Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

АЛАРДАН ҮЛГҮ АЛГЫЛА | РЕБЕКА

«Барам»

«Барам»

КӨЛӨКӨ узарып, күн кечтеп бараткан маал. Ребека адырлуу, ойдуңдуу айланага көз чаптырып, карап турат. Ал бир нече жума жол жүргөндүктөн төөнүн үстүндө ары-бери чайпалып отурганга көнүп да бүтсө керек. Анын түндүк-чыгыштагы киндик каны тамган Харан жериндеги үйү жүздөгөн чакырым алыстыкта калды. Ал ата-энесин, бир туугандарын кайра эч качан көрбөшү мүмкүн. Аны, өзгөчө, азыр — ушул сапарынын аягында — көп нерселер ойго салууда.

Ребеканы алып келаткан кербен Канаан жерин басып өтүп, кунарсыз жерге, Негепке, келип токтойт (Башталыш 24:62). Ал жактан Ребека койлордун жайылып жүргөнүн көрсө керек. Анткени кургакчыл келген ал чөлкөм дыйканчылык кылууга анча жараксыз болгону менен, жайыты жетиштүү болгон. Кербенди баштап келаткан карыя бул жерди коёндун жатагына чейин билет. Ал мырзасына жакшы кабарды, колукту алып келатканын, айтууга шашып, жетине албай келе жатат! Ребека болсо жашоосу кандай болорун ойлоп, миң түркүн ойго батып келет. Эч качан көрбөгөн болочок күйөөсү Ыскак кандай киши болду экен? Ал аны жактырат болду бекен? Ал эми өзүчү? Өзү жактырат болду бекен?

Бүгүнкү күндө ушундай жол менен баш кошуу көптөгөн жерлерде жат нерсе болушу мүмкүн. Анткен менен айрым жерлерде бул кадимки эле көрүнүш. Бирок, кандай болбосун, Ребеканын белгисиздикке бел байлаганына баары кошулат чыгар. Ребека, чынында эле, кайраттуу жана ишеними күчтүү кыз болгон деп айтууга болот. Турмушта оош-кыйыш учурлар көп болот. Ошондуктан ушундай баалуу сапаттарга ээ болуу абдан маанилүү. Кудайга бекем ишенген Ребеканын адамдарда сейрек учураган мындан башка да асыл сапаттары болгон.

«ТӨӨЛӨРҮҢҮЗГӨ ДА... СУУ СУЗУП КЕЛИП БЕРЕЙИН»

Ребеканын жашоосундагы чукул бурулуш ага көнүмүш эле болгон нерсени кылып жатканда башталган. Ал Месопотамиядагы Харан деген шаарда же ага жакын жерде туулуп-өскөн. Анын ата-энеси Харандын тургундарынан кыйла айырмаланган: алар Ай кудайы Синге эмес, өздөрүнүн Жахаба Кудайына сыйынышкан (Башталыш 24:50).

Ребека абдан чырайлуу болсо керек, бирок анын бар байлыгы сулуулугу эле болгон эмес. Ал эмгекчил болгондон тышкары, адеп-ахлактуу, ыймандуу кыз болгон. Ата-энесинин үй кызматчылары болгонуна караганда, алар колунда бар кишилерден болсо керек. Анткен менен Ребека ак кол болуп өскөн эмес. Ал тирликке бүйрө кыз болгон. Ошол кездеги башка кыз-келиндер сыңары эле, ал үй тиричилигиндеги оор жумуштарды кылган. Маселен, күнүгө кечке жуук суу ташыган идишин ийнине көтөрүп алып кудукту көздөй жөнөчү (Башталыш 24:11, 15, 16).

Ошондой кечтердин биринде ал кумурасын толтуруп алып, кетейин деп жатканда бир аксакалдын аны көздөй чуркап келатканын көрүп, токтоп калат. Ал абышка андан: «Кумураңдагы суудан бир аз ичейинчи»,— деп суранат. Абышканын алыстан келген келгин экенин көрүп, Ребека дароо кумурасын жерге түшүрө калып, ага муздак суудан суусуну кангыча берет. Анан анын ошол тегерекке чөк түшүрүлгөн он төөсүн жана ошол жердеги аштоонун бош турганын көрөт. Ал карыя андан көзүн албай, мээримин төгө карап турганын байкайт да, ага колунан келген жакшылыгын кылгысы келет. Ошондуктан: «Төөлөрүңүзгө да, суусуну кангыча, суу сузуп келип берейин»,— дейт (Башталыш 24:17—19).

