Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

АЛАРДАН ҮЛГҮ | АЛГЫЛА СААРА

«Сен сулуу аялсың»

«Сен сулуу аялсың»

СААРА үйүнүн ичин карап, терең ойго батып турат. Көз алдыңарга көздөрү карагаттай капкара, Ортоңку Чыгышта жашаган сулуу аялды тартып көрсөңөр. Анын көздөрүнөн көңүлүндө кандайдыр бир уйгу-туйгу сезим бар экени туюлабы? Эгер ошондой болсо, мунун таң калыштуу деле эч нерсеси жок. Ушул үйдө жанындай жакшы көргөн жолдошу Ыбрайым экөө чогуу түтүн булатып, далай бактылуу күндөрдү узатышкан *. Алар бул үйдү өз колдору менен тургузушкан.

Алар устачылык, кол өнөрчүлүк, соодагерлик өнүккөн Ур шаарында бай турган үй-бүлө болсо керек. Бирок Саара үчүн бул үй тапкан-терген буюмдары турган төрт дубалдан да көптү билдирген. Бул жерде жан шериги экөө турмуштун ачуусун да, таттуусун да чогуу көрүп, Кудайы Жахабага нечен ирет кайрылып тиленишкен. Ооба, бул үй Саара үчүн абдан кымбат болуп калган.

Бирок Саара өз үйүн, өлөң төшөгүн калтырып, бөтөн жерге көчүп кеткенге даяр. Ал, кыязы, 60 жашта болсо да, белгисиз жакка бет алып, катаал турмуштун бардык кыйынчылыктарына чыдоого бел байлап турат. Ал бул үйгө кайра кайтып келбес сапарга аттанууда. Анын жашоосунун түп-тамыры менен өзгөрүшүнө эмне себеп болгон? Кудайга болгон ишеними күчтүү Саарадан эмнеге үйрөнө алабыз?

«ЖЕРИҢДИ... КАЛТЫР»

Саара Ур шаарында чоңоюп-өссө керек. Бүгүнкү күндө ал жер урандыга айланып, ээн калган. Бирок Сааранын күндөрүндө ал гүлдөгөн шаарга чар тараптан соодагерлер Эфрат дарыясы менен кемелерди түркүн-түрлүү буюмдарга жык толтуруп келип турушкан. Ур шаарынын ийри-буйру чубалжыган көчөлөрүндө эл быкылдап, кеме токтоочу жайларында кемелер кыдырата тизилип, базарлары болсо миң түркүн буюмдарга толуп турат. Сааранын кыжылдаган шаарды аралай бет келген адамдар менен жылуу учурашып баратканын элестетсеңер. Алар да бул айымды жакшы таанышса керек, анткени ал ай-мүчөсү келишкен сулуу аял болчу. Анын чоң үй-бүлөсүн да көптөр жакшы билген чыгар.

Ыйык Китептен Сааранын күчтүү ишенимге ээ болгонун билүүгө болот. Бирок ал Ур шаарынын эли сыйынган Ай кудайына ишенчү эмес. Ошол кудайга арналып курулган, көккө карай бой тиреген мунара шаардын туш-тарабынан көрүнүп турчу. Саара чыныгы Кудай Жахабага сыйынчу. Ыйык Китепте анын Жахабага кантип ишенип калганы так айтылбайт. Анын атасы бир учурда жалган кудайларга сыйынган киши болгон. Кийинчерээк Саара өзүнөн он жаш улуу Ыбрайым менен баш кошкон * (Башталыш 17:17). Убакыттын өтүшү менен Ыбрайым «бардык ишенгендердин атасы» болуп калган (Римдиктер 4:11). Ыбрайым менен Сааранын никеси аябай бекем болгон. Буга экөө тең көп күч жумшаган. Алар бири-бирин урматтап-сыйлап, дайыма пикир алышып турушкан, турмуштун ысык-суугуна бирге чыдашкан. Баарынан да, аларды Кудайга болгон сүйүүсү бириктирип турган.

