Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

12-БӨЛҮМ

Жашооңду Кудайга жаккыдай өткөр

Жашооңду Кудайга жаккыдай өткөр
  • Канткенде Кудай менен дос боло аласың?

  • Шайтан көтөргөн талаш маселенин сага кандай тиешеси бар?

  • Кандай жүрүм-турум Жахабага жакпайт?

  • Канткенде Кудайга жаккыдай жашай аласың?

1, 2. Жахаба кимдерди өзүнүн жакын достору катары эсептеген?

КАНДАЙ адам менен дос болот элең? Көз карашы, кызыккан жана баалаган нерселери сеникиндей болгон, ошондой эле чынчылдык, боорукердик сыяктуу жакшы сапаттары бар адам менен дос болгуң келери шексиз.

2 Тарых көрсөтүп тургандай, айрымдар Кудай менен ынак мамиледе болушкан. Мисалы, Жахаба Ыбрайым пайгамбарды өзүнүн досу деп атаган. (Оку: Ышая 41:8; Жакып 2:23.) Ал эми Дөөтү падышаны «жүрөгүмө жаккан адам» деген, анткени ал Кудайга жаккан сапаттарга ээ болгон (Элчилер 13:22). Даниел пайгамбарды болсо Жахаба «абдан сүйүктүү кишиси» катары көргөн (Даниел 9:23).

3. Жахаба кандай адамдар менен дос болууну каалайт?

3 Эмне үчүн Жахаба Ыбрайым, Дөөтү жана Даниел пайгамбарларды өзүнүн досу катары эсептеген? Ыбрайымга ал бир жолу: «Менин тилимди алдың»,— деп айткан (Башталыш 22:18). Мындан Кудайдын ага момундук менен баш ийген адамдарды жактырары көрүнүп турат. «Мени уккула,— деген ал ысрайыл элине,— ошондо силердин Кудайыңар болом, силер болсо менин элим болосуңар» (Жеремия 7:23). Демек, Жахабага баш ийсең, сен да аны менен дос боло аласың!

ЖАХАБА ӨЗҮНҮН ДОСТОРУН КОЛДОЙТ

4, 5. Жахаба өзүнүн элин кантип колдоп келет?

4 Кудай менен дос болуу кандай зор сыймык! Ыйык Китепте: «Жахаба өзүнүн күчүн ага бүт жүрөгү менен берилген адамдарга жардам бергенге колдонуш үчүн бүт жер жүзүн карап турат»,— деп айтылат (2 Жылнаама 16:9). Кудай сага кандай жолдор менен колдоо көрсөтөт? Мисалы, Забур 32:8ден анын: «Сага түшүнүк берем, сени жүрүшүң керек болгон жолго салам. Кеңеш берем, сенден көзүмдү албайм»,— деген сөздөрүн окуйбуз.

5 Бул аятта Жахабанын назиктик менен кам көрөрү кандай сонун сүрөттөлгөн! Ал сага жетекчилик берип, ага ылайык иш кылышыңа көмөк көрсөтөт. Кудай ар кыл сыноолор менен кыйынчылыктарды көтөрүүгө да жардам берүүнү каалайт. (Оку: Забур 55:22.) Демек, Жахабага чын жүрөктөн кызмат кылсаң, сен да забурчуга окшоп: «Жахаба дайыма көз алдымда. Ал оң жагымда болгондуктан, мен олку-солку болбойм»,— деп ишенимдүү түрдө айта аласың (Забур 16:8; 63:8). Ооба, Жахаба жашооңду ага жаккыдай кылып өткөрүүгө жардам бере алат. Бирок, буга чейин окуп билгениңдей, Кудайдын душманы сага бул жагынан бут тосууга умтулат.

ШАЙТАН АДАМДАРГА КАРАТА КАНДАЙ ШЕК ТУУДУРГАН?

6. Шайтан адамдарга карата кандай шек туудурган?

6 Бул китептин 11-бөлүмүндө Ибилистин Кудайдын Эгедер болууга укуктуу экенин кантип талашка салганы түшүндүрүлгөн. Ал Жахабаны жалганчы жана Адам ата менен Обо энеге эмне жакшы, эмне жаман экенин өз алдынча чечүүгө жол бербеген адилетсиз башкаруучу кылып көрсөткөн. Биринчи түгөй күнөө кетиргенден кийин жана жер бетинде алардын тукумдары көбөйө баштаганда, Шайтан бардык адамдардын ниетине шек туудурган. Ал: «Адамдар Кудайга аны сүйгөндүктөн кызмат кылбайт. Мага мүмкүнчүлүк берилсе, баарын андан баш тарттыра алам»,— деген. Анын мындай ойдо болгонун Аюп жөнүндөгү билдирүүдөн көрүүгө болот. Аюп деген ким эле? Анын Шайтан көтөргөн маселеге кандай катышы болгон?

7, 8. а) Аюп пайгамбар өзүнүн замандаштарынан эмнеси менен айырмаланган? б) Шайтан анын ниетине эмне деп шек туудурган?

7 Аюп мындан 3 600 жылдай мурун жашаган жакшы киши болгон. Жахаба ал жөнүндө: «Жер жүзүндө андай адам жок. Ал — кемчиликсиз, түз жүргөн, Кудайдан корккон жана жамандыктан алыс жүргөн киши»,— деген (Аюп 1:8). Ооба, Аюп пайгамбар Кудайга жаккан.

8 Шайтан болсо анын Кудайга таза ниет менен кызмат кылып жатканына шек туудурган. Ал Жахабага: «Сен аны [Аюпту] да, үйүн да, колундагысынын баарын туш тарабынан коргоп жаткан жоксуңбу? Анын кол эмгегине батаңды берип жатасың, малы жер жайнап жайылып жүрөт. Бирок колуңду сунуп, эмнеси болсо, ошонун баарына тийип көрчү, сага тил тийгизбей коёт бекен, ачык эле тил тийгизет»,— деген (Аюп 1:10, 11).

9. Жахаба Шайтандын шек келтирүүсүнө кантип жооп берген жана эмне үчүн?

9 Ибилистин айтымында, Аюп пайгамбар Кудайга андан бир нерсе алып жаткандыктан эле кызмат кылган. Андан сырткары, ал Аюп сыноого дуушар болсо, Жараткандан баш тартат деген. Жахаба Шайтанга кантип жооп берген? Кеп Аюп пайгамбардын ниети жөнүндө болгондуктан, Кудай Шайтанга аны сыноого жол берген. Себеби ошондо Аюптун Кудайды сүйөр-сүйбөсү билинмек.

АЮП ПАЙГАМБАР СЫНООЛОРДУ ИЙГИЛИКТҮҮ КӨТӨРГӨН

10. Аюп пайгамбар кандай каргашаларга туш болгон жана ошондой учурда да эмне кылган эмес?

10 Шайтан Аюп пайгамбарды ар кандай жолдор менен сынай баштаган. Малдарынын айрымдарын уурдап кетишсе, башкалары кырылып жок болгон. Кулдарынын көбү киши колдуу болуп өлгөн. Ошентип, Аюп бүт мал-мүлкүнөн ажыраган. Анысы аз келгенсип, көп өтпөй он баласы тең катуу шамалдан каза тапкан. Ушундай каргашаларга учураганына карабастан Аюп пайгамбар күнөө кылган эмес жана Кудайга акарат келтирген эмес! (Аюп 1:22).

11. а) Шайтан Аюп пайгамбарга дагы кандай айып таккан жана Жахаба эмне кылган? б) Азаптуу ооруга чалдыкканда да Аюп пайгамбар эмне кылган эмес?

11 Шайтан ошону менен эле тим болгон эмес. Ал: «Аюп мал-мүлкүнөн, кулдарынан, балдарынан айрылганына чыдаганы менен, катуу ооруга чалдыкса, Кудайдан сөзсүз баш тартат»,— деп ойлосо керек. Жахаба ага пайгамбарды ошентип да сынап көрүүгө жол берген. Жан сыздаткан илдетке кабылганда да Аюп Кудайга болгон ишенимин жоготкон эмес. Ал чечкиндүү түрдө: «Өлөр-өлгөнчө кынтыксыздыгыман жазбаймын!» — деген (Аюп 27:5).

Аюп пайгамбар ишенимдүүлүгү үчүн бата алган

12. Шайтандын Аюп пайгамбарга койгон айыптоолору жалган экени кандайча далилденген?

12 Аюп пайгамбар өзү туш болгон каргашанын баарына Шайтан күнөөлүү экенин билген эмес. Ал Жахабанын эгедерлигине байланышкан талаш маселе жөнүндө да толук билбегендиктен, башына түшкөн мүшкүлдүн баарына Кудай себепкер деп ойлогон (Аюп 6:4; 16:11—14). Ошентсе да анын алдында кынтыксыз бойдон калган. Натыйжада Шайтандын айыптоосу жалган экени жана Аюп пайгамбардын Кудайга өз кызыкчылыгын көздөгөндүктөн эмес, чын жүрөктөн кызмат кылары далилденген.

13. Аюп пайгамбардын ишенимдүү бойдон калганынын натыйжасы кандай болгон?

13 Аюп пайгамбардын ишенимдүү бойдон калганы Жахабага Шайтандын шек келтирүүсү негизсиз экенин көрсөтүүгө мүмкүндүк берген. Аюп пайгамбар Кудайдын досу болгон жана берилгендигин сактаганы үчүн көп бата алган (Аюп 42:12—17).

ТАЛАШ МАСЕЛЕНИН САГА КАНДАЙ ТИЕШЕСИ БАР?

14, 15. Эмне үчүн Шайтандын шек келтирүүсү Аюп пайгамбарга эле эмес, бардык адамдарга тиешелүү деп айта алабыз?

14 Кудайдын алдында кынтыксыз болууга байланыштуу маселе Аюп пайгамбарга гана тиешелүү болгон эмес. Анын сага да тиешеси бар. Бул Накыл сөздөр 27:11де айтылгандардан айкын көрүнүп турат. Ал жерден: «Уулум, акылдуу бол, жүрөгүмдү кубант. Ошондо мени жаманатты кылганга жооп берем»,— дегенди окуйбуз. Аюп пайгамбар өлгөндөн жүздөгөн жылдар өткөндөн кийин жазылган бул сөздөр Шайтандын дагы эле Кудайга тил тийгизип, анын кызматчыларынын ниетине шек туудуруп жатканын көрсөтүп турат. Андыктан Ыйык Китептеги мыйзам-принциптерге ылайык жашоо менен биз Шайтандын жалаасын төгүнгө чыгарып, Жахабанын жүрөгүн кубантабыз. Муну билүү сенде кандай сезимдерди туудурат? Ибилиске жооп кайтаруу үчүн айрым жактардан өзгөрүүгө туура келсе да, анын жалганчы экенин далилдөөгө катышуу чоң сыймык эмеспи?

15 Шайтандын: «Адам... жаны үчүн... колунда болгондун баарын берет»,— дегенине көңүл бурсаң (Аюп 2:4). «Адам» деп айтуу менен ал Аюптун эле эмес, бардык адамдардын ниетине шек туудурган. Бул — абдан маанилүү ой. Шайтан сенин да Кудайдын алдында кынтыксыз бойдон каларыңа шек келтирген. Ал Кудайга баш ийбешиңди жана кыйынчылык болгондо түз жолдон чыгып кетишиңди каалайт. Ал үчүн кандай аракеттерди жасайт?

16. а) Шайтан адамдарды Кудайдан баш тарттыруу үчүн кандай ыкмаларды колдонот? б) Ал ыкмаларын сага каршы кантип колдонушу мүмкүн?

16 Бул китептин 10-бөлүмүндө айтылгандай, адамдарды Кудайдан баш тарттыруу үчүн Шайтан ар кандай ыкмаларды колдонот. Кээде ал «арылдаган арстан сыяктуу» кол салат (1 Петир 5:8). Мисалы, Ыйык Китепти изилдешиңе жана окуп-билгендериңе ылайык иш кылышыңа жолтоо кылуу үчүн досторуңду, туугандарыңды же дагы башкаларды колдонушу мүмкүн * (Жакан 15:19, 20). Айрым учурларда Шайтан, тескерисинче, «өзүн жарыктын периштеси кылып көрсөтөт» (2 Корунттуктар 11:14). Андайда ал сени амалкөйлүк менен адаштырып, туура жолдон бурууга аракет кылат. Андан тышкары, Кудайга кызмат кылууга татыксызмын деген сыяктуу ойлор менен көңүлүңдү чөгөрүүгө умтулат (Накыл сөздөр 24:10). «Арылдаган арстандай» же «жарыктын периштесиндей» иш кылабы, Шайтан сенин сыноого же азгырыкка кабылганда Кудайга кызмат кылбай каларыңды далилдөөгө аракеттенет. Аюп пайгамбарга окшоп, Шайтандын жалганчы экенин жана Кудайды чындап сүйөрүңдү кантип көрсөтө аласың?

ЖАХАБАНЫН ОСУЯТТАРЫН АТКАР

17. Кудайдын осуяттарын аткарууга эң алды эмне түрткү бериши керек?

17 Кудайга жаккыдай жашасаң, Шайтандын жалганчы экенин көрсөтөсүң. Жахабанын талаптарына ылайык жашаш үчүн эмне кылышың керек? Ыйык Китепте: «Жахаба Кудайыңды бүт жүрөгүң менен, бүт жаның менен, бүт күчүң менен сүй»,— делет (Мыйзам 6:5). Кудайга болгон сүйүүң арткан сайын, анын талаптарын аткарууга болгон каалооң да өсө берет. Элчи Жакан: «Кудайды сүйүү — бул анын осуяттарын аткаруу»,— деп жазган. Жахабаны чын жүрөктөн сүйсөң, «анын осуяттарын аткаруу» оор болбойт (1 Жакан 5:3).

18, 19. а) Жахабанын айрым осуяттары кайсылар? ( 122-беттеги кутучаны кара.) б) Кудай колубуздан келбеген нерсени талап кылбай турганын кайдан билебиз?

18 Жахаба кандай осуяттарды берген? Алардын айрымдары кандай жүрүм-турумдан качышыбыз керектигин көрсөтүп турат. 122-беттеги « Жахаба жек көргөн нерселерден кач» деген кутучага көңүл бурсаң. Ал жерде Ыйык Китепте ачыктан-ачык айыпталган иштердин тизмеси берилген. Бир караганда, алардын айрымдары анча деле жаман эместей көрүнөттүр. Бирок келтирилген аяттардын үстүнөн ой жүгүрткөн соң, Жахабанын мыйзамдары туура экенин баамдаарың шексиз. Жашооңдо кайсы бир өзгөрүүлөрдү жасоо көп күч-аракетти талап кылса да, Кудайдын принциптерине ылайык жашоо бактылуу болушуңа өбөлгө түзөт (Ышая 48:17, 18). Сен жашооңду Жахабаны кубанткыдай өткөрө аласың. Эмне үчүн минтип айтууга болот?

19 Жахаба эч качан колубуздан келбеген нерсени талап кылбайт. (Оку: Мыйзам 30:11—14.) Ал күчүбүздүн эмнеге жетерин эң сонун билет (Забур 103:14). Ошондой эле туура жолдон чыкпоого жардам бере алат. Элчи Пабыл: «Кудай ишенимдүү; ал силердин алыңар жеткис азгырыктарга кабылышыңарга жол бербейт. Тескерисинче, азгырыкка дуушар болгонуңарда, туруштук бере алышыңар үчүн, жагдайдан чыгуунун жолун көрсөтөт»,— деп жазган (1 Корунттуктар 10:13). Ооба, кыйынчылыктарды көтөрө алышыбыз үчүн, Жахаба «адаттан тышкаркы күч» берет (2 Корунттуктар 4:7). Далай сыноого туруштук берген Пабыл: «Мага күч-кубат бергендин жардамы менен баарын кыла алам»,— деп айткан (Филипиликтер 4:13).

КУДАЙГА ЖАККАН САПАТТАРДЫ ӨРЧҮТ

20. Кудайга жаккан кандай сапаттарды өрчүтүшүң керек жана эмне үчүн?

20 Жахабага жагуу үчүн ал жек көргөн нерселерден качкандан сырткары, ал жакшы көргөн нерселерди жакшы көрүшүң абзел (Римдиктер 12:9). Сен деле көз карашы, кызыккан жана баалаган нерселери сеникиндей болгон адам менен дос болгуң келет, чынбы? Жахаба жөнүндө да ушуну айтууга болот. Ошондуктан ага жаккан нерселерди сүйүүгө үйрөн. Алардын айрымдары тууралуу 15-забурда жазылган. (Оку: Забур 15:1—5.) Ал жерден Кудайдын достору кандай болушу керектигин биле алабыз. Аны менен дос болгондор «рухтун жемишин» өстүрүшөт. Ыйык Китепте ага «сүйүү, кубаныч, тынчтык, чыдамкайлык, боорукердик, жакшылык, ишеним, жумшактык, өзүн өзү кармай билүү» сыяктуу сапаттар кирери айтылат (Галатиялыктар 5:22, 23).

21. Кудайга жаккан сапаттарды өрчүтүүгө эмне жардам берет?

21 Жакшы сапаттарды өрчүтүүгө Ыйык Китепти дайыма окуп-изилдөө жардам берет. Кудайдын талаптарын билүүнүн аркасында ага жаккандай ой жүгүртүүгө үйрөнөсүң (Ышая 30:20, 21). Жахабага болгон сүйүүң өскөн сайын, анын нормаларына ылайык жашоого болгон каалооң да өсө берет.

22. Кудайга жаккандай жашоонун натыйжасы кандай болот?

22 Албетте, Жахабага жаккыдай жашаш үчүн күч-аракет талап кылынат. Ыйык Китепте адамдын жакшы жакка өзгөрүшү эски табиятты чечип, жаңы табиятты кийүүгө салыштырылат (Колосалыктар 3:9, 10). Забурчу Жахабанын осуяттарын «аткаргандар чоң сыйлык аларын» айткан (Забур 19:11). Сен да Кудайга жаккандай жашоо көптөгөн баталарды алып келерине ынана аласың. Баарынан маанилүүсү, Шайтандын адамдарга карата айткан шек келтирүүсү негизсиз экенин далилдеп, Жахабанын жүрөгүн кубантасың!

^ 16-абз. Бул сага каршылык көрсөткөн адамдардын ар бирин Шайтан тукурат дегенди билдирбейт. Анткен менен Ибилис — бул дүйнөнүн кудайы жана бүт дүйнө анын бийлиги астында жатат (2 Корунттуктар 4:4; 1 Жакан 5:19). Ошондуктан Кудайга жаккыдай жашоо өткөрүүнү баары эле жактыра бербеси, атүгүл айрымдардын сага каршылык көрсөтөрү турган иш.