Мазмунун көрсөтүү

Ыйык Китепте кыз Мариям жөнүндө эмне деп айтылат?

Ыйык Китепте кыз Мариям жөнүндө эмне деп айтылат?

 Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

 Ыйык Китепте Мариямдын эркек көрө элек кезинде эле Исаны төрөгөнү жана ал үчүн бул зор сыймык болгону айтылат. Бул керемет тууралуу алдын ала Ышая китебинде жазылган жана анын кандайча аткарылганы Матай, Лука Инжилдеринде баяндалат.

 Машаяктын кандайча төрөлөрү жөнүндө Ышая: «Кыз кош бойлуу болуп, уул төрөйт, атын Эмануел коёт»,— деп пайгамбарлык кылган (Ышая 7:14). Кудайдын рухунун жетеги менен Инжилди жазган Матай бул пайгамбарлык сөздөр Исаны төрөгөн Мариямга тиешелүү экенин көрсөткөн. Мариямдын кереметтүү жол менен кош бойлуу болгонун айткандан кийин Матай мындай деп кошумчалаган: «Мунун баары Жахабанын өзүнүн пайгамбары аркылуу айткан бул сөздөрү аткарылышы үчүн болду: „Кыз a кош бойлуу болуп, уул төрөйт, атын Эмануел коюшат“. Бул ысым „Кудай биз менен“ дегенди билдирет» (Матай 1:22, 23).

 Инжилди жазган Лука да Мариямдын кереметтүү түрдө боюна бүткөнү жөнүндө баяндаган. Ал: «Кудай Жебирейил периштени... Дөөтүнүн тукумунан чыккан Жусуп менен баш кошууга убадалашып койгон кызга жөнөттү. Анын аты Мариям эле»,— деп жазган (Лука 1:26, 27). Эркек көрө элек кыз экенин Мариям өзү да ырастаган. Ал Исанын, Кудай дайындаган Машаяктын, энеси болорун укканда: «Эркек көрө элек болсом, бул кандайча болот?» — деп сураган (Лука 1:34).

 Эркек көрө элек кыз кандайча бала төрөгөн?

 Мариям ыйык рух аркылуу кош бойлуу болгон. Ыйык рух Кудайдын иш-аракет кылуучу күчүн билдирет (Матай 1:18). Периште Мариямга: «Үстүңө ыйык рух түшөт. Сени Эң Жогорку Кудайдын күчү каптайт. Ошондуктан төрөлө турган бала Кудайдын Уулу b, ыйык деп аталат»,— деп айткан (Лука 1:35). Ооба, Кудай өзүнүн Уулунун өмүрүн Мариямдын жатынына көчүргөн. Ошонун аркасында Мариямдын боюна бүтүп, уул төрөгөн.

 Эмне үчүн эркек көрө эле кыздан төрөлүшү керек болчу?

 Иса адамзатты күнөө менен өлүмдөн куткара алышы үчүн жеткилең болуп төрөлүшү керек болгондуктан, Кудай анын эркек көрө элек кыздан төрөлүшүнө кам көргөн (Жакан 3:16; Еврейлер 10:5). Ошол себептен анын өмүрүн Мариямдын жатынына көчүргөн. Сыягы, эмбрион өрчүп жатканда, жеткилеңсиздик ага өтүп кетпеши үчүн ыйык рух аны коргоп турса керек (Лука 1:35).

 Ошондуктан күнөө кетиргенге чейин жеткилең болгон Адам атага окшоп, Иса да жеткилең болуп төрөлгөн. Ыйык Китепте Иса тууралуу: «Ал эч күнөө кылган эмес»,— деп айтылат (1 Петир 2:22). Иса жеткилең болгондуктан адамдарды күнөө менен өлүмдөн куткарыш үчүн кун төлөй алмак (1 Корунттуктар 15:21, 22; 1 Тиметей 2:5, 6).

 Мариям кыз бойдон калды беле?

