Жакан 1:1—51
1 Башында+ Сөз болгон+, Сөз Кудай менен болгон+ жана Сөз Кудайдай болгон+.
2 Ал башында+ Кудай менен болгон+.
3 Бардыгы ал аркылуу жаратылган+, ансыз эч нерсе жаратылган эмес.
4 Ал аркылуу өмүр пайда болгон+. Өмүр адамдар үчүн жарык болгон+.
5 Жарык караңгылыкта жаркырап турат+; караңгылык аны жеңе албайт.
6 Кудай жиберген бир киши келди+. Анын аты Жакан эле+.
7 Ал күбөлөндүргөнү+, ар кандай адамдар анын айткандарынын негизинде ишенип калышы үчүн+, жарык жөнүндө күбөлөндүргөнү келди+.
8 Ал өзү жарык эмес эле+, бирок жарык жөнүндө күбөлөндүрдү+.
9 Бардык адамдарга+ тийген чыныгы жарык+ дүйнөгө келгени жаткан+.
10 Ал дүйнөдө болгон+ жана дүйнө ал аркылуу жаратылган+, бирок дүйнө аны тааныган жок.
11 Ал өз элине келди, бирок алар аны кабыл алышкан жок+.
12 Кабыл алгандарга+ болсо ал Кудайдын балдары болууга укук берди+, анткени алар анын ысмына ишеништи+.
13 Алар кандан эмес, дененин каалоосу же пенденин эрки менен эмес, Кудайдан төрөлүштү+.
14 Сөз адам болуп+, арабызда жашады. Биз анын даңкын, жалгыз уул+ катары атасынан алган даңкын, көрдүк. Ал дайыма ырайымдуулук* көрсөтүп, чындыкты сүйлөгөн+.
15 Жакан ал жөнүндө күбөлөндүрүп: «Артымдан келаткан менин алдыма чыкты, анткени ал мага чейин эле болгон»+,— деп жар салган.
16 Ал чексиз+ ырайымдуу болгондуктан, баарыбыз ырайым артынан ырайым көрүп келдик+.
17 Анткени Мыйзам Муса аркылуу берилсе+, ырайым+ менен чындык+ Иса Машаяк аркылуу айкын болду.
18 Кудайды бир да адам көргөн эмес+. Аны бизге Атасына эң жакын болгон*+, табияты боюнча ага окшош болгон жалгыз Уулу+ таанытты+.
19 Жүйүттөр Иерусалимден дин кызматчылар менен лебилерди: «Сен кимсиң?» — деп Жакандан сураганы жиберишкенде+,
20 Жакан жооп бергенден качпай: «Мен Машаяк эмесмин»,— деп ачык айтты+.
21 Алар: «Анда кимсиң? Илияссыңбы?» — деп сурашты+. «Жок»,— деди ал. «Пайгамбарсыңбы?»+ — деп сурашканда да, Жакан: «Жок!» — деп жооп берди.
22 Ошондо алар: «Анда кимсиң? Бизди жибергендерге жооп бергидей бололу. Өзүң жөнүндө эмне дейсиң?» — дешти+.
23 Жакан: «Ышая пайгамбар айткандай, мен ээн талаада: „Жахабанын* жолун түздөгүлө“,— деп жар салып жүргөндүн өзүмүн»,— деп айтты+.
24 Ал кишилерди фарисейлер жиберген эле.
25 Алар Жакандан: «Эгер Машаяк да, Илияс да, Пайгамбар да болбосоң, анда эмнеге элди чөмүлтүп жатасың?»+ — деп сурашты.
26 Жакан аларга: «Мен сууга чөмүлдүрүп жатам. Бирок араңарда+ силер тааныбаган бирөө бар+.
27 Ал менин артымдан келатат. Мен анын сандалынын боосун чечүүгө да татыксызмын»,— деп жооп берди+.
28 Бул окуя Жакан элди чөмүлдүргөн жерде+, Иордан дарыясынын аркы өйүзүндөгү Бетанияда* болду.
29 Кийинки күнү Жакан өзүн көздөй келаткан Исаны көрүп: «Мына, Кудайдын Козусу!+ Ал бул дүйнөнү+ күнөөдөн арылтат+.
