Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

18-БӨЛҮМ

Чөмүлүү жана Кудай менен болгон мамилең

Чөмүлүү жана Кудай менен болгон мамилең
  • Адам кандайча чөмүлтүлөт?

  • Чөмүлүү үчүн кандай кадамдарды жасоо керек?

  • Адам Кудайга кантип арналат?

  • Эмне себептен чөмүлүү маанилүү?

1. Эмне үчүн эфиопиялык төрө чөмүлүүнү каалаарын айткан?

«МЫНА суу, чөмүлтүлүшүмө кандай тоскоолдук бар?» Бул суроону 1-кылымда эфиопиялык жогорку даражалуу бир төрө берген. Кудайдын Филип аттуу кызматчысы ага Исанын Машаяк экенин түшүндүргөн. Ушунчалык таасирленгендиктен ал киши Ыйык Жазмадан алган билимине ылайык иш кылган, тактап айтканда, чөмүлүүнү каалаарын билдирген (Элчилер 8:26—36).

2. Эмне үчүн чөмүлүү жөнүндө олуттуу ойлонушуң керек?

2 Бул китептин мурунку бөлүмдөрүн Жахабанын Күбөлөрүнүн бири менен кылдат изилдеген болсоң, сен да: «Чөмүлтүлүшүмө кандай тоскоолдук бар?» — деп ойлонуп көрөттүрсүң. Буга чейин Ыйык Китептен адамдардын келечекте жер бетиндеги бейиште түбөлүк өмүр сүрөрүн билдиң (Лука 23:43; Аян 21:3, 4). Ошондой эле өлгөндөрдүн кандай абалда болору жана тирилүү жөнүндө окудуң (Насаатчы 9:5; Жакан 5:28, 29). Балким, Жахабанын Күбөлөрүнүн жыйналыштарына барып, алардын чыныгы динди тутарын өз көзүң менен көргөндүрсүң (Жакан 13:35). Андан да маанилүүсү, Жахаба Кудай менен достук мамиле өрчүтө баштаган чыгарсың.

3. а) Иса жолдоочуларына кандай буйрук берген? б) Адам кандайча чөмүлөт?

3 Кудайга кызмат кылууну каалаарыңды кантип көрсөтсөң болот? Иса жолдоочуларына: «Баргыла да, бардык элдерден шакирт даярдагыла. Аларды... чөмүлдүргүлө»,— деп буйрук кылган (Матай 28:19). Ал өзү да сууга чөмүлүү менен үлгү калтырган. Иса чөмүлгөндө, анын башына суу куюшкан эмес же ага суу чачыратышкан эмес (Матай 3:16). «Чөмүлүү» деп которулган грек сөзү «чумкуу» дегенди билдирет. Ошондуктан адам чөмүлгөндө сууга толук чумкутулат.

4. Чөмүлүү менен адам эмнени билдирет?

4 Жахаба Кудай менен тыгыз мамиле өрчүткүсү келгендердин баары сөзсүз чөмүлүшү керек. Чөмүлүү менен адам Кудайга кызмат кылууну жана анын эркин аткарууну каалаарын эл алдында билдирет (Забур 40:7, 8). Бирок ал үчүн белгилүү бир кадамдарды жасоо абзел.

БИЛИМ ЖАНА ИШЕНИМ

5. а) Чөмүлүүгө чейин жасалуучу биринчи кадам кайсы? б) Эмне үчүн жыйналыштарга катышуу маанилүү?

5 Ал кадамдардын биринчисин сен жасай баштадың. Кандайча? Ыйык Китепти үзгүлтүксүз изилдөөнүн аркасында Жахаба Кудайды жана Иса Машаякты таанып-билүүдөсүң. (Оку: Жакан 17:3.) Бирок билимиңди дагы тереңдете бер. Кудайдын кызматчылары «анын эркин так таанып-билүүгө» ынтызар (Колосалыктар 1:9). Жахабанын Күбөлөрүнүн жыйналыштары бул жагынан чоң жардам берет. Ошондуктан аларга баруу абдан маанилүү (Еврейлер 10:24, 25). Жыйналыш жолугушууларына үзгүлтүксүз катышсаң, Кудай жөнүндөгү билимиң тереңдейт.

Чөмүлүү үчүн Кудайдын Сөзүнөн так билим алуу талап кылынат

6. Чөмүлгөнгө чейин кандай билим алышың керек?

6 Албетте, чөмүлүү үчүн Ыйык Китепте жазылгандардын баарын билүү талап кылынбайт. Эфиопиялык төрө Ыйык Жазмада айтылгандарды анча-мынча билсе да, ага анын айрым жерлерин түшүндүрүп берүү керек болгон (Элчилер 8:30, 31). Анын сыңарындай, сен да келечекте дагы көп нерселерди билесиң, себеби Кудай жөнүндөгү билимдин чеги жок (Насаатчы 3:11). Анткен менен чөмүлгөнгө чейин Ыйык Китептин, жок дегенде, негизги окуулары менен таанышып, аларды кабыл алышың керек (Еврейлер 5:12). Мисалы, өлгөндөрдүн абалы, Кудайдын ысмы жана Падышалыгы жөнүндөгү чындыктарды айкын-так түшүнгөнүң абзел.

7. Ыйык Китепти окуп-изилдөө сага кандай таасир этиши керек?

7 Билим алгандан сырткары, ишеним өрчүтүү зарыл, анткени «ишеним болбосо, Кудайга жагуу мүмкүн эмес» (Еврейлер 11:6). Ыйык Китепте байыркы Корунт шаарында жашагандардын айрымдары Исанын жолдоочулары тараткан кабарга «ишенип, чөмүлүшкөнү» айтылат (Элчилер 18:8). Ушу сыяктуу эле, Ыйык Жазманы изилдөөнүн аркасында анын Кудайдын Сөзү экенине болгон ишенимиң өсөт. Ошондой эле Кудайдын убадалары дайыма аткарыларына жана Исанын курмандыгы куткарылууга жол ачканына ынанасың (Жашыя 23:14; Элчилер 4:12; 2 Тиметей 3:16, 17).

ЫЙЫК КИТЕПТЕН АЛГАН БИЛИМИҢ МЕНЕН БӨЛҮШ

8. Окуп-билгендериңди башкалар менен бөлүшүүгө эмне түрткү берет?

8 Ишенимиң өскөн сайын, окуп-билгендериңди ичиңе сактай албай каласың (Жеремия 20:9). Сенде башкаларга Кудай жана анын ой-ниети жөнүндө айтууга күчтүү каалоо пайда болот. (Оку: 2 Корунттуктар 4:13.)

Ишенимиң билгендериңди башкаларга айтууга түрткү берет

9, 10. а) Ыйык Китептен билгендериң жөнүндө кимдерге айта баштасаң болот? б) Жахабанын Күбөлөрүнө кошулуп кабар айткың келсе, эмне кылышың керек?

9 Ыйык Китептен билгендериң жөнүндө адегенде туугандарыңа, досторуңа, кошуна-колоңдоруңа жана бирге иштешкендериңе сылыктык менен айта баштасаң болот. Ал эми убакыттын өтүшү менен Жахабанын Күбөлөрүнө кошулуп кабар айтууну каалашың мүмкүн. Ошондой болсо, ал тууралуу сени менен ыйык китептик изилдөө өткөрүп жаткан Күбөгө айтуудан тартынба. Эгер талаптарга жооп берсең, сен жана сени окуткан бир тууган менен жыйналыштагы эки аксакал сүйлөшөт.

10 Мунун аркасында Кудайдын оторун кайтарган аксакалдардын айрымдары менен жакыныраак таанышасың (Элчилер 20:28; 1 Петир 5:2, 3). Эгер Ыйык Китептин негизги окууларын түшүнөрүң, аларга ишенериң, ошондой эле Кудайдын принциптерине ылайык жашаганың жана Жахабанын Күбөсү болууну чындап каалаарың көрүнсө, аксакалдар чөмүлө элек жарчы болуп кызмат кыла аларыңды билдиришет.

11. Чөмүлө элек жарчы болуу үчүн кандай өзгөрүүлөрдү жасоо керек болушу мүмкүн?

11 Бирок кабар айтуу кызматына катышуу үчүн жашооңдо айрым нерселерди өзгөртүү жана жаман адаттарыңан арылуу керек болушу мүмкүн. Бул жашыруун жасап жүргөн туура эмес иштерден баш тартууну билдирет. Эгер жыныстык адеп-ахлаксыздык, аракечтик жана баңгизаттарды кыянат колдонуу сыяктуу олуттуу күнөөлөрдү кылып жүргөн болсоң, чөмүлө элек жарчы болууну каалаарыңды билдирерден мурда аларды токтотушуң керек. (Оку: 1 Корунттуктар 6:9, 10; Галатиялыктар 5:19—21.)

ӨКҮНҮҮ ЖАНА КАЙРЫЛУУ

12. Эмне үчүн ар бир адам өкүнүүгө тийиш?