Саара күйөөсүн абдан сүйчү. Алар Урдагы тууган-туушкандарына жакын жашашкан. Бирок алардын жүрөгүн өйүгөн бир нерсе бар эле. Ыйык Китепте Сааранын «төрөбөс болгону» айтылат (Башталыш 11:30). Ошол убактагы маданиятты эске алганда, Саарага аябай эле кыйын болгон көрүнөт. Ушуга карабай ал Кудайга да, күйөөсүнө да берилгендигин сактаган. Алар атасынын көзү өтүп кеткен бир тууганынын уулу Лотту асырап алышса керек. Алар аны өз баласындай эле көрүшчү. Ошентип, күндөр айга, айлар жылга айланып, жашоо өз нугу менен өтүп жаткан.

Күндөрдүн биринде Ыбрайым жүрөгү элеп-желеп болуп үйгө кирип келет. Ал жаңы эле болгон окуяга таңыркап, же өңү, же түшү экенин түшүнө албай турат. Көрсө, Кудайы Жахаба, калыбы, периште аркылуу ага көрүнүп, аны менен сүйлөшүптүр! Саара жолдошун жайнаган көздөрү менен кадала карап, демин ичине катып, бир паска туруп калат. Анан чыдабай: «Ал сага эмне деди? Бол эми, тезирээк айтчы!» — деп сурайт. Ыбрайым алып учкан жүрөгүн бир аз басып, отура түшөт да, Жахабанын ага: «Жериңди, туугандарыңды калтырып, мен көрсөтө турган жерге бар»,— дегенин айтат (Элчилер 7:2, 3). Жүрөктөрүн бийлеген кубанычы бастай түшкөндө, алар оюн ортого салып, Жахабанын айткандары жөнүндө сүйлөшө башташат. Аларга эми майкөл-сүткөл жашоосун калтырып, көчмөн калктын тирлигин көрүүгө туура келет. Саара мындай өзгөрүүнү кандай кабыл алат? Ыбрайым жубайынын ойлорун билгиси келгенсип, анын жүзүн үңүлө карап туруп калат. Саара жолдошунун бөксө жерин толтуруп, турмуштун оор арабасын андан ары сүйрөшкөнгө даярбы?

Саара туш болгон жагдай бизге анчалык деле тааныш болбошу мүмкүн. Балким, силер: «Кудай мага же жолдошума ушундай өзгөрүүлөрдү кылышымды эч качан буйруган эмес»,— деп ойлонушуңар ыктымал. Ошентсе да биз ушу сыяктуу жагдайга туш болуудабыз. Биз акчаны сүйгөн адамдарга толгон дүйнөдө жашап жатабыз. Көптөр бизди эртеңки күндөн коркпой жашаш үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүп, дүнүйө-мүлк топтоого үндөп келет. Бирок Ыйык Китепте биринчи орунга өзүбүздүн кызыкчылыктарыбызды эмес, Кудайга жаккан иштерди коюшубуз керектиги айтылган (Матай 6:33). Сааранын кандай иш кылганы жөнүндө окуп жатканда: «Мен жашоомдо кандай чечим чыгарам?» — деп ойлонуп көргүлө.

УРДАН ЧЫГЫП КЕТИШИ

Саара жол камылгасын көрө баштайт. Эмнени алып, эмнени ташташ керек? Бир чети, жүгү төөлөр менен эшектер көтөрө алгыдай болуш керек болсо, бир чети, көчүп-конуп жашоого зарыл нерселер да болушу керек. Алардын көптөгөн буюм-тайымдарын сатып же бирөөлөргө бергенине шек жок. Эми мындан ары этке, дан азыктарына, мөмө-жемишке, кийим-кечеге жана башка толтура нерселерге жык толгон базарларды көрүшпөйт.

