Забур 37:1—40

Дөөтүнүн забуру. א [Алеф] 37  Жамандык кылгандарды көрүп кыжырланба+,Ыймансыздык кылгандарга көз артпа+.  Анткени алар чөп сыяктуу тез эле куурап+,Көк чөптөй соолуп калышат+. ב [Бет]  Жахабага таян, жакшылык кыл+,Жер бетинде жашап, ишенимдүүлүгүңөн жазба+.  Жахабадан кубаныч алып, ырахаттан+,Ошондо ал жүрөгүңдөгү ой-тилектерди орундатат+. ג [Гимел]  Жолуңду Жахабага тапшыр+,Ага таян+, ошондо ал өзү иш-аракет кылат+.  Адилдигиңди жарыктай+,Адилеттүүлүгүңдү чак түштөй кылат+. ד [Далет]  Жахабанын алдында унчукпа+,Аны чыдамсыздык менен күт+.Өз жолунда ийгиликке жеткен бирөөгө+,Ойлорун ишке ашырган адамга кыжырланба+. ה [Хе]  Ачууңду тый, каарыңды бас+,Жамандыкка барбаш үчүн кыжырланба+.  Анткени жамандык кылгандар кырылат+,Ал эми Жахабага үмүт арткандар жерди мураска алат+. ו [Вав] 10  Дагы бир аздан кийин ыймансыз жок болот+,Ордун карап, аны таппай каласың+. 11  Ал эми мүнөзү жумшактар жерди мураска алышат да+,Мол тынчтыкка ырахаттанышат+. ז [Зайин] 12  Ыймансыз адил адамга каршы жамандык ойлойт+,Ага тишин кычыратат+. 13  Бирок Жахаба ага күлөт+,Анткени анын өлөр күнү жакындап калганын көрүп турат+. ח [Хет] 14  Бей-бечара менен жакырды сулатуу үчүн+,Түз жолдо жүргөндөрдү өлтүрүү үчүн+,Ыймансыздар кылычын сууруп чыгышты, жааларын ийишти+. 15  Бирок кылычтары өз жүрөктөрүнө сайылат+,Жаалары талкаланат+. ט [Тет] 16  Адил адамдын аз нерсеси+Ыймансыздардын молчулугунан артык+. 17  Анткени ыймансыздардын колу сынат+,Ал эми адил адамдарды Жахаба колдойт+. י [Йод] 18  Жахаба кынтыксыздардын күндөрүн билет+,Алардын мурасы түбөлүккө калат+. 19  Алар алаамат учурунда уятка калышпайт+,Ачарчылык күндөрү ток болушат+. כ [Каф] 20  Ал эми ыймансыздар жок болушат+,Жахабанын душмандары жайыттын шибер чөбүндөй куурап калышат,Алар түтүндөй тарап+, жок болушат+. ל [Ламед] 21  Ыймансыз карыз алат да, кайрып бербейт+,Ал эми адил адам кайрымдуу, берешен келет+. 22  Кудайдын батасын алгандар жерди мурасташат+,Ал эми каргышына калгандар кырылып жок болушат+. מ [Мем] 23  Жахаба адамдын кадамдарын туруктуу кылат+,Анын жолу Ага ырахат тартуулайт+. 24  Ал жыгылып баратса да, кулабайт+,Анткени Жахаба аны колунан кармап турат+. נ [Нун] 25  Мен жаш элем, эми карыдым+,Бирок Кудайдын адил адамды калтырып койгонун+Же анын урпактарынын нан сурап жүргөнүн көргөн жокмун+. 26  Ал күнүгө жакшылык кылат, карыз берет+,Ошондуктан анын урпактарына бата тиет+. ס [Самех] 27  Жамандыктан алыс бол, жакшылык кыл+,Ошондо түбөлүк жашайсың+. 28  Анткени Жахаба адилеттикти сүйөт+,Өзүнүн берилген кызматчыларын таштабайт+. ע [Айин] Аларды кылымдар бою коргоп жүрөт+,Ал эми ыймансыздардын тукуму кырылып жок болот+. 29  Адил адамдар жерди мураска алып+,Жер бетинде түбөлүк жашашат+. פ [Пе] 30  Адил адамдын оозунан акылмандык чыгат+,Тили адилеттикти сүйлөйт+. 31  Кудайынын мыйзамы анын жүрөгүндө+,Анын буту олку-солку болбойт+. צ [Цаде] 32  Ыймансыз адам адил адамды аңдып+,Аны өлтүрүүнүн жолун издейт+. 33  Бирок Жахаба аны ыймансыздын колуна салып бербейт+,Сотто айыпка жыкпайт+. ק [Коф] 34  Жахабага үмүт арт, анын жолунан чыкпа+,Ошондо, жерди мураска алышың үчүн, ал сени жогорулатат+.Сен ыймансыздардын кырылып жатканын өз көзүң менен көрөсүң+. ר [Реш] 35  Мен ыймансыз, зулум адамды көрдүм+,Ал өз топурагында шагын жайып өскөн дарактай эле+. 36  Бирок ал көздөн кайым болду, жок болду+.Мен аны издеп, таппай калдым+. ש [Шин] 37  Кынтыксыз адамды байкап жүр, чынчылдан көзүңдү алба+,Анткени анын келечеги — тынчтык+. 38  Ал эми мыйзамды бузгандар жок кылынат+,Ыймансыздардын келечеги ойрон болот+. ת [Тав] 39  Жахаба адил адамдарды куткарат+,Кыйынчылык учурунда аларга чеп болот+. 40  Жахаба аларга жардам берет, аларды коргойт+.Андан баш маана издешкендиктен+,Аларды ыймансыздардан куткарат, сактайт+.

Шилтемелер