттөргө эл үчүн бир кишинин өлгөнү өздөрүнө жакшы экенин айтып, кеңеш берген Каяпа ушул болчу+. 15  Симон Петир менен дагы бир шакирт Исанын артынан ээрчип барды+. Ал шакирт башкы дин кызматчынын таанышы болгондуктан анын үйүнүн короосуна Иса менен бирге кирди. 16  Петир болсо сыртта калды+. Ошондо башкы дин кызматчынын таанышы болгон тиги шакирт сыртка чыкты да, дарбаза кайтарган күң менен сүйлөшүп, Петирди ичкери киргизди. 17  Дарбаза кайтарган күң Петирге: «Сен анын шакирттеринен эмессиңби?» — деди. Ал: «Жок»,— деп жооп берди+. 18  Күн суук болгондуктан, кулдар менен сакчылар от жагып+, жылынып турушкан. Петир да алар менен жылынып турган. 19  Ал ортодо жогорку дин кызматчы Исадан шакирттери менен окуулары жөнүндө сурап жатты. 20  Иса ага: «Мен дүйнөгө ачык сүйлөп, жүйүттөрдүн баары чогулган синагогаларда, ибадатканада элди окутуп жүрдүм+. Эч нерсени жашыруун айткан жокмун. 21  Эмне үчүн менден сурап жатасың? Сөзүмдү уккандардан сура. Алар менин эмнелер жөнүндө айтканымды билишет»,— деп жооп берди. 22  Ошондо жанында турган сакчылардын бири Исаны жаакка чаап+: «Жогорку дин кызматчыга да ушинтип жооп бересиңби?» — деди. 23  Буга Иса: «Эгер туура эмес айтсам, туура эмес экенин көрсөт. Эгер айтканым туура болсо, анда эмнеге урасың?» — деп айтты. 24  Андан кийин Анас Исанын колун чечпей туруп башкы дин кызматчы Каяпага жиберди+. 25  Симон Петир отко жылынып турганда, ал жердегилер: «Сен да анын шакирттеринен эмессиңби?» — деп сурашты. Ал: «Жок»,— деп танып койду+. 26  Башкы дин кызматчынын кулдарынын бири, Петир кулагын шылый чапкан кишинин+ тууганы, ага: «Сени бакта анын жанынан көрбөдүм беле»,— деди. 27  Бирок Петир дагы танып койду. Ошол замат короз кыйкырды+. 28  Эртең менен эрте Исаны Каяпаныкынан алып чыгып, башкаруучу Пилаттын ак сарайына алып барышты+. Бирок арамдалып калбаш үчүн+ өздөрү ак сарайга киришкен жок. Болбосо пасах тамагын жей албай калышмак. 29  Ошондуктан Пилат аларга өзү чыгып: «Бул кишиге кандай айып коюп жатасыңар?» — деп сурады+. 30  Алар: «Эгер ал кылмышкер болбосо, алдыңа алып келбейт болчубуз»,— дешти. 31  Пилат: «Алып кеткиле да, өзүңөрдүн мыйзамыңар боюнча соттой бергиле»,— деди+. Жүйүттөр болсо: «Мыйзам боюнча, кимдир бирөөнү өлтүргөнгө укугубуз жок»,— деп жооп беришти+. 32  Бул Исанын өзүнүн кандай өлүм менен өлөрү жөнүндө айткан сөздөрү аткарылышы үчүн болду+. 33  Пилат кайрадан ак сарайына кирди да, Исаны чакырып: «Сен жүйүттөрдүн Падышасысыңбы?» — деп сурады+. 34  Иса ага: «Муну сен өзүң ушинтип ойлогондуктан айтып жатасыңбы же сага башкалар айттыбы?» — деди+. 35  Ошондо Пилат: «Мен, эмне, жүйүт белем? Сени мага элиң менен жогорку дин кызматчылар алып келишти+. Эмне кылдың эле?» — деп сурады. 36  Иса: «Менин Падышалыгым бул дүйнөгө таандык эмес+. Эгер бул дүйнөгө таандык болсо, жолдоочуларым жүйүттөрдүн колуна өткөрүлүп берилбешим үчүн күрөшүшмөк+. Менин Падышалыгым бул дүйнөгө таандык эмес»,— деп жооп берди+. 37  Пилат ага: «Демек, сен Падыша экенсиң да?» — деди. Иса: «Падыша экенимди өзүң айтып жатасың+. Мен чындык жөнүндө күбөлөндүрүш үчүн төрөлүп, ошол үчүн дүйнөгө келгем+. Ким чындык тарапта болсо+, ал менин үнүмө кулак салат»+,— деп жооп берди. 38  Пилат ага: «Чындык деген эмне?» — деди. Анан кайрадан жүйүттөрдүн алдына чыгып, аларга: «Мен андан эч кандай айып тапкан жокмун+. 39  Салтыңар боюнча, силерге пасах майрамында бир кылмышкерди бошотуп берчү эмес белем+. Жүйүттөрдүн Падышасын бошотуп беришимди каалайсыңарбы?» — деди. 40  Ошондо алар: «Аны эмес, Барабаны!» — деп кайрадан кыйкыра башташты. Бараба болсо каракчы эле+.

Шилтемелер