Ишеними күчтүү болгондуктан Саара майкөл-сүткөл жашоосунан баш тарткан

Бирок баары бир деле Саарага үй-жайын калтырыш кыйын болсо керек. Археологиялык казуулардан Урдагы көп үйлөрдүн бардык шарттар түзүлгөн ыңгайлуу болгону айкын болгон. Саарага ушунун баарынан баш тартууга туура келген. Айрым үйлөрдө көп бөлмөлөрдүн, таза суу кирген жана кир суу агып чыккан түтүктөрдүн да болгону көңүлгө аларлык. Атүгүл жөнөкөй үйлөрдүн да чатыры, дубалы жана кулпу салынган эшиги бар болчу. Ал эми жер кезип жүргөндө алар чатырларда жашашмак. Ал чатырлар уурулардан, ошол жерлерде кеңири байырлаган арстандардан, илбирстерден, аюулардан, карышкырлардан коргой алат беле?

Ал эми Сааранын тууган-уругу жөнүндө эмне айтууга болот? Кудайдын: «Жериңди, туугандарыңды калтырып, мен көрсөтө турган жерге бар»,— деген буйругуна баш ийүү өзгөчө оор болгон чыгар. Анын ага-инилери, эже-сиңдилери, жээндери, байке-эжелери, таяке-таежелери болгону күмөнсүз. Жароокер, камкор Саара аларды аябай жакшы көргөндүктөн экинчи көрбөй каламбы деп кыжалат болсо керек. Ошентсе да ал эки анжы болбой, көчүүгө тынбай даярдык көрө берет.

Сааранын санаасы санга бөлүнүп турса да, бүт баарын белендеп, жолго чыга турган күнгө даяр болуп калат. Болжол менен эки кылымды карыткан, чоң үй-бүлөнүн башчысы Терах да аларды коштоп, жолго чыгат (Башталыш 11:31). Жашы өр тартып калган атасына кам көрүш үчүн Саарага көп күч жумшоого туура келсе керек. Лот да Жахабага баш ийген Ыбрайым жана Саара менен бирге «каздимдиктердин жеринен чыгат» (Элчилер 7:4).

Узак сапарга аттанган кербен адегенде Эфрат дарыясын бойлой түндүк-батышты көздөй 960 чакырымдай алыстыкта жайгашкан Харанга бет алат. Харанда алар убактылуу жашап калышат. Кыязы, Терахтын ден соолугу начарлап, андан ары жол жүрө албай калат. Ал 205 жашка чыгып, ошол жакта көз жумат. Алар кайрадан жолго чыкканга чейин, Жахаба Ыбрайым менен сүйлөшүп, ал көрсөтө турган жолго барышын дагы бир жолу айтат. Бирок бул жолкусунда Кудай ага: «Сенден улуу эл чыгарам»,— деген жүрөк толкутарлык убада берет (Башталыш 12:2—4). Харандан чыкканда, Ыбрайым 75те, ал эми Саара 65те болчу жана алар дагы деле бала көрө элек эле. Анда кандайча Ыбрайымдан улуу эл чыкмак? Ал дагы бир аял алат беле? Көп аял алуу ошол учурда боло жүргөн нерсе болгондуктан, Саара ошону ойлоп, түпөйүлдөнсө керек.

Кандай болбосун, алар андан ары сапарын улап кете беришет. Бул жолкусунда алар менен дагы кимдердин болгонуна көңүл бурсаңар. Ыйык Китепте Ыбрайымдын үй-бүлөсү топтогон мүлкүн, «Харанда ээ болгон кулдарын алып» чыкканы айтылат (Башталыш 12:5). Ыбрайым менен Сааранын аларга өздөрүнүн Кудайы жөнүндө айтып бергени шексиз. Жүйүттөрдүн байыркы булактарындагы ушул аятка берилген түшүндүрмөсүндө «кулдар» Ыбрайым менен Сааранын Кудайына сыйынып калган башка улуттагы адамдар болгон деп айтылат. Эгер ошондой болсо, ишеними күчтүү Саара башкаларга Кудайы жана үмүтү жөнүндө жүрөккө жеткире айтып бергени күмөнсүз. Анын бул жагынан көрсөткөн үлгүсү тууралуу ой жүгүрткөнүбүз жакшы. Себеби биз ишенбестик, үмүтсүздүк өкүм сүргөн заманда жашап жатабыз. Андыктан Ыйык Китептен билген жакшы ойлорду башкаларга айтууга дилгир болгонубуз маанилүү.

