Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

АЛАРДАН ҮЛГҮ АЛГЫЛА | ДЕБОРА

«Эне катары ордуман турдум»

«Эне катары ордуман турдум»

ДЕБОРА Табор тоосунун башына чогулган жоокерлерди ичи жылып карап турат. Алар жүрөгү тоодой кишилер эле. Алардын башчысы — Кудайга бекем ишенген Барак деген киши. Бүгүн, болгону, 10 000дей болгон ал жоокерлердин эр жүрөктүгү менен ишеними сыналганы турат. Себеби тыңгылыктуу курал-жарагы жок болгонуна карабай жайнап жаткан кара кол менен беттешкени чогулушту. Алардын ушул жерге келишине, көбүнесе, так ушул Дебора аттуу аялдын дем-шык бергени себеп болду.

Таңкы айдарым желге этегин желбиретип бет алдында керилип жаткан өрөөнгө көз чаптырып турган Дебораны жана жанындагы Баракты элестетсеңер. Башы тайпак келген Табор тоосунан түштүк-батышты көздөй созулуп жаткан жана 400 метрдей төмөн жайгашкан Изреил өрөөнү (Ездрилон) алаканга салгандай даана көрүнөт. Кишон өзөнү ал өрөөндүн көк шиберлүү жайытын аралап, Кармел тоосунун этеги менен өтүп, Улуу деңизге куят. Ошол кезде Кишон суусу какшып турса да, кең өрөөн тараптан жыбыраган бир нерселер жалт-жулт этип көрүнөт. Бул жамандыктын жышааны эле. Себеби Табор тоосуна дөңгөлөктөрүнүн огунан жалтылдаган темир чалгылары чыгып турган 900 майдан арабасы бар кылкылдаган эң мыкты аскерин баштап Сисера деген аскер башчы келаткан. Ал начар куралданган ысрайылдыктарды чөп чапкандай чаап салам деп ойлосо керек.

Дебора Барактын жана анын жоокерлеринин андан кандайдыр бир сөздү, белгини, күтүп жатканын билген. Ал миңдеген эркектерден турган аскердин арасында жалгыз аял беле? Өлүм менен беттеше турган ушундай жагдайда ага чоң жоопкерчилик артылгандыктан өзүн кандай сезген? «Аял болуп туруп, бул жакта эмне кылып жүрөм?» — деп ойлоду беле? Жок, ойлобосо керек, анткени ага бул согушту баштоого Жахаба Кудай өзү буйрук берген жана согушту аял аягына чыгарарын алдын ала айткан (Бийлер 4:9). Деборанын жана эр жүрөк жоокерлердин үлгүсүнөн Кудайга болгон ишеним тууралуу эмнени биле алабыз?

«ТАБОР ТООСУНА БАР»

Ыйык Китепте Дебора жөнүндө алгач сөз кылынганда эле анын «пайгамбар аял» болгону айтылат. Мындан Деборанын өзгөчө аял болгонун билүүгө болот *. Пайгамбар болгондон тышкары, ал башка маанилүү ишти да аткарчу. Эл арасында кандайдыр бир талаш маселе көтөрүлгөндө, ал элге ошого карата Кудайдын көз карашын билдирип турчу (Бийлер 4:4, 5).

Дебора Рама менен Бейтел шаарларынын ортосунда жайгашкан Эпрайымдын тоолуу аймагында жашачу. Ал курма дарагынын түбүндө отурчу жана элге Жахаба буйрук кылгандай кызмат кылчу. Дебора ушундай чоң жоопкерчиликти алуудан корккон эмес. Анткени эл Жахабанын жетегине аябай муктаж болчу. Муну Деборанын учурунда чыгарылган ырдан билүүгө болот. Ал ырда Кудайдын элинин андан баш тартып кеткендиги жөнүндө: «Алар жаңы кудайларды тандап алышты, ошондо дарбазалардын алдында согуш болду»,— деп ырдалган (Бийлер 5:8). Ысрайыл эли башка кудайларга сыйынып кеткени үчүн, Жахаба аларды душмандарынын колуна салып берген. Аларды канаандыктардын падышасы Жабин катуу кысымга алган кез эле. Сисера болсо анын аскер башчысы болчу.

