Накыл сөздөр 25:1—28

25  Булар да Жүйүт падышасы Хискиянын+ кишилери көчүрүп жазган Сулаймандын накыл сөздөрү+.  Кудайдын даңкы — ишти жашыруун сактоо+, ал эми падышалардын даңкы — ишти изилдөө+.  Асман бийиктиги+, жер тереңдиги+ жана падышалардын жүрөгү изилденгис+.  Күмүштөн кошундуну ажырат, ошондо чылк күмүш чыгат+.  Падышанын жанындагы ыймансызды кетир+, ошондо анын тактысы адилдик менен бекемделет+.  Падышанын алдында өзүңө урмат-сый ыйгарба+, улуу адамдардын ордуна турба+.  Өзүң тааныган аттуу-баштуу кишинин алдында кемсинтилгениңден көрө+, падышанын сага: «Бери өт»,— деп айтканы жакшы+.  Соттошууга шашпа. Болбосо, акыр-аягы, жакының басырынтса, эмне кыласың?+  Жакының менен талашыңды териштир+, бирок бирөөнүн сырын ачпа+. 10  Болбосо уккан киши сени уятка калтырат да, жамандап айткан сөздөрүңдү артка кайрый албай каласың. 11  Өз учурунда айтылган сөз күмүш идиштеги алтын алмадай+. 12  Алтын сөйкө менен таза алтындан жасалган жасалга кандай болсо, акылдуу ашкерелөөчү да уккан кулакка ошондой+. 13  Ишенимдүү кабарчы аны жибергендер үчүн оруу-жыюу маалындагы кардын салкын илебиндей+. Ал мырзаларынын жанын кубаттайт+. 14  Бербеген белеги менен мактанган киши жаансыз булут менен шамалдай+. 15  Чыдамдуулук менен башчыны да ынандырууга болот, жумшак тил сөөктү сындырат+. 16  Бал таптыңбы?+ Канча керек болсо, ошончо же; ашыра тоюп алсаң, кусасың+. 17  Жакыныңдын үйүнө көп бара бербе, болбосо ал жадап, сени жек көрүп калышы мүмкүн. 18  Жакынына каршы күбөгө өтүп, жалаа жапкан киши союлдай, кылычтай, курч жебедей+. 19  Сынган тиш менен аксаган бут кандай болсо, алаамат күнү ишенимсиздик көрсөткөн кишиге таянуу да ошондой+. 20  Күн суукта кийимин чечкен киши шакарга кычкыл шарап куйганга, кайгылуу жүрөккө ыр ырдаганга окшош+. 21  Сени жек көргөн бирөө ачка болсо, жегенге нан бер. Суусап турса, ичкенге суу бер+. 22  Ошондо анын башына чок үйөсүң+, Жахаба болсо сага тиешеңди берет+. 23  Түндүктөн соккон шамал, толгоо тартып төрөгөндөй, нөшөр төктүрөт+, ал эми жашыруун сырды ачкан тил айыпталат+. 24  Ажаан аял менен бир үйдө жашагандан көрө, үйдүн чатырынын бир бурчунда жашаган артык+. 25  Чарчап-чаалыккан жанга муздак суу кандай болсо+, алыскы жерден келген жакшы кабар да ошондой+. 26  Ыймансыздын алдында адил адамдын олку-солку болгону булактын ылайланганына, кудуктун бузулганына барабар+. 27  Балды өтө көп жеген жакшы эмес+. Өздөрүнө даңк издеген адамдардын даңкы да даңкпы?+ 28  Талкаланган, дубалы жок шаар кандай болсо, өзүн башкара албаган адам да ошондой+.

Шилтемелер