Элчилер 5:1—42

5  Анания деген бир киши аялы Сафира экөө мүлкүн сатып,  түшкөн акчанын бир бөлүгүн катып койду (муну аялы да билчү), ал эми калганын элчилерге алып келди+.  Ошондо Петир ага: «Анания, эмне үчүн Шайтанга жүрөгүңдөн орун берип+, ыйык рухка+ калп айттың?+ Эмнеге жериңдин акчасынын бир бөлүгүн катып койдуң?  Сатканга чейин жериң өзүңдүкү эмес беле? Аны сатканда түшкөн акча деле өзүңдүкү эмес беле? Эмне үчүн жүрөгүңдө ушундай иш кылууну ойлодуң? Сен адамдарга эмес, Кудайга+ калп айттың»,— деди+.  Анын сөздөрүн угары менен Анания жерге кулап, мүрт кетти+. Муну уккандардын баарын катуу коркунуч басты+.  Жигиттер туруп, аны кепиндегенден кийин+ тышка алып чыгып, көмүштү.  Үч сааттай өткөндөн кийин аялы келди. Ал эмне болгонун биле элек болчу.  Петир андан: «Жериңерди ушунчага саттыңар беле?» — деп сурады. Ал: «Ооба, ошончого сатканбыз»,— деп жооп берди.  Ошондо Петир ага: «Эмнеге Жахабанын рухун сынаганы+ сүйлөшүп алгансыңар? Мына, күйөөңдү көмгөндөр босогодо турушат. Азыр сени да алып чыгышат»,— деди. 10  Ошол замат аял анын бут алдына жыгылып, мүрт кетти+. Жигиттер ичкери кирип, анын өлүп жатканын көрүштү. Анан аны тышка алып чыгып, күйөөсүнүн жанына көмүштү. 11  Муну уккандардын баарын, бүт жыйналышты катуу коркунуч басты. 12  Элчилер эл арасында көптөгөн керемет-жышаандарды көрсөтүп жатышты+. Ошондой эле баары бир ой-тилек менен Сулаймандын катар түркүктөрү деп аталган жайда+ чогулуп жүрүштү. 13  Башкалар аларга кошулууга даай алышкан жок+. Жалпы эл болсо аларды даңазалап жатты+. 14  Андан тышкары, Мырзабызга ишенген эркек-аялдардын саны көбөйгөндөн көбөйө берди+. 15  Эл Петир өтүп баратканда кимдир бирөөнө, жок дегенде, көлөкөсү түшсүн деп, оорулууларды төшөнчүсү, замбили менен кошо көтөрүп чыгып, чоң көчөлөргө жаткырып жатышты+. 16  Ошондой эле Иерусалимдин тегерегиндеги шаарлардан көптөр оорулууларды, жиндердин айынан азап чегип жүргөндөрдү көтөрүп келип жатышты. Алардын бардыгы айыгып жатты. 17  Ошондо башкы дин кызматчы менен анын жанындагылардын баары — ошол кездеги садукейлердин сектасы* — көрө албастык кылып+, 18  элчилерди кармашты да, түрмөгө камап коюшту+. 19  Бирок түн ичинде Жахабанын периштеси+ түрмөнүн эшиктерин ачып+, аларды сыртка чыгарды да: 20  «Ибадатканага барып, элге келечектеги жашоо жөнүндө мындан ары да айта бергиле»,— деди+. 21  Бул сөздөрдү уккандан кийин алар эртең менен эрте ибадатканага кирип, элди окута башташты. Ошол учурда башкы дин кызматчы менен анын жанындагылар келип, Синедрионду жана ысрайыл элинин аксакалдар жыйынын чакырышты да+, элчилерди алып келиш үчүн түрмөгө сакчыларды жиберишти. 22  Бирок сакчылар түрмөгө барып, аларды таппай коюшту. Анан кайтып келип: 23  «Биз түрмөнүн эшиктери бекем бекитилип, алдында сакчылар турганын көрдүк, бирок ачып кирип, ичинен эч кимди тапкан жокпуз»,— дешти. 24  Муну укканда ибадаткананын күзөт башчысы менен жогорку дин кызматчылар эми эмне болот дешип, баштары маң болуп жатты+. 25  Ошол учурда бир киши келип, аларга: «Силер түрмөгө камап койгон кишилер ибадатканада элди окутуп жатышат»,— деди+. 26  Ошондо ибадаткананын күзөт башчысы сакчылар менен барып, аларды күч колдонбой алып келишти, анткени таш бараңга алып коёт деп элден коркушту+. 27  Элчилерди Синедриондун залына алып киришти. Башкы дин кызматчы аларды суракка алып: 28  «Биз силерге ал кишинин атынан окутпагыла деп тыюу салбадык беле+. Силер болсо окууларыңарды бүт Иерусалимге жайылтып+, бизди анын өлүмүнө күнөөлүү кылгыңар бар»,— деди+. 29  Ошондо Петир менен башка элчилер мындай дешти: «Биз адамдарга эмес, биринчи кезекте башкаруучубуз Кудайга баш ийишибиз керек+. 30  Ата-бабаларыбыздын Кудайы силер устунга кадап өлтүргөн+ Исаны тирилтти+. 31  Ысрайыл эли өкүнүп+, күнөөлөрү кечирилиши үчүн+, Кудай Исанын зоболосун көтөрүп, өзүнүн оң жагына+ Башчы+ жана Куткаруучу+ кылып отургузду. 32  Буга биз өзүбүз күбөбүз+, ошондой эле Кудай өзүнө баш ийгендерге берген ыйык рух+ күбө». 33  Муну укканда тигилер каарданып, элчилерди өлтүрмөкчү болушту+. 34  Ошондо элдин баары урматтаган Мыйзам окутуучу, Гамалеил+ деген фарисей, Синедриондун алдына чыгып, элчилерди бир аз убакытка тышка чыгарууну буйруду+. 35  Анан мындай деди: «Ысрайылдыктар+, буларга каршы көргөнү жаткан чараңар жөнүндө жакшылап ойлонуп көргүлө. 36  Мындан бир аз мурунураак өзүн улуу адам кылып көрсөтүп+, Теда деген бирөө чыккан. Ага 400гө жакын киши кошулган+. Бирок аны өлтүрүп кетишкенде, аны ээрчигендердин баары чачырап кеткен. 37  Андан кийин эл каттоо убагында+ галилеялык Жүйүт чыгып, артынан көптөрдү ээрчиткен. Бирок ал да жок болуп, жолдоочуларынын баары туш-тушка чачырап кетишкен. 38  Ошондуктан азыр силерге айтарым, буларды жайына койгула, анткени бул ой-максат же иш адамдардыкы болсо, оңунан чыкпайт+. 39  Ал эми Кудайдыкы болсо+, аны силер буза албайсыңар+. Абайлагыла, Кудайга каршы чыккандардан болуп калбагыла»+. 40  Алар анын айтканына көнүштү. Анан элчилерди чакыртышты да, сабаткандан кийин+ Исанын атынан сүйлөөгө тыюу салып+, коё беришти. 41  Элчилер болсо Исанын ысмы үчүн кордук көрүшкөнүн+ сыймык катары көрүп, Синедриондон кубанып чыгып кетишти+. 42  Алар күн сайын элди ибадатканада жана үймө-үй кыдырып+ окутуп+, Машаяк Иса жөнүндөгү жакшы кабарды жарыялай беришти+.

Шилтемелер

1 896-беттеги «Сөздүктү» кара.