Ребеканын анын төөлөрүнө суусуну кангыча суу сузуп берүүгө даяр болгонуна көңүл бурсаңар. Абдан суусаганда төө 95 литрдей суу ичип коюшу мүмкүн. Демек, эгер карыянын төөлөрү аябай суусаган болсо, аларды сугарыш үчүн Ребекага бир нече саат бою суу ташыганга туура келген *. Төөлөрдүн канчалык суусаганын билбесе да, ал келгинге колунан келишинче жардам берүүгө дилгир болгон. Карыя макул болот да, анын ары-бери чуркап аштоого суу ташып жатканын карап отурат (Башталыш 24:20, 21).

Ребека эмгекчил, меймандос болгон

Ребека бизге мыкты үлгү деп айтсак болот. Анткени биз азыр өзүмчүлдүк күч алган доордо жашап жатабыз. Ыйык Китепте алдын ала айтылгандай, азыр «өзүн өзү сүйгөн», өз жанынын жыргалчылыгын көздөп, эч кимге жакшылык кылгысы келбеген адамдар көбөйдү (2 Тиметей 3:1—5). Андай адамдардын таасирине алдыргысы келбеген Кудайдын ишенимдүү кызматчылары нечен кылым мурун жашаган, кудуктан аштоого тызылдап чуркап суу ташыган ал кыз жөнүндө ой жүгүртүп көрсө болот.

Ребека карыянын ага байкоо салып турганын сезген көрүнөт. Ал аны жакшы ниет менен, ары таң кала, ары суктана, ары кубана карап турса керек. Ребека төөлөрүн сугарып бүткөн соң, ал ага кымбат баалуу зер буюмдарын берет да: «Кимдин кызы болосуң? Атаңдын үйүндө түнөгөнгө орун барбы?» — деп сурайт. Ребеканын кимдин кызы экенин укканда ал андан бетер сүйүнөт. Ребека ага: «Бизде саман бар, жем-чөп да көп. Түнөгөнгө да орун бар»,— деп да айтат. Анын ушул сөздөрүнөн кең пейилдиги көрүнүп турган. Себеби карыя жалгыз эмес болчу. Андан кийин Ребека үйүндөгүлөрүнө айтыш үчүн алардан мурун чуркап жөнөйт (Башталыш 24:22—28, 32).

Ооба, ал абдан меймандос болгон. Ушул сапат да бүгүнкү күндө барган сайын сейрек учуроодо. Бул жагынан Ребекадан үлгү алууга болот. Кудайга болгон ишенимибиз меймандос болгонго түрткү берет. Анткени март, берешен Кудайыбыз Жахаба баарына тегиз карайт жана ага сыйынгандардын андан үлгү алышын каалайт. Эгер өтөлгөсүн кыла албай тургандардан да жакшылыгыбызды аябасак, Жараткан Кудайыбыз ыраазы болот (Матай 5:44—46; 1 Петир 4:9).

«УУЛУМ ЫСКАККА... АЯЛ АЛЫП КЕЛ»

Кудуктун жанынан Ребекага жолуккан карыя Ребеканын чоң атасынын бир тууганынын — Ыбрайым пайгамбардын — кызматчысы болчу. Ошондуктан ал Ребеканын атасынын, Бетуелдин, үйүндө кадырлуу конок болот. Анын аты Элиезер болчу *. Бетуелдин үйүндөгүлөр анын алдына тамак-аш койгондо, ал өзүнүн эмне максат менен келгенин айтмайынча тамак жебей турганын айтат (Башталыш 24:31—33). Анан бир аз убакыт мурун эле Жахаба Кудай аны колдоп, ага багыт бергенин даана сезгенин айта баштайт.

Ребеканын атасы Бетуел менен бир тууганы Лабандын Элиезерден көзүн албай, сөзүн кунт коюп угуп жатканын элестетсеңер. Ал аларга Жахаба Канаан жеринде жашап жаткан мырзасы Ыбрайым менен байбичеси Саарага батасын берип, алар Ыскак деген уулдуу болушканын жана мырзасынын бүт мүлкү ага каларын айтат. Ыбрайым пайгамбар ал кызматчысына абдан маанилүү ишти, уулуна анын Харандагы туугандарынын арасынан колукту алып келүүнү, тапшырган эле (Башталыш 24:34—38).

