Матай 4:1—25
4 Андан кийин Иса рухтун жетеги менен ээн талаага барды+. Ал жерден Ибилис* аны азгырганга аракет кылды+.
2 Иса кырк күн, кырк түн орозо кармап+, акырында ачка болду.
3 Ошондо Азгыруучу+ келип, ага: «Эгерде Кудайдын уулу* болсоң+, анда бул таштарга нанга айланууну буйрук кылчы»,— деди.
4 Иса ага: «Ыйык Жазмада: „Адам нан менен гана эмес, Жахабанын оозунан чыккан ар бир сөз менен да жашайт“+,— деп жазылган»,— деп жооп берди.
5 Анан Ибилис аны ыйык шаарга*+ алып барып, ибадаткананы курчап турган дубалдын үстүнө чыгарды да:
6 «Эгерде Кудайдын уулу болсоң, боюңду төмөн таштачы+, анткени Ыйык Жазмада: „Ал өзүнүн периштелерине буйрук кылат, бутуң ташка урунбашы үчүн, алар сени колуна көтөрүп кетишет“,— деп жазылган эмеспи»,— деп айтты+.
7 Иса ага: «Ыйык Жазмада: „Кудайың Жахабаны сынаба“,— деп да жазылган»,— деди+.
8 Андан кийин Ибилис аны абдан бийик тоого алып чыгып, дүйнөдөгү бардык падышалыктарды+ жана алардын даңкын көрсөттү.
9 Анан: «Эгер чөгөлөп, мага бир эле жолу сыйынып койсоң+, ушунун баарын сага берем»,— деп айтты+.
10 Иса ага: «Кет жанымдан, Шайтан! Анткени Ыйык Жазмада: „Кудайың Жахабага сыйын+, ага гана+ ыйык кызмат кыл“+,— деп жазылган»,— деп жооп берди.
11 Ошондо Ибилис анын жанынан кетти+. Анан периштелер келип, Исага кызмат кыла башташты+.
12 Жакандын камакка алынганын угуп+, Иса Галилеяга кетти+.
13 Андан соң Назареттен чыгып, Забулун жана Напталы аймактарындагы+, деңиз жээгиндеги Капернаумга барып+, ошол жерде болду.
14 Ошондо Ышая пайгамбар айткан төмөнкү сөздөр аткарылды:
15 «Оо, башка элдер отурукташкан Галилея!+ Деңизди көздөй кеткен жолдогу, Иордандын аркы өйүзүндөгү Забулун жана Напталы жерлери!
16 Караңгылыкта отурган эл+ улуу жарыкты көрдү+, өлүм көлөкөсүндө отургандарга жарык+ тийди»+.
17 Ошол убактан тартып Иса: «Өкүнгүлө+, анткени асман Падышалыгы жакындап калды»,— деп кабар айта баштады+.
18 Галилея деңизин* бойлоп баратып ал Петир+ деп да коюшкан Симонду+ жана анын бир тууганы Андрести көрдү. Балыкчы болгондуктан ал экөө деңизге тор салып жатышкан эле.
19 Иса аларга: «Менин артыман жүргүлө, мен силерди адам уулоочу кылам»,— деди+.
20 Алар ошол замат торлорун таштап+, анын артынан жөнөштү.
21 Андан ары баратып Иса дагы эки бир тууганды — кайыкта атасы Зебедей менен торлорун оңдоп жаткан Жакып менен Жаканды+ — көрүп+, аларды да чакырды.
22 Ошол замат алар кайыкты, атасын калтырып, анын артынан жөнөштү.
23 Иса бүт Галилеяны+ аралап+, синагогаларда* элди окутуп+, Падышалык жөнүндөгү жакшы кабарды* жарыялап, ар кандай оору-дарттарды айыктырып жүрдү+.
24 Ал тууралуу кабар бүт Сирияга тарады+. Эл ага оорулуу кишилердин баарын: ар кандай дарттардан кыйналгандарды+, жин оорусу барларды, талмасы барларды+, шал болгондорду алып келип жатты. Иса алардын баарын айыктырды.
25 Аны Галилеядан+, Декаполистен, Иерусалимден+, Жүйүт жеринен жана Иордандын аркы өйүзүнөн келген көп эл ээрчип жүрдү.
Шилтемелер
^ 1 896-беттеги «Сөздүктү» кара.
^ Кара: 3-тирк.
^ Б. а. Иерусалимге.
^ Чындыгында, көл болгон. Ыйык Китепте ал Генисарет көлү, Галилея деңизи жана Тиберия деңизи деп да аталат.
^ 1 896-беттеги «Сөздүктү» кара.
^ 1 896-беттеги «Сөздүктү» кара.