Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

9-БӨЛҮМ

Азыр акыркы күндөр экенин кайдан билебиз?

Азыр акыркы күндөр экенин кайдан билебиз?
  • Ыйык Китепте биздин күндөрдүн кайсы өзгөчөлүктөрү алдын ала айтылган?

  • Анда акыркы убакта жашай турган адамдар жөнүндө эмне делген?

  • Ыйык Китепке ылайык, азыр кубанууга кандай себептер бар?

1. Келечек тууралуу кайдан билүүгө болот?

ТЕЛЕВИЗОРДОН жаңылыктарды көргөндө: «Заман деги эмне болуп баратат?» — деп далай жолу ойлонгондурсуң. Азыркы шум дүйнөдө кайгы-касиреттер капилеттен болуп жаткандыктан, бир да адам эртең эмне болорун айта албайт (Жакып 4:14). Бирок Жахаба келечекте эмне болорун билет (Ышая 46:10). Ал өзүнүн Сөзүнө, Ыйык Китепке, бүгүнкү күндөгү кырсык-каргашалар жөнүндө эле эмес, алдыда күтүп турган баталар тууралуу да жаздырган.

2, 3. Шакирттери Иса Машаякка кандай суроо беришкен жана ал эмне деп жооп берген?

2 Иса Машаяк жамандыктын баарын жок кылып, жер бетин бейишке айланта турган Падышалык жөнүндө кабар айткан (Лука 4:43). Көптөр ал Падышалыктын качан келерин билүүнү каалашкан. Мисалы, шакирттери Исадан: «Сенин катышууңдун убагын жана бул дүйнө түзүлүшүнүн аяктап баратканын кайсы белгиден билүүгө болот?» — деп сурашкан (Матай 24:3). Иса анын так убактысын Жахаба гана билерин айткан (Матай 24:36). Бирок ал Кудайдын Падышалыгы тынчтык менен коопсуздукту орнотордун алдында жер бетинде кандай окуялар болорун пайгамбарлык кылган. Анын айткандары көз алдыбызда аткарылууда!

3 «Бул дүйнө түзүлүшүнүн аяктап баратканын» көрсөткөн белгилерди талкуулардан мурун асманда кандай согуш болгонун карап көрөлү. Адамдар ал согушту көрбөсө да, анын жыйынтыгы ар бирибизге таасир этүүдө.

АСМАНДА БОЛГОН СОГУШ

4, 5. а) Тактыга отурганынан көп өтпөй Иса эмне кылган? б) Аян 12:12ге ылайык, асманда болгон согуштун натыйжасы кандай болгон?

4 Мурунку бөлүмдө Иса Машаяктын 1914-жылы асманда падышалык кыла баштаганы айтылган. (Оку: Даниел 7:13, 14.) Ал тактыга отурганынан көп өтпөй ишке киришкен. Ыйык Китепте: «Асманда согуш чыкты: Микеил [Иса] менен анын периштелери ажыдаар [Шайтан Ибилис] менен согушушту. Ажыдаар да өзүнүн периштелери менен аларга каршы согушту»,— деп айтылат *. Шайтан менен жин-перилер жеңилип, асмандан жерге куулушкан. Бул Кудайдын ишенимдүү периштелерине кубаныч, ал эми адамдарга кайгы алып келген. Ыйык Китепте мунун себеби: «Жер менен деңизге кайгы, анткени Ибилис убактысынын аз калганын билип, силерге катуу каары менен түштү»,— деп түшүндүрүлөт (Аян 12:7, 9, 12).