«МИСИРГЕ ЖӨНӨДҮ»

Кыязы, б.з.ч. 1943-жылы 14-нисанда Ыбрайым пайгамбар үй-бүлөсү менен Эфрат дарыясын кечип өтүп, түштүктү көздөй Жахаба убада кылган жерге бет алат (Чыгуу 12:40, 41). Сааранын айланага көз чаптырып, аба-ырайы мээлүүн, берекелүү асыл жердин кооздугуна суктанып турганын элестетсеңер. Шекемден анча алыс эмес Море адырындагы чоң дарактардын жанында Жахаба Ыбрайымга дагы бир жолу көрүнүп: «Бул жерди сенин тукумуңа берем»,— деген. «Тукум» деген сөз Ыбрайым үчүн терең мааниге ээ болгон. Ал сөздү укканда Ыбрайым Эйден багындагы окуяны эстесе керек. Жахаба «тукумдун» Шайтанды жок кыларын алдын ала айткан. Ал Ыбрайымга андан улуу эл чыгарарын, ал аркылуу бүт жер бетиндеги адамдардын бата аларын да айткан (Башталыш 3:15; 12:2, 3, 6, 7).

Албетте, татаал турмуштун кыйынчылыктары бул үй-бүлөдөн кыя өткөн эмес. Канаан жеринде ачарчылык күч алгандыктан, Ыбрайым үй-бүлөсү менен түштүктөгү Мисирге жол тартат. Ал жактан Ыбрайым пайгамбар кооптуу бир нерсени байкайт. Ошол себептен аялынан мындай деп суранат: «Сөзүмө кулак салчы, сен сулуу аялсың, андыктан мисирликтер сени көргөндө: „Бул — анын аялы“ — деп, мени өлтүрүп, сени тирүү калтырышат. Ошондуктан, мага жакшы болушу үчүн, жаным аман калышы үчүн, карындашымын деп койчу» (Башталыш 12:10—13). Ыбрайым пайгамбар эмне үчүн ушинтип суранган?

Айрым сынчылар айткандай, Ыбрайым пайгамбар коркок да, калпычы да болгон эмес. Саара чындап эле анын аталаш карындашы болчу. Мындан тышкары, Ыбрайым жөндөн жөн кооптонгон эмес. Ал да, Саара да Кудайдын алардан өзгөчө тукум жана эл чыгарарына байланыштуу убадасын жакшы билген. Ошондуктан алардын коопсуздугу баарынан маанилүү болчу. Археологиялык далилдерге ылайык, Мисирде бийлиги бар кишинин башка бирөөнүн аялын тартып алып, күйөөсүн өлтүрүп койгону көнүмүш адат болгон. Андыктан Ыбрайым пайгамбар акыл калчап иш кылган, Саара болсо күйөөсүнө баш ийип, анын айтканы менен болгон.

Көп өтпөй эле Ыбрайымдын бекеринен кооптонбогону айкын болот. Бир топ жашка келип калса да, сынынан кете элек келишимдүү Саараны фараондун төрөлөрү байкабай коюшпайт. Алар бул туурасында фараонго айтып барышканда, ал сулуу айымды дароо ак сарайына алдыртат. Ошондо Ыбрайымдын жүрөгү канчалык мыкчылганын, ал эми Сааранын канчалык коркконун элестетүү кыйын эмес. Бирок, кызыктуусу, ак сарайдагылар аны күң катары көрбөй, кадырлуу конок катары кабыл алышкан. Фараон Сааранын жүрөгүн багындырууга, бар байлыгы менен аны таасирлентүүгө, андан соң аны аялдыкка алыш үчүн «агасынын» көңүлүн алууга ниеттенсе керек (Башталыш 12:14—16).