30 „Артымда келаткан бирөө менин алдыма чыкты, анткени ал мага чейин эле болгон“+,— деп ушул жөнүндө айткам.
31 Мен аны таанычу эмесмин. Бирок ал ысрайыл элине таанылышы үчүн, сууга чөмүлдүргөнү келдим»,— деди+.
32 Анан күбөлөндүрүүсүн мындай деп улантты: «Ыйык рухтун асмандан көгүчкөндөй болуп түшүп, ага конгонун көрдүм+.
33 Мен аны таанычу эмесмин. Бирок мени элди сууга чөмүлдүрүүгө жибергендин өзү+: „Ыйык рухтун асмандан түшүп, кимге конгонун көрсөң, ыйык рух менен чөмүлдүрүүчү — ошол“,— деп айткан+.
34 Мен муну көрүп, анын Кудайдын Уулу экенин күбөлөндүрдүм»+.
35 Эртеси күнү да Жакан эки шакирти менен турган эле.
36 Исанын келатканын көрүп, ал: «Мына, Кудайдын Козусу!» — деди+.
37 Муну укканда эки шакирти тең Исаны ээрчип жөнөдү.
38 Иса артына бурулуп, алардын ээрчип келатканын көрүп: «Эмнени издеп жүрөсүңөр?» — деп сурады. Алар: «Рабби, кайсы жерде турасың?» — деп сурашты. («Рабби» деген сөз «устат» дегенди билдирет.)
39 Ал: «Жүргүлө, өзүңөр барып көргүлө»,— деди+. Алар барып, анын кайсы жерде турарын көрүштү да, ошол күнү аны менен калышты. Бул онунчу* саат чамасында болду.
40 Жакандын сөздөрүн угуп, Исанын артынан ээрчиген эки шакирттин бири Симон Петирдин бир тууганы Андрес эле+.
41 Ал адегенде бир тууганы Симонду таап, ага: «Биз Машаякты таптык»,— деди+. («Машаяк» деген сөз «майланган» дегенди билдирет.)+
42 Анан аны Исага ээрчитип келди. Иса аны карап+: «Сен Жакандын уулу+ Симонсуң+. Мындан ары сенин атың Кейфа болот»,— деди. («Кейфа» — грекче «Петир»*.)+
43 Эртеси күнү Иса Галилеяга бармакчы болду. Ал Филипти+ таап: «Менин жолдоочум бол»,— деди+.
44 Филип да Андрес менен Петир жашаган Бетсаида+ шаарынан эле.
45 Ал Натанаелди+ таап: «Биз Мусанын Мыйзамында+ жана пайгамбарлардын жазууларында+ айтылган кишини — Жусуптун+ уулу назареттик Исаны — таптык»,— деп айтты.
46 Бирок Натанаел: «Назареттен жакшы бир нерсе чыкмак беле?» — деп койду+. Филип ага: «Жүр, өзүң көр»,— деди.
47 Иса өзүн көздөй келаткан Натанаелди көрүп: «Куулугу жок, накта ысрайылдык мына ушул»,— деди+.
48 Натанаел андан: «Сен мени кайдан билесиң?» — деп сурады. Иса: «Филип сени чакыра электе, мен сени анжир дарагынын түбүндө отурганыңда көргөм»,— деди.
49 Ошондо Натанаел: «Устат, сен Кудайдын Уулусуң+, Ысрайылдын Падышасысың»,— деп айтты+.
50 Иса ага: «Сени анжир дарагынын түбүнөн көргөнүмдү айтканым үчүн эле ишенип калдыңбы? Мындан да көп нерселерди көрөсүң»,— деди.
51 Анан: «Силерге чындыкты айтып коёюн, асмандын ачылганын жана Кудайдын периштелеринин+ ал жакка көтөрүлүп, кайра адам Уулуна түшүп жатканын көрөсүңөр»,— деп айтты+.
Шилтемелер
^ Же: «Кудайдын ырайымын».
^ Сөзмө-сөз: «Атасынын көкүрөгүндөгү».
^ Кара: 2-тирк.
^ Иерусалимдин жанындагы Бетания эмес.
^ Күн чыккандан баштап эсептегенде, болж. м-н түштөн кийинки саат төрт.
^ Бул ысым «аска таш» дегенди билдирет.