5 Асманда болгон ал согуштун натыйжасы кандай болгонун байкасаң. Катуу каары менен түшкөн Шайтан жердегилерди каргашаларга дуушар кыла баштаган. Бул бөлүмдөн биз дал ошол убакта жашап жатканыбызды билебиз. Бирок ал убак салыштырмалуу кыска мөөнөткө созулат. Муну атүгүл Шайтан да билет. Ыйык Китепте ал убак «акыркы күндөр» деп аталат (2 Тиметей 3:1). Жакында Кудайдын Ибилисти жер бетинен жок кыларын билүү бизди кандай гана сүйүнтөт! Кел анда, бүгүнкү күндө аткарылып жаткан пайгамбарлыктардын айрымдарына токтолуп өтөлү. Алар акыркы күндөрдө жашап жатканыбызды жана Кудайдын Падышалыгы жакында Жахабаны сүйгөн адамдарга зор баталарды алып келерин тастыктап турат. Эң алды, Иса айткан жана биздин күндөргө мүнөздүү төрт өзгөчөлүктү карап көрөлү.

АКЫРКЫ КҮНДӨРДҮН НЕГИЗГИ ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ

6, 7. Исанын согуш жана ачарчылык жөнүндө айткандары кандайча аткарылууда?

6 «Бир эл бир элге, бир падышалык бир падышалыкка каршы көтөрүлөт» (Матай 24:7). Өткөн кылымдагы согуш-жаңжалдарда миллиондогон адамдардын өмүрү кыйылган. Британиялык бир тарыхчы: «20-кылым тарыхтагы эң кыргындуу мезгил болду... Ошол кылымда, кыска мөөнөткө эле токтогону болбосо, согуш оту эч өчкөн жок»,— деп жазган. Изилдөөлөрдү жүргүзгөн бир институттун билдирүүсүндө: «20-кылымдагы согуштарда каза тапкан адамдардын саны б. з. 1-кылымынан берки согуштардын баарында курман болгондордун санынан үч эсе ашып түштү»,— деп белгиленген. 1914-жылдан тартып согуштун айынан 100 миллиондон ашык киши өлүмгө дуушар болгон. Анын кандай азап-кайгы алып келгенин жакындары согушта каза болгон миллиондогон адамдар жакшы билишет. Балким, андай жоготууга сен да учурагандырсың.

7 «Жер-жерлерде ачарчылык... болот» (Матай 24:7). Изилдөөлөр көрсөтүп тургандай, акыркы 30 жылдын ичинде азык-түлүк өндүрүү болуп көрбөгөндөй жогорулады. Бирок көптөр мурдагыдай эле ачарчылыктан жабыр тартып келишет, себеби тамак-ашка же бир нерселерди эгип өстүрүү үчүн жер сатып алууга акчалары жок. Өнүгүп келаткан өлкөлөрдө миллиарддан ашык адам күнүнө бир долларга же ага жетпеген өлчөмдөгү каражатка жашоого аргасыз болууда. Алардын басымдуу бөлүгү дайыма чала тойгондуктан жапа чегип келет. Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун билдирүүсүнө ылайык, жылына беш миллиондон ашуун бала ачкачылыктын кесепетинен каза табат.

8, 9. Иса пайгамбардын жер титирөө жана жугуштуу оорулар жөнүндө айткандары аткарылып жатканын эмне көрсөтүп турат?

8 «Катуу жер титирөө... болот» (Лука 21:11). АКШдагы Геологиялык кызматтын билдирүүсүнө ылайык, жылына орто эсеп менен 19 катуу жер титирөө болот. Алардын айынан жер кыртышында жаракалар пайда болуп, имараттар бузулат. Андан сырткары, орто эсеп менен алганда, жыл сайын үйлөр менен имараттардын таш-талканын чыгарган жер титирөөлөр болуп турат. Бир билдирүүдөн көрүнүп тургандай, 1900-жылдан бери жер титирөөлөр эки миллиондон ашуун кишинин өмүрүн алып кеткен. Дагы бир булакта: «Заманбап технологиялар ал сандын азайышына жарытылуу деле салым кошо алган жок»,— деп айтылат.

9 «Жер-жерлерде жугуштуу оорулар... болот» (Лука 21:11). Медицина тармагындагы жетишкендиктерге карабастан, оорунун жаңы түрлөрү пайда болуп, эскилери ээ-жаа бербей күч алууда. Бир билдирүүдө айтылгандай, жалпыга маалