Элчилер 3:1—26

3  Петир менен Жакан тиленүү маалында, тогузунчу* саатта+, ибадатканага баратышкан эле.  Ошол учурда бирөөлөр тубаса+ аксак бир кишини көтөрүп баратышкан. Ибадатканага кирип бараткандардан кайыр сурашы үчүн+, аны күн сайын ибадаткананын Кооз деп аталган дарбазасынын+ жанына калтырып кетишчү.  Ал Петир менен Жакандын ибадатканага киргени жатканын көрүп, алардан кайыр сурай баштады+.  Экөө аны тигиле карап калышты+. Анан Петир ага: «Бери карасаң»,— деди.  Тиги киши бир нерсе үмүт этип, алардан көзүн албай тиктеп калды.  Ошондо Петир: «Менде күмүш да, алтын да жок. Бирок эмнем бар болсо, ошону берейин+: назареттик Иса Машаяктын атынан+ айтам, бас!» — деди+.  Анан аны оң колунан кармап+, өйдө тургузду. Ошол замат бутуна күч киргендиктен+,  ал ыргып туруп+, баса баштады. Анан улам секирип, Кудайды даңктап, алар менен бирге ибадатканага кирди+.  Анын басып, Кудайды даңктап жүргөнүн бүт эл көрдү+. 10  Алар анын ибадаткананын Кооз дарбазасынын алдында кайыр сурап отурган киши экенин таанып+, басып жүргөнүнө аябай таң калышты+. 11  Ал Петир менен Жаканды коё бербей кармап алгандыктан, эл алардын жанына, Сулаймандын катар түркүктөрү деп аталган жайга+ чуркап барды. Алар болгон окуяга таң калып жатышты. 12  Муну көргөндө Петир элге кайрылып, мындай деди: «Ысрайылдыктар, буга эмнеге таң калып жатасыңар? Бул кишини өз күчүбүз менен же Кудайга берилгендигибизден улам бастырып жибергенсип+, бизди эмнеге карап турасыңар? 13  Ыбрайымдын, Ыскактын жана Жакыптын Кудайы+, ата-бабаларыбыздын Кудайы, өзүнүн Кызматчысы+ Исаны даңктады+. Силер болсо аны душмандын колуна салып берип+, Пилат аны бошотмокчу болгондо, Пилаттын алдында андан баш тартып кеткенсиңер+. 14  Ооба, силер ыйык, адил адамдан+ баш тартып кеттиңер. Киши өлтүргүчкө ырайым кылынышын сурап+, 15  өмүр Башчысын+ болсо өлтүрүп салдыңар. Бирок Кудай аны тирилтип алды; буга биз өзүбүз күбөбүз+. 16  Азыр болсо анын ысмы жана биздин ал ысымга болгон ишенимибиз өзүңөр көрүп, таанып турган бул кишиге күч берди. Иса аркылуу ээ болгон ишенимибиз бул кишини баарыңардын көзүңөрчө сопсоо кылып койду. 17  Бирок, агайын-туугандар, башчыларыңар+ сыяктуу эле силердин да ал ишти билбестиктен улам+ кылганыңарды билем. 18  Кудай болсо ага Машаяктын азап чегери жөнүндө бардык пайгамбарлары аркылуу алдын ала айткандары аткарылышы үчүн жол берген+. 19  Ошондуктан, күнөөлөрүңөр кечирилиши* үчүн+, өкүнгүлө+, Кудайга кайрылгыла+. Ошондо Жахабадан жандандыра турган убактар келет+. 20  Ал силерге өзү дайындаган Машаякты, Исаны, жиберет. 21  Ал болсо Кудайдын байыркы убактагы ыйык пайгамбарлары аркылуу айткандарынын баары+ калыбына келтириле турган убактарга чейин+ асманда болот+. 22  Муса: „Жахаба Кудай силерге бир туугандарыңардын арасынан мен сыяктуу пайгамбарды дайындайт+. Ал эмне айтса, ошонун баарын уккула+. 23  Ал Пайгамбарды укпаган ар бир жан эл ичинен жок кылынат“,— деген+. 24  Ошентип, бардык пайгамбарлар: Шемуел да, андан кийинкилер да ушул күндөр жөнүндө ачык жарыялашкан+. 25  Силер пайгамбарлардын уулдарысыңар, ата-бабаларыңар менен түзүлгөн келишимдин балдарысыңар+. Кудай ал келишимди түзүп жатканда Ыбрайымга: „Сенин тукумуң аркылуу жер жүзүндөгү бардык элдер бата алат“,— деп айткан+. 26  Кудай ар бириңерди жаман иштериңерден буруп, бата бериш үчүн, өзүнүн Кызматчысын дайындап, аны биринчи силерге жиберген»+.

Шилтемелер

Түштөн кийинки саат үчтөр.
Сөзмө-сөз: «өчүрүлүшү».