Сисера деген атты укканда ысрайыл элинин үрөйү уччу. Канаандыктардын дини да, маданияты да барып турган мыкаачылыгы менен белгилүү болгон: алар балдарын курмандыкка чалышчу. Ибадатканалары болсо сойкулуктун ордосу болчу. Алар ысрайыл жерин бийлеп турганда элдин абалы кандай болгон? Деборанын ырынан эч ким өз жеринде кенен баса албай калганын, айылдарда эл калбай калганын билүүгө болот (Бийлер 5:6, 7). Эл токойлордо, адырларда жашынып, жер иштетүүдөн, чеби жок айылдарда жашагандан коркуп калса керек. Ошондой эле баскынчылар кол салат, балдарын тартып алат, аялдарын зордуктайт *деп, жол жүргөндөн кооптонгон көрүнөт.

Душмандардын эзүүсү 20 жылга, Дебора менен Барактын ырында: «Мен, Дебора... Ысрайылга жардам бериш үчүн эне катары ордуман турганга чейин» — деп ырдалгандай, Жахаба тоң моюн элинин жаман жолунан кайтууга даяр экенин көргөнгө чейин, созулган. Лапидоттун аялы Деборанын балдары болгон-болбогону белгисиз. Кандай болбосун, ал бул сөздөрдү каймана мааниде айткан. Анткени Жахаба Дебораны өз баласын коргогон эне өңдөнүп элин коргоого дайындаган. Ал ага Барак бийге Сисера менен согушушу керектигин айтууну буйрук кылган (Бийлер 4:3, 6, 7; 5:7).

Дебора Баракты Кудайдын элин куткарыш үчүн душманга каршы чыгууга үндөгөн

Жахаба Дебора аркылуу Баракка: «Табор тоосуна бар»,— деп айттырат. Барак Ысрайылдын эки уруусунан 10 000 жоокер чогултушу керек эле. Дебора ага Кудай Сисераны жана анын 900 майдан арабалуу аскерин ысрайылдыктардын колуна салып берерин айтат. Барак буга аябай таң калса керек. Себеби ысрайылдын күчтүү аскери да, жарыткан куралы да жок болчу. Ошентсе да Барак согушууга макул болот, бирок бир шарт коёт: ал Деборанын кошо барышын өтүнөт (Бийлер 4:6—8; 5:6—8).

Ошол өтүнүчүнөн улам айрымдар Барактын Кудайга болгон ишеними күчтүү болгон эмес деп эсептешет. Бирок, байкасаңар, ал Кудайдан курал сураган эмес. Анткени өзүнө жана жоокерлерине кайрат берип туруш үчүн жанында Жахабанын өкүлүнүн болгону маанилүүрөөк экенин түшүнгөн (Еврейлер 11:32, 33). Жахаба Барактын өтүнүчүн орундатып, Деборага да согушка барууга буйрук кылган. Бирок Кудай Баракка анын даңкка ээ болбой турганын айттырган (Бийлер 4:9). Кудай Сисераны аялдын колуна салып берүүнү чечип койгон эле!

Учурда аялдар адилетсиздикке, зордук-зомбулукка, катаал мамилеге көп дуушар болушат. Аларга Кудай каалагандай сый мамиле кылгандар аз. Бирок Кудай аялдарды да, эркектерди да бирдей баалап, бирдей көрөт (Римдиктер 2:11; Галатиялыктар 3:28). Деборанын окуясынан Кудайдын аялдарды да сыймыкка ээ кыларын, жакшы көрөрүн, аларга да ишеним артарын билүүгө болот. Ошондуктан аялдарга карата кеңири жайылган туура эмес көз караштын бизге таасир этишине жол бербешибиз керек.

«ЖЕР СОЛКУЛДАП, АСМАНДАН... СУУ ТӨГҮЛДҮ»

Барак Сисеранын жүрөктүн үшүн алган аскери менен беттешүүгө даяр 10 000 жоокер топтойт. Табор тоосуна ысрайыл аскерин баштап бараткан Барак анын жана жоокерлеринин демине дем кошуп турган таянычы болгонуна аябай сүйүнсө керек. Анткени Ыйык Китепте: «Аны менен кошо Дебора да жөнөдү»,— деп айтылган (Бийлер 4:10). Кудайга бекем ишенгендиктен өз өмүрүн тобокелге салуудан кайра тартпаган ошол тайманбас аялдын коштоп баратканын көргөндө жоокерлердин канчалык кайраттанганын элестетсеңер!

Сисера ысрайылдыктардын ага каршы чыгууга батынганын укканда дароо согушка камына баштайт. Канаандык падышалардын, сыягы, эң күчтүүсү болгон Жабин падышанын аскерине Канаан жериндеги башка падышалардын түмөндөгөн аскерлери кошулат. Ошентип, Сисеранын арабалуу аскерин кошкондо, өрөөн бетин бербей жер дүңгүрөткөн кол топтолот. Алар ысрайылдыктардын аскерин бат эле жайпап саларына кымындай да шектенишпесе керек (Бийлер 4:12, 13; 5:19).