Сааранын ак сарайдан бүт айлананы имере карап турганын көз алдыңарга тартып көрсөңөр. Ал кайрадан дубалдары бийик, алдында миң кыл даам төгүлүп турган заңгыраган үйдө жашап калганда кандай сезимде болгон? Ур шаарындагы бардар жашоосунан миң эсе ашып түшкөн жашоого кызыкты беле? Эгер ал күйөөсүн таштап, фараонду тандап алса, Шайтандын чырагына май таммактыгы айтпаса да түшүнүктүү. Бирок бул Сааранын оюна да келген эмес. Ал Кудайына, өмүрлүк жарына берилгендигин сактап, никеде берген убадасына бек турган. Азыркы ыйманы кеткен дүйнөдө ар бир адам жан шеригине берген сөзүнө бекем турса кандай сонун болмок! Ооба, Саара үй-бүлөгө, досторго берилгендик көрсөтүү жагынан мыкты үлгү калтырган.

Саара фараондун ак сарайында туш болгон азгырыктарга алдырбай, күйөөсүнө берилгендик сактаган

Бактыга жараша, Жахаба бул асыл зайыпты коргош үчүн фараон менен анын үй-бүлөсүн катуу оорууга чалдыктырат. Фараон Сааранын Ыбрайымдын жубайы экенин билип калганда аны кайра күйөөсүнө жиберип, Мисирден кетүүнү буйруйт (Башталыш 12:17—20). Ыбрайым аялынын кайра келгенине төбөсү көккө жете сүйүнсө керек. Анын Саарага айткан: «Сен сулуу аялсың»,— деген жылуу сөздөрүн эстесеңер. Бирок Ыбрайым баарынан да анын жан дүйнөсү сулуу болгону үчүн аябай жакшы көргөн. Сааранын ички дүйнөсү чындап эле сулуу болгон. Жахаба так ушундай сулуулукту жогору баалайт (1 Петир 3:1—5). Бул — баарыбыз өрчүтүшүбүз керек болгон асыл сапат. Эгер дүнүйө-мүлктү эмес, Кудай баалуу деп эсептеген нерселерди биринчи орунга койсок, башкаларга Кудай жөнүндө билгенибизди айтып берсек жана азгырыктарга туш болгондо Кудайдын адеп-ахлактыкка байланыштуу нормаларына бекем кармансак, ишеними күчтүү Саарадан үлгү алган болобуз.

^ 3-абз. Негизи, алардын аттары Ыбрам жана Сара болчу, бирок алар кийинчерээк Жахаба ыйгарган Ыбрайым жана Саара деген ысымдар менен көбүрөөк белгилүү болуп калышкан (Башталыш 17:5, 15).

^ 8-абз. Саара менен Ыбрайым аталаш бир тууган болушкан. Алардын атасы — бир, энелери башка болгон. Атасынын аты Терах болчу (Башталыш 20:12). Бүгүнкү күндө бир туугандардын баш кошушу туура эмес деп эсептелет. Бирок ошол убактагы жагдай бир аз башкача болгон. Адамзат эң биринчи жаратылган Адам ата менен Обо эне ээ болгон, бирок кийин айрылып калган жеткилеңдикке жакын болгон. Ал убакта адамдарын ден соолугу чың болгондуктан жакын туугандардын никелешкени балдарынын генине доо кетирген эмес. Ошондон 400дөй жыл өткөндөн кийин адамдар жеткилеңдиктен бир топ алыстап кеткендиктен, өмүрдүн узактыгы азыркыдай эле болуп калган. Ошол убакта Муса пайгамбар жазган Мыйзамда жакын туугандардын баш кошушуна тыюу салынган (Лебилер 18:6).