Матай 20:1—34

20  Анткени асман Падышалыгы таң заарда жүзүмзарына+ жумушчуларды жалдаганы чыккан кишиге окшош.  Күнүнө бир динардан+ төлөөгө макулдашкандан кийин ал жумушчуларды жүзүмзарына жиберди.  Үчүнчү саат+ чамасында* кайра чыгып, базар аянтында+ жумушсуз тургандарды көрдү да,  аларга: „Силер да жүзүмзарыма баргыла. Акыңарды төлөп берем“,— деди.  Алар иштегени кетишти. Жүзүмзардын ээси алтынчы*+, анан тогузунчу саат+ чамасында* кайра чыгып, дагы ошентти.  Акырында ал он биринчи саат чамасында* чыгып, дагы башкаларды көрдү да: „Эмнеге бул жерде бир күн кечке жумушсуз турасыңар?“ — деп сурады.  Алар: „Бизди эч ким жумушка жалдаган жок“,— дешти. Ошондо ал: „Силер да жүзүмзарыма баргыла“,— деп айтты+.  Кеч киргенде+, жүзүмзардын ээси чарба башкаруучусуна: „Жумушчуларды чакырып, акыркысынан баштап биринчисине чейин эмгек акысын төлөп бер“,— деди+.  Он биринчи сааттан баштап иштегендер келип, ар бири бир динардан алды. 10  Ошондо биринчи жалдангандар алардан көбүрөөк алабыз деп ойлошту. Бирок алар да бир динардан алышты. 11  Акысын алышкандан кийин алар жүзүмзардын ээсине+ наалып: 12  „Акыркы келгендер бир эле саат иштеди го. Сен болсо керээли кечке ысыкта кыйналып иштеген бизди ошолорго теңеп койдуң!“ — дешти. 13  Ошондо жүзүмзардын ээси алардын бирине: „Дос, мен сага адилетсиздик кылган жокмун. Экөөбүз бир динарга макулдашпадык беле?+ 14  Өз акыңды ал да кете бер. Сага канча берсем, акыркы болуп келген буга да ошончо бергим келет+. 15  Өзүмө таандык нерселерди каалаганымдай пайдаланууга акым жокпу? Же менин жакшылык кылганымды+ көрө албай жатасыңбы?*+ 16  Ошентип, акыркылар биринчи, ал эми биринчилер акыркы болот», — деди+. 17  Иерусалимге баратканда Иса он эки шакиртин бөлүп алып+, аларга: 18  «Мына, биз Иерусалимге баратабыз. Ал жерден адам Уулун жогорку дин кызматчылар менен китепчилердин колуна салып беришет. Алар болсо аны өлтүрүүгө өкүм чыгарып+, 19  бутпарастарга* өткөрүп беришет. Алар аны шылдыңдашат, сабашат, анан устунга кадашат+. Бирок ал үчүнчү күнү тирилет»,— деди+. 20  Андан кийин Зебедейдин аялы уулдары+ менен Исанын жанына келди да, таазим кылып, бир нерселер жөнүндө сурана баштады+. 21  Иса андан: «Каалаганың эмне?» — деп сурады. «Падышалыгыңда бул эки уулумдун бирин оң жагыңа, экинчисин сол жагыңа отургузам деп убада бер»,— деди аял+. 22  Иса анын уулдарынан: «Эмне сурап жатканыңарды өзүңөр билбейсиңер. Мен иче турган чөйчөктөн иче аласыңарбы?»+ — деп сурады. Алар: «Ооба»,— дешти. 23  Ошондо Иса: «Мен иче турган чөйчөктөн ичесиңер+, бирок оң жагым менен сол жагыма кимдердин отурарын мен чечпейм. Ал орундарды Атам кимдерге даярдаса, ошолор отурат»,— деп айтты+. 24  Муну укканда берки он шакирт ал экөөнө ачууланышты+. 25  Иса шакирттерин чакырып алып, мындай деди: «Башкаруучулардын элге үстөмдүк кыларын, аттуу-баштуу адамдардын элдин үстүнөн бийлик жүргүзөрүн билесиңер+. 26  Бирок силердин араңарда андай болбосун+. Араңардан ким чоң болгусу келсе, ал силерге кызматчы болсун+. 27  Араңардан ким биринчи болгусу келсе, ал силерге кул болсун+. 28  Адам Уулу да өзүнө кызмат кылдырыш үчүн эмес, тескерисинче, өзү кызмат кылып+, көптөр үчүн жанын кун катары бериш үчүн келген»+. 29  Алар Жериходон чыгып баратышканда+, Исанын артынан көп эл ээрчип жөнөдү. 30  Жол боюнда отурган эки сокур киши Исанын өтүп баратканын угуп: «Мырзам, Дөөтүнүн Уулу, бизге кайрымдуулук кыла көр!» — деп кыйкырышты+. 31  Эл аларды тыюуга аракет кылды. Бирок ал экөө: «Мырзам, Дөөтүнүн Уулу, бизге кайрымдуулук кыла көр!» — деп андан бетер катуу кыйкыра башташты+. 32  Иса токтоп, аларды чакырды да: «Силерге эмне кылып берейин?» — деп сурады. 33  Алар: «Мырзам, көзүбүз көрсүнчү»,— дешти+. 34  Исанын боору ооруп, алардын көзүнө колун тийгизгенде+, экөө тең ошол замат көрүп калды. Анан алар Исанын артынан ээрчип жөнөштү+.

Шилтемелер

Эртең мененки саат тогуздарда.
Түшкү саат он экилерде.
Саат үчтөрдө.
Саат бештерде.
Сөзмө-сөз: «ак көңүл болгонум үчүн көзүң жаманбы?»
Жүйүт эместер.