Матай 28:1—20

28  Ишемби өткөндөн кийин, жуманын биринчи күнү* эртең менен эрте магдалалык Мариям менен башка Мариям мүрзөнү көргөнү келишти+.  Ошондо күтүлбөгөн жерден катуу жер титирөө болду, анткени асмандан Жахабанын периштеси түшүп келди. Ал мүрзөнүн оозундагы ташты жылдырып, анын үстүнө отурду+.  Анын көрүнүшү чагылгандай+, кийими болсо аппак кардай эле+.  Үрөйлөрү учкан күзөтчүлөр калчылдап, нес болуп туруп калышты.  Периште+ аялдарга кайрылып: «Коркпогула. Мен силердин устунга кадалган Исаны издеп жүргөнүңөрдү билем+.  Ал бул жерде жок, анткени, өзү айткандай, тирилди+. Бери келип, анын жаткан жерин карап көргүлө.  Анан тезинен барып, шакирттерине анын тирилгенин кабарлагыла+. Аларга: „Ал Галилеяга силерден мурун барат+, аны ошол жерден көрөсүңөр“,— деп айткыла. Мен силерге ушуларды айтыш үчүн келдим»,— деди+.  Ошондо бир чети коркуп, бир чети кубанган аялдар бул жөнүндө шакирттерге кабарлаш үчүн шашкан бойдон чуркап кетишти+.  Жолдон аларга Иса жолугуп: «Кандайсыңар!» — деди. Аялдар жанына келип, ага таазим кылып, бутун кучактай жыгылышты. 10  Иса аларга: «Коркпогула! Барып, бир туугандарыма кабарлагыла+: алар Галилеяга барышсын. Мени ошол жерден көрүшөт»,— деп айтты. 11  Аялдар жолдо баратканда, сакчылардын+ айрымдары шаарга барып, болгон окуянын баарын жогорку дин кызматчыларга айтып беришти. 12  Жогорку дин кызматчылар эл аксакалдары менен жолугуп, өз ара кеңешкенден кийин жоокерлерге көп күмүш тыйын берип+: 13  «„Түндө уктап жатканыбызда, шакирттери келип+, уурдап кетишиптир“,— деп айткыла. 14  Эгер башкаруучу билип калса, аны менен өзүбүз сүйлөшүп коёбуз, коркпой эле койгула»,— дешти. 15  Жоокерлер күмүш тыйындарды алып, тигилер айткандай кылышты. Ошентип, ал сөз жүйүттөрдүн арасында бүгүнкү күнгө чейин айтылып жүрөт. 16  Исанын он бир шакирти Галилеяга+, ал айткан тоого барышты. 17  Ал жерден Исаны көрүп, ага таазим кылышты. Бирок кээ бирлери анын Иса экенине шектенип жатты+. 18  Ошондо Иса алардын жанына келип, мындай деди: «Асмандагы жана жердеги бийликтин баары мага берилди+. 19  Ошондуктан баргыла да, бардык элдерден+ шакирт даярдагыла+. Аларды Атанын+, Уулдун+ жана ыйык рухтун атынан+ чөмүлдүргүлө+, 20  ошондой эле аларга силерге буйруганымдын+ баарын аткарууну+ үйрөткүлө+. Дүйнө түзүлүшү аяктаганга чейин+, мен ар дайым силер менен болом»+.

Шилтемелер

Бул күн азыр жекшемби деп аталат. Жүйүттөр үчүн жуманын биринчи күнү болгон.