Забур 104:1—35
104 Жахабаны алка, оо, жаным+.Оо, Жахаба Кудайым, сен укмуштуудай улуусуң+.Сен кадыр-баркка, көрккө ороносуң+.
2 Жарыкты кийимдей киесиң+,Асманды чатырдай жаясың+.
3 Турак жайыңды булуттардын үстүнө курасың+,Булуттарды араба кыласың+,Шамалдын канаттарынын үстү менен басасың+.
4 Периштелериңди шамал*+,Кызматчыларыңды жалмаган от кыласың+.
5 Сен жерди бекем пайдубалга орнотконсуң+,Ал кылымдан кылымга, түбөлүктөн түбөлүккө козголбойт+.
6 Сен суу туңгуюктарын жер бетине кийимдей кылып жапкансың+,Сууларды тоолордун үстүнө тургузгансың+.
7 Сенин буйругуңдан суулар качкан+,Күркүрөгөн үнүңөн дүрбөлөңгө түшкөн,
8 Алар сен даярдап койгон жерге качкан.Тоолор көтөрүлгөн+,Өрөөндөр чөккөн.
9 Сен сууларга чек койгонсуң; алар андан чыкпайт+,Жерди кайра каптабайт+.
10 Сен өзөндөрдөн булактарды чыгарасың+,Алар тоо аралап агат.
11 Алардан талаа жаныбарларынын баары ичет+,Зебралар+ суусунун кандырып турат.
12 Алардын жанына асман куштары түнөйт+,Шактардын арасынан үн салышат+.
13 Сен тоолорду үйүңдүн үстүнкү бөлмөлөрүнөн сугарасың+,Иштериңдин жемишине жер тоёт+.
14 Жаныбарлар үчүн көк чөп+,Адамзат үчүн өсүмдүк өстүрөсүң+,Жерден азык чыгарасың+.
15 Адамдын жүрөгүн шаттанткан шарапты+,Жүзүн жылтыраткан зайтун майын+,Жүрөгүн кубаттандырган нанды бересиң+.
16 Жахабанын дарактары,Өзү отургузган Лебанон бал карагайлары жакшы сугарылат+.
17 Алардын арасына чымчыктар уя салат+,Арчалар илегилекке үй болот+.
18 Бийик тоолор+ — тоо текелердин жайы+,Аскалар — тоо дамандарынын* баш маанасы+.
19 Сен айды убакытты белгилөө үчүн жараткансың+;Күн да өзүнүн батар жайын билет+.
20 Түн болушу үчүн, караңгылык каптатасың+;Түн ичинде бүт токой жаныбарлары жортуп жүрөт.
21 Жалдуу жаш арстандар арылдап жем издейт+,Алар Кудайдан тамак сурайт+.
22 Күн нурун чачканда+, алар көздөн кайым болот,Жашыруун жайларында жатат.
23 Ошондо адам иштерин улантуу үчүн чыгат+,Кечке чейин иштейт+.
24 Жасаган иштериң кандай көп, оо, Жахаба!+Сен баарын акылмандык менен жараткансың+.Жер сенин колуңан бүткөн нерселерге толгон+.
25 Мына, чалкыган зор деңиз+.Андагы тирүү жандыктарга+,Чоң-кичине жаныбарларга сан жетпейт+.
26 Анда кемелер жүрөт+,Сен жараткан лебиатан*+ оюн салат+.
27 Бардыгы+ сени,Өз маалында тамак беришиңди күтөт+.
28 Алар бергениңди жейт+.Колуңду ачканда, берекеңе тоёт+.
29 Жүзүңдү жашырсаң, алардын тынчы кетет+.Өмүр демин алсаң+, өлүшөт да,Топуракка кайтышат+.
30 Рухуңду жиберсең, алар жаратылат+,Сен жер бетин жаңыртасың.
31 Жахабанын даңкы түбөлүктүү+.Жахаба өз иштерине кубанат+.
32 Ал жерди караганда, жер титирейт+,Тоолорго тийгенде, алар түтөйт+.
33 Мен Жахабаны өмүр бою даңктап ырдайм+,Тирүү турганымда Кудайымды ыр менен даңазалайм+.
34 Кудай жөнүндө ой жүгүрткөнүм ага жаксын+.Мен Жахабанын иштерине кубанам+.
35 Күнөөкөрлөр жер үстүнөн жок кылынат+,Ыймансыздар ойрон болот+.Оо, жаным, Жахабаны алка. Жахты даңктагыла!+