Кара селдей каптап келаткан жоону көргөн Барак менен Дебора эмне кылышкан? Эгер ысрайылдыктар ордунан жылбай Табор тоосунда кала берсе, алда канча кубаттуу канаандыктар менен болгон салгылашта өңүттүү жерден орун алган болмок. Себеби канаандыктардын айтылуу арабаларынын пайдасы түздүктөн гана тиймек. Бирок Барак баарын Жахаба кандай айтса, ошондой кылууга даяр болгон. Ал Деборанын гана сөзүн күтүп турган. Акыры Дебора: «Тур, анткени бүгүн Жахаба Сисераны колуңа салып берет. Жахаба сенин алдыңда баратат»,— деп айтат. Ошондо Барак 10 000 кишиси менен Табор тоосунан түшөт (Бийлер 4:14) *.

Ысрайылдыктар ачык жерде жайнап жаткан кара колду көздөй тоодон сүрүлүп түшүп келе жатышты. Аларды чын эле, Дебора айткандай, Жахаба баштап баратты беле? Бул суроонун жообу бир нече убактан кийин эле айкын болгон. Анткени Ыйык Китепте: «Жер солкулдап, асмандан... суу төгүлдү»,— деп жазылган. Сисеранын аскери дүрбөлөңгө түшөт. Асмандан кара булут салаңдап, жаан көнөктөп төгүп кирет. Өзөндөр заматта сууга толуп, жердин баары баткакка айланат. Ошондо канаандыктардын зилдей оор темир арабалары мыкты курал болбой эле, башына мүшкүл салган жүк болуп, баткакка батып, тыгыла баштайт (Бийлер 4:14, 15; 5:4).

Бирок Барак менен анын жоокерлери ошол күнкү алай-дүлөйдөн коркушкан эмес, себеби анын артында ким турганын эң сонун билишкен. Алар түз эле канаандыктарды качырып кирет. Кудайдын эркин аткарган аскер катары ысрайылдыктар Сисеранын бир да жоокерин тирүү калтырбай кырып салышат. Буркан-шаркан түшүп агып жаткан Кишон суусу канаандыктардын өлүктөрүн Улуу деңизди көздөй агызып кетет (Бийлер 4:16; 5:21).

Дебора алдын ала айткандай, Жахаба өз эли үчүн күрөшүп, Сисеранын аскерин талкалаган

Бүгүнкү күндө Жахаба өзүнүн кызматчыларын кадимки согушка жөнөтпөйт. Бирок ал аларды рухий согушка катышууга үндөйт (Матай 26:52; 2 Корунттуктар 10:4). Эгер биз ага баш ийүүнү кааласак, ошондой согушка катышышыбыз керек. Кудайдын тарабын ээлегендер катуу каршылыкка дуушар болушу мүмкүн болгондуктан, бизден да кайраттуулук талап кылынат. Бирок Жахаба Кудай эч качан өзгөрбөгөндүктөн, Дебора, Барак жана анын жоокерлерине окшоп, ага бекем ишенгендерди, ага таянгандарды азыр да коргоп-колдоп турарына эч шектенбесек болот.

«АЯЛДАРДЫН ИЧИНЕН... ЭҢ КӨП БАТА АЛГАН» АЯЛ

Тилекке каршы, ошол салгылашта канаандыктардын бир жоокери, болгондо да, аскер башчысы Сисера колдон суурулуп кетет! Ал арабасын, баткакка баткан жоокерлерин калтырып, жөө-жалаң качып жөнөйт. Ал ошол тегерекке жакыныраак жашаган жана душманы болбогон бир кишиникине бармакчы болот. Ысрайылдыктардын колуна түшүп калуудан коркуп, жаны кылдын учунда турган Сисера жан талашып ачык талаа менен бир нече чакырым чуркап өтүп, Хебердин конушуна бет алат. Анткени Хебер Жабин падыша менен жакшы мамиледе болчу. Ал өзүнүн көчмөн элинен бөлүнүп, түштүк жакка отурукташкан эле (Бийлер 4:11, 17).

Сисера чарчаганынан бутун тарта албай Хебердикине араң жетет. Бирок анын үйүндө аялы Жаел эле бар болуп чыгат. Жолдошу Жабин падышасы менен жакшы мамиледе болгондуктан, Сисера Жаелдин да ага карата көзү түз деп ойлосо керек. Аял кишинин күйөөсүнөн башкача иш кылышы, ал тургай башкача ойдо болушу анын оюна да келбесе керек. Бирок ал катуу жаңылган! Жаел канаандыктардын ошол жерликтерге көрсөтүп жаткан кордугун билген. Ошол зулум кишиге жардам берүү да, Жахабанын жана анын элинин тарабын ээлеп, алардын душманынын көзүн тазалап салуу да анын колунда болчу. Бирок аны өлтүрүүнү чечкен күндө деле, нечен салгылашты көргөн жоокерге аял кишинин күчү кантип жетмек?