Мырзасы ага уулуна канаандык кыздардан алып бербей турганын айтып ант бердирткен болчу. Анткени канаандыктар Жахаба Кудайга сыйынышчу эмес. Ыбрайым пайгамбар Жахабанын аларды мыйзамсыз иштери үчүн жазалай турган күндү белгилеп койгонун жакшы билген. Ошондуктан сүйүктүү уулуна ал элден аял алып берип, ыймансыз эл менен куда-сөөк болгусу келген эмес. Ошондой эле Кудайдын ага берген убадасы уулу Ыскак аркылуу аткарылмактыгын жакшы билген (Башталыш 15:16; 17:19; 24:2—4).

Элиезер аны коноктоп жаткандарга Харандын жанындагы кудукка келгенде тиленгенин айтып берет. Ал Жахабадан Ыскакка колукту тандап беришин суранган эле. Элиезер Ыскакка тандаган кыздын кудукка суу алганы келишин суранган. Ал ичкенге суу сураганда, кыз ага суу бергенден тышкары төөлөрүн да сугарып бериши керек болчу (Башталыш 24:12—14). Ошентип тиленгенден кийин ким кудукка келип, баарын так ушундай кылган? Ал кыз Ребека болчу. Элиезердин ушуларды айтып берип жатканда, Ребеканын кандай сезимде болгонун элестетсеңер!

Элиезердин айтып бергендери Бетуел менен Лабанга абдан таасир эткендиктен, алар: «Бул иш Жахабадан»,— дешет. Анан ошол кездеги салт боюнча, кудалашышат (Башталыш 24:50—54). Бирок бул Ребеканын эч нерсе чечпей турганын билдиргенби?

Бир нече жума мурун Элиезер Ыбрайым пайгамбардан: «Эгер ал мени менен келбесечи?» — деп сураганда, Ыбрайым пайгамбар: «Анда берген антыңдан бошотуласың»,— деген (Башталыш 24:39, 41). Бетуелдин үйүндө да аял кишинин ою эске алынчу. Элиезер көздөгөн максаты орундалганына аябай сүйүнгөндүктөн Ребеканы алып, эртеси эле Канаанды көздөй сапар тарткысы келет. Бирок Ребеканын ата-энеси кызынын, жок дегенде, алар менен он күндөй болушун суранышат. Ошондуктан бул маселени чечиш үчүн «кызды чакырып, өзүнөн сурамакчы» болушат (Башталыш 24:57).

Ребеканын чечиминен келечеги кандай болору көз каранды болчу. Андан Элиезер менен барар-барбасын сурашканда, ал эмне деп жооп бермек? Белгисиздиктен коркуп, атасы менен байкесинен аны жибербей эле коюшун суранат беле? Же Жахабанын эрки менен болуп жаткан окуяга катышууну сыймык катары көрөт беле? Анын чечиминен жашоосундагы күтүүсүз өзгөрүүгө карата кандай көз карашта экени айкын болот. Ал эч буйдалбастан: «Барам»,— деп жооп берет (Башталыш 24:58).

Ребека кандай гана сонун рухту чагылдырган! Үй-бүлө курууга байланыштуу азыркы салттар ал кездегиден бир топ айырмаланса да Ребекадан көп нерсеге үйрөнө алабыз. Турмуш курууда ал өзүнүн кызыкчылыгынан да Жахаба Кудайынын эркин жогору койгон. Биз да Кудайдын Сөзүнөн никеге байланыштуу жакшы кеңештерди таба алабыз. Алсак, андан ылайыктуу жарды кантип тандаса болорун билүүгө болот, ошондой эле канткенде жакшы күйөө же жакшы зайып болууга жардам берген кеңештерди таба алабыз (2 Корунттуктар 6:14, 15; Эфестиктер 5:28—33). Ребекадан үлгү алып, Кудайдын эркине ылайык иш кылсак, эң туура кылган болобуз.

«БИЗДИ КӨЗДӨЙ... КЕЛАТКАН КИШИ КИМ?»

