Забур 83:1—18
Ыр. Асаптын забуру+.
83 Оо, Кудай, унчукпай койбо+,Үн катпай, тынч тура бербе, оо, Кудай+.
2 Мына, душмандарың дүрбөп+,Сени жек көргөндөр баш көтөрүштү+.
3 Алар сенин элиңе каршы амал издеп+,Өзүң коргоп жүргөндөргө каршы кеңешишти+.
4 «Барып, ысрайыл элин кырып салалы+,Анын аты экинчи эскерилгис болсун»,— дешти+.
5 Алар бир добуштан макулдашып, өз ара кеңешишти+,Сага каршы келишим түзүштү+.
6 Эдомдун+, Ысмайыл тукумдарынын чатырлары, Маап+, Агры+,
7 Гебал, Амон+, Амалык,Пелишти+, Тирдин+ тургундары келишим түзүштү.
8 Ашур* да аларга кошулду+,Алар Лоттун уулдарына* колун сунушту+. (Села)
9 Мидианга+, Сисерага+ кылганыңды,Кишон өзөнүндө+ Жабинге+ кылганыңды аларга да кыл.
10 Алар Эн-Дордо+ жок кылынган,Жерге чачылган кыкка айланган+.
11 Орепке, Зепке+ кылганыңды алардын аттуу-баштууларына кыл,Зебакка, Залмунга кылганыңды төрөлөрүнө кыл+.
12 Алар: «Кудайдын турагы болгон жерлерди ээлеп алалы»,— дешкен+.
13 Оо, Кудайым, аларды куюн учурган коко тикендей+,Шамал учурган самандай кыл+.
14 От токойду өрттөгөндөй+,Жалын тоолорду жалмагандай+,
15 Сен да аларды бороонуң менен кубала+,Катуу шамалың менен дүрбөлөңгө түшүр+.
16 Оо, Жахаба, сенин ысмыңды издеши үчүн+,Алардын жүзүн жер карат+.
17 Алар түбөлүккө уят болушсун, айласын таппай калышсын+,Алдастап, тыйпыл болушсун+.
18 Сенин ысмың Жахаба экенин+,Жер үстүндөгү+ Эң Жогорку Кудай+ жалгыз сен экениңди баары билсин+.