Жаел буйдалбашы керек эле. Ал Сисераны чатырына киргизет. Сисера ага анын келгенин эч кимге айтпашы керектигин айтат. Жаел аны жаткырып, үстүн жаап коёт да, суу сураганда, суунун ордуна майлуу сүт берет. Анан Сисера катуу уйкуга кеткенде, ошол кездеги аялдар чатыр тигиш үчүн көп колдонушкан шаймандарды, казык менен балканы, колуна алат да, жанына шырп алдырбай акырын барат: ал Жахабанын өкүмүн жүзөгө ашыруучу катары оор милдетти аткаруунун алдында турат. Эгер чечкинсиздик кылып, бир аз эле создуктура турган болсо, иштин аягы каргашалуу болушу мүмкүн эле. Ал ошондо Кудайдын эли жөнүндө, ошондой эле ошол зөөкүр кишинин аларды бир канча жылдан бери эзип келатканын ойлонгонбу же Жахаба Кудай тарапты ээлөөнү сыймыктуу иш катары көргөнбү, Ыйык Китепте бул туурасында эч нерсе айтылбайт. Кандай болбосун, ал ошондой ишке бел байлап, Сисераны өлтүрүп салган (Бийлер 4:18—21; 5:24—27).

Бир канча убактан кийин душманын издеп Барак келип калат. Жаел ага чыкыйына казык кагылып өлүп жаткан Сисераны көргөзгөндө, ал Деборанын айтканы аткарылганын түшүнөт: аскер башы Сисера аялдын колунан каза табат! Ыйык Китепти изилдеген сынчылар Жаелди жаман аял болгон деп эсептешет, бирок Барак менен Дебора андай көз карашта болгон эмес. Анткени өзүлөрүнүн ырында Жаелди эр жүрөктүгү үчүн даңазалап, «аялдардын ичинен... баарынан көп бата аларын» айтып ырдашкан (Бийлер 4:22; 5:24). Мындан Деборанын кең пейилдигин байкоого болот. Ал Жаелдин даңкталып жатканына ичи тарыган эмес, ал үчүн баарынан да Жахабанын сөзүнүн аткарылганы маанилүү болгон.

Сисера өлгөндөн кийин, Жабин падышанын үстөмдүгү да токтойт. Ысрайылдыктар канаандыктардын моюнтуругунан бошонуп, 40 жыл тынч жашашат (Бийлер 4:24; 5:31). Жахаба Кудайга бекем ишенгени үчүн Дебора, Барак жана Жаел мол бата алышкан. Эгер Деборадай болуп, эр жүрөктүк менен Жахаба тарапты ээлесек жана башкаларды да ошого үндөсөк, ал бизди да рухий согушта жеңишке жеткирип, түбөлүккө тынчтык өкүм сүрө турган заманды көрсөтөт.

^ 7-абз. Ыйык Китепте Мириям, Хулда жана Ышая пайгамбардын аялы сыяктуу башка пайгамбар аялдар жөнүндө да айтылган (Чыгуу 15:20; 2 Падышалар 22:14; Ышая 8:3).

^ 9-абз. Деборанын ырынан Сисера жортуулдарынан олжолуу кайтканын, анын ичинде кыздарды да олжолоп келгенин, кээде бир жоокерге бир эле эмес, бир нече кыз тийгенин биле алабыз (Бийлер 5:30). Бийлер 5:30дагы «аял» деп которулган сөздүн ордунда түп нускада «жатын» деген сөз колдонулган. Бул аялдардын, негизинен, жыныстык органдары үчүн гана бааланганын көрсөтүп турат. Ошондуктан зордуктоо кадимки нерсе болгон көрүнөт.

^ 17-абз. Бул салгылаштын натыйжасы жөнүндө Ыйык Китепте эки жолу сөз кылынат. Биринчи жолу бийлердин тарыхы баяндалган Бийлер китебинин 4-бөлүмүндө, анан ошол эле китептин 5-бөлүмүндөгү Дебора менен Барактын ырында айтылат. Бул эки билдирүү бирин-бири толуктап турат, анткени биринде кездешпеген маалыматты башкасынан кездештирүүгө болот.