Үй-бүлөсү Ребекага батасын бергенден кийин, ал, эмчек энеси Дебора, бир нече кызматчы кыздар Элиезер жана анын кишилери менен жолго чыгышат (Башталыш 24:59—61; 35:8). Бир нече убакыттан кийин Харан артта калат. Алар 800 чакырымдай жол жүрүшү керек болчу. Буга, болжолу, 3 жумадай убакыт кетмек. Ошондуктан бул оңойго турган эмес. Ребека төөлөрдү көп эле көрсө керек, бирок аны төө минип жүргөн кыз болгон деп айтууга болбойт, себеби Ыйык Китепте анын үй-бүлөсү төөлөрдүн кербенин жетектеген кишилерден эмес, койчулардан болушканы айтылат (Башталыш 29:10). Төө минип көнбөгөндөр, адатта, кичине жол жүргөндөн кийин эле кыйнала башташат.

Кандай болбосун, Ребеканын көңүлү көздөгөн жеринде болчу. Анын Ыскак жана үй-бүлөсү жөнүндө Элиезерден мүмкүн болушунча көп билгенге аракет кылганына шек жок. Кечинде отту тегеректеп отурганда карыянын Жахаба досум деп атаган Ыбрайым пайгамбарга берген убадасы жөнүндө Ребекага айтып берип жатканын элестетсеңер. Кудай Ыбрайымдын тукумун көбөйтүп, ал аркылуу бүт адамзатка батасын бермек. Ал убаданын болочок күйөөсү Ыскак жана өзү аркылуу аткарыларын түшүнгөндө Ребеканын жүрөгү толкуса керек (Башталыш 22:15—18).

Ребека баалуу сапатка, момундук сапатына, ээ болгон

Ошентип, макаланын башында айтылгандай, күүгүм кирип бараткан маалда кербен Негеп аркылуу өтүп бараткан эле. Ребека талаа жактан келаткан бир кишини байкайт. Ал терең ойго батып келаткандай көрүнөт. Ыйык Китептин түп нускасына ылайык, Ребека «төөдөн түшө калат». Сыягы, ал төөлөр чөккүчө эле төөдөн секирип түшүп, Элиезерден: «Бизди көздөй талаа менен келаткан киши ким?» — деп сураган. Анан анын Ыскак экенин билгенде жоолук алып, башына жаап алат (Башталыш 24:62—65). Ребека эмне үчүн башын жаап алган? Ошентүү менен ал болочок күйөөсүн урматтай турганын көрсөткөн. Бул азыркы күндө эскирип калган каададай көрүнүшү мүмкүн. Бирок Ребеканын момундугунан эркектер да, аялдар да көп нерсеге үйрөнө алышат, себеби бул сапат баарыбызга керек.

Ошол кезде Ыскак кырктарга чыгып калган. Апасы Сааранын көзү өтүп кеткенине 3 жыл болуп калса да, ал күйүтүнөн арыла элек болчу. Мындан Ыскактын жумшак, сезимтал киши болгонун билүүгө болот. Ыскак үчүн эмгекчил, меймандос, момун Ребека чынында эле жакшы жубай болгон. Экөө кандай жашап кеткен? Ыйык Китепте: «Ыскак аны сүйүп калды»,— деп айтылат (Башталыш 24:67; 26:8).

Арадан 39 кылымдай өтсө да, Ребеканын кайраттуулугунан, эмгекчилдигинен, меймандостугунан, момундугунан үлгү ала алабыз. Баарыбыз: жашпызбы, карыбызбы, эркекпизби, аялбызбы, үй-бүлөлүүбүзбү, бойдокпузбу, Кудайга бекем ишенген Ребекадан үлгү ала алабыз!

^ 10-абз. Бул кеч кирип калганда болгон окуя болчу. Бирок Ыйык Китепте Ребеканын суу алганы барып кармалып калганы, же болбосо үйүнө келгенде, үйдөгүлөрү уктап калганы, же кечиккенинен улам кимдир бирөө артынан барганы жазылбайт.

^ 15-абз. Бул окуяда Элиезердин аты аталбаганы менен, ал кызматчы Элиезер болсо керек. Өзүнүн уулу жок болгондуктан ага чейин Ыбрайым пайгамбар бүт мүлкүн Элиезерге мураска калтырууну ойлогон. Ошондуктан кызматчыларынын ичинен эң улуусу жана ишенгени Элиезер болгону шексиз. Бул окуяда Ыбрайымдын кызматчысы так ушундай сүрөттөлөт (Башталыш 15:2; 24:2—4).