 Ыйык Китепте Мариямдын өмүрү өткөнчө кыз бойдон калганы же так өткөнү айтылбайт. Тескерисинче, Мариямдын башка да балдары болгону айтылат (Матай 12:46; Марк 6:3; Лука 2:7; Жакан 7:5).

Ыйык Китепте Исанын көп бир туугандары болгону айтылат

 Мариям күнөөсүз болгонбу?

 Жок. «Жаңы католик энциклопедиясына» ылайык, Мариям күнөөсүз болгон деген окуу мындай деп түшүндүрүлгөн: «Кыз Мариям күнөөсүз болуп төрөлгөн, башкача айтканда, ал бойго бүткөндөн тартып эле ага АДАМ АТАНЫН КҮНӨӨСҮ тукум кууп өткөн эмес. Ал эми бүт адамзатка күнөө өткөн... Мариям ЫЙЫК болгондуктан, ага Адам атанын күнөөсү өткөн эмес» c.

 Бирок Ыйык Китептин бир да жеринде Мариямга Адам атанын күнөөсү тукум кууп өткөн эмес деп айтылбайт (Забур 51:5; Римдиктер 5:12). Муса пайгамбар аркылуу берилген мыйзамга ылайык, жаңы көз жарган энелерден күнөө үчүн курмандык чалуу талап кылынган. Мариям Исаны төрөгөндөн кийин ошондой курмандыкты чалуу менен өзүнүн күнөөкөр пенде экенин айгинелеген (Лебилер 12:2—8; Лука 2:21—24). «Жаңы католик энциклопедиясында»: «Мариям күнөөсүз болгон деген ой Ыйык Китепте жазылган эмес... Бул — чиркөөнүн ой толгоосу»,— деп айтылган.

 Мариямга карата кандай көз карашта болушубуз керек?

 Мариям Кудайды сүйүү, ага бекем ишенүү, баш ийүү, момун болуу жагынан эң сонун үлгү калтырган. Ал биз үлгү алышыбыз керек болгон инсандардын катарына кирет (Еврейлер 6:12).

 Бирок Мариям Исанын энеси катары маанилүү роль аткарса да, Ыйык Китепте ага сыйынышыбыз же андан тиленишибиз керектиги айтылбайт. Иса энесин өзгөчө аздектеп, даңктап-даңазалаган эмес, шакирттерин да ошентүүгө үндөгөн эмес. Кызыктуусу, Инжилдерде жана Элчилер китебинде айтылгандан тышкары, Ыйык Китептин Жаңы Келишим деп белгилүү болгон башка 22 китебинде ал жөнүндө эч нерсе айтылбайт (Элчилер 1:14).

 Ыйык Китепте Исанын биринчи кылымдагы жолдоочуларынын Мариямды аздектемек тургай, ага өзгөчө мамиле кылганы айтылбайт. Анда Кудайга гана сыйынышыбыз керектиги жазылган (Матай 4:10).

a Ышая пайгамбардын айткан сөздөрүндө «жаш кыз» деп берилген альма деген еврей сөзүн эркек көрө элек кызга да, аялга да карата колдонсо болот. Бирок элчи Матай андан да тагыраак маанини туюнткан партенос деген грек сөзүн колдонгон. Ал «эркек көрө элек кызга» карата айтылат.

b Айрымдар «Кудайдын Уулу» деп айткан туура эмес, себеби бул Кудайдын аял менен жыныстык мамиледе болгонун билдирип калат деп ойлошот. Бирок Ыйык Китепте Кудай жөнүндө антип айтылбайт. Иса «бардык жаратылгандардын туңгучу» болгондуктан, атап айтканда, Кудай аны жалгыз өзү жараткандыктан, Ыйык Китепте ал «Кудайдын Уулу» деп аталат (Колосалыктар 1:13—15). Анда Адам атанын да «Кудайдын уулу» болгону айтылат (Лука 3:38). Анткени аны да Кудай жараткан.

c Экинчи басылышы, 7-том, 331-бет.