12 Чөмүлгөнгө чейин дагы эки маанилүү кадамды жасоо зарыл. Элчи Петир: «Күнөөлөрүңөр кечирилиши үчүн, өкүнгүлө, Кудайга кайрылгыла»,— деп айткан (Элчилер 3:19). Өкүнүү мурун кылган иштериң үчүн чын жүрөктөн кайгыруу дегенди билдирет. Бирок адеп-ахлаксыз жашоо өткөргөндөр гана өкүнүшү керек деп ойлоо туура эмес. Эмне үчүн? Себеби ар бир адам күнөө кетирет жана Кудайдын кечиримине муктаж (Римдиктер 3:23; 5:12). Ыйык Китепти изилдегенге чейин сен Кудайдын эркин билчү эмессиң. Демек, анын эркине ылайык жашай албайт болчусуң. Мына ошондуктан ар бир адам өкүнүүгө тийиш.

13. Кайрылуу деген эмнени билдирет?

13 Өкүнгөндөн кийин «Кудайга кайрылуу» керек. Туура эмес иштериңе кайгыргандан тышкары, Кудайга кайрылышың, тактап айтканда, жашооңду өзгөртүп, андан ары ага жаккан иштерди кылууга чечкиндүү болушуң керек. Ооба, өкүнүү жана кайрылуу чөмүлгөнгө чейин жасалуучу маанилүү кадамдарга кирет.

АРНАЛУУ

14. Чөмүлгөнгө чейин дагы кайсы маанилүү кадамды жасоо зарыл?

14 Чөмүлгөнгө чейин дагы бир маанилүү кадамды жасоо зарыл. Өзүңдү Жахаба Кудайга арнашың керек.

Кудайга тиленүү аркылуу арналдыңбы?

15, 16. Кудайга арналуу эмнени билдирет жана бул кадамды жасоого эмне түрткү берет?

15 Өзүңдү Жахаба Кудайга чын жүрөктөн чыккан тиленүү аркылуу арнаганыңда сен ага түбөлүккө толук берилгендик менен кызмат кылууну убада кыласың (Мыйзам 6:15). Эмне үчүн адам өзүн Кудайга арноону каалайт? Мисалы, кыз менен жигит сүйлөшө баштады дейли. Жигит кызы жөнүндө көбүрөөк билип, жакшы сапаттарын байкаган сайын, аны улам жактыра берет. Анан бир күнү баш кошууну сунуш кылат. Албетте, ал үй-бүлө куруу менен өзүнө кошумча жоопкерчиликтер артыларын түшүнөт. Бирок сүйүү ага кызына үйлөнүүгө түрткү берет.

16 Ошо сыңары, Жахаба жөнүндө көбүрөөк билген сайын, ага болгон сүйүүң арта берет. Натыйжада ага чын жүрөктөн кызмат кылууну жана анын эркин аткарууну каалай баштайсың. Кудайдын Уулун, Иса Машаякты, жолдогусу келгендердин баары «өзүнөн баш тартышы» зарыл (Марк 8:34). Өзүбүздөн баш тартканыбызды жеке кызыкчылыктарыбызга, ой-максаттарыбызга караганда Кудайга толук баш ийүүнү жогору коюу менен көрсөтөбүз. Демек, Кудайдын эркин аткаруу чөмүлгөнгө чейин эле негизги максатың болушу керек. (Оку: 1 Петир 4:2.)

КОРКУУ СЕЗИМИН ЖЕҢҮҮ

17. Эмне себептен айрымдар Кудайга арналбашы мүмкүн?

17 Жахабага арналуу олуттуу кадам болгондуктан, айрымдар аны жасоодон коркушат. Алар арналуу менен келүүчү жоопкерчиликтерди ойлоп, кооптонушу мүмкүн. Андай адамдар туура эмес иш жасап алып Жахабанын ишеничин актай албай калам деп коркуп, ага арналбай жүрө бериши ыктымал.

18 Өзүңдү Жахабага арноого эмне түрткү берет?

18 Жахабага болгон сүйүүң өскөндө, сен ага арналууга жана ошого ылайык жашоого түрткү аласың (Насаатчы 5:4). Ал эми бул кадамды жасагандан кийин Кудайга бардык жагынан жагууга, ага «татыктуу жашоого» умтуласың (Колосалыктар 1:10). Жахабаны сүйгөндүктөн анын эркин аткаруу сен үчүн оор жүктөй сезилбейт. Сенин да: «Кудайды сүйүү — бул анын осуяттарын аткаруу. Анын осуяттарын аткаруу оор эмес»,— деп жазган элчи Жаканга кошуларың шексиз (1 Жакан 5:3).

19. Эмне үчүн Кудайга арналуудан коркуунун кереги жок?

19 Кудайга арналуу үчүн жеткилең болуунун зарылдыгы жок. Жахаба сенин мүмкүнчүлүктөрүңдү эң сонун билет, ошондуктан колуңдан келбеген нерсени күтпөйт (Забур 103:14). Ал ийгиликке жетишиңди каалайт жана сени колдоп-кубаттайт. (Оку: Ышая 41:10.) Жахабага бүт жүрөгүң менен таянсаң, ал «жолдоруңду түздөөрүнө» эч күмөн санабасаң болот (Накыл сөздөр 3:5, 6).

АРНАЛУУҢДУ ЧӨМҮЛҮҮ МЕНЕН КӨРСӨТ

20. Эмне үчүн Жахабага арналганыңды эл алдында билдиришиң керек?

20 Жогоруда талкуулангандар тууралуу ой жүгүртүү сага өзүңдү Жахабага арноого жардам бериши мүмкүн. Кудайды чындап жакшы көргөн адам ишенимин «эл алдында» билдирүүгө да тийиш. Бул куткарылууга алып барат (Римдиктер 10:10). Аны кантип кылууга болот?

Ыйык Китепти изилдеген жигит чөмүлүп жатат

21, 22. Ишенимиңди эл алдында кантип билдире аласың?

21 Чөмүлүүнү кааласаң, жыйналышыңдын аксакалдар кеңешинин координаторуна кайрыл. Ал бир нече аксакалдын сени менен Ыйык Китептин негизги окууларын суроо-жооп иретинде талкуулашына кам көрөт. Эгер алар сени талаптарга жооп берет деп табышса, мүмкүнчүлүк болор замат чөмүлсөң болот *. Чөмүлүүнүн алдында, адатта, анын маанисин түшүндүргөн атайын баяндама айтылат. Андан соң баяндамачы чөмүлө тургандардын баарын эки жөнөкөй суроого жооп берүүгө чакырат. Ал суроолорго жооп берүү менен алар ишенимин «эл алдында» көрсөтүшөт.

22 Чөмүлүү менен адам башкаларга Кудайга арналганын жана Жахабанын Күбөлөрүнүн катарына кошулганын көрсөтөт. Жахабага арналганынын белгиси катары ал сууга толук чумкутулат.

ЧӨМҮЛҮҮҢДҮН МААНИСИ

23 «Атанын, Уулдун жана ыйык рухтун атынан чөмүлүү» деген эмнени билдирет?

23 Иса жолдоочуларынын «Атанын, Уулдун жана ыйык рухтун атынан чөмүлө» турганын айткан (Матай 28:19). Бул чөмүлүп жаткан адамдын Жахаба Кудай менен Иса Машаяктын ээлеген абалын жана бийлигин кабыл аларын көрсөтөт (Забур 83:18; Матай 28:18). Ошондой эле Кудайдын ыйык рухунун, иш-аракет кылуучу күчүнүн, кандай кызмат аткарарын түшүнөрүн да билдирет (Галатиялыктар 5:22, 23; 2 Петир 1:21).

24, 25. а) Чөмүлүү эмнени символдоштурат? б) Кайсы суроого жооп алганыбыз маанилүү?

24 Бирок чөмүлүү бул сууга чумкутулуу эле эмес. Ал маанилүү нерсени символдоштурат. Сууга чумкутулганың мурунку жашооң үчүн өлгөнүңдү, ал эми кайра турганың Кудайдын эркин аткаруу үчүн тирилгениңди билдирет. Бул кадамды жасоо менен сен өзүңдү кайсы бир ишке, адамдарга же уюмга эмес, Жахаба Кудайга арнайсың. Муну эч качан унутпа. Арналуу жана чөмүлүү Кудай менен жакын дос болууга жол ачат (Забур 25:14).

25 Анткен менен чөмүлүү куткарылууга кепилдик бербейт. Иса Машаяк: «Акырына чейин чыдаган адам куткарылат»,— деп айткан (Матай 24:13). Чөмүлүү — бул куткарылууга алып бара турган биринчи эле кадам. Куткарылуу үчүн Кудайдын сүйүүсүнөн айрылбаганга умтулушубуз керек. Ан үчүн кандай иш-аракеттерди кылышыбыз зарыл? Бул суроо акыркы бөлүмдө талкууланат.

^ 21-абз. Чөмүлүү, адатта, Жахабанын Күбөлөрүнүн жыйындарында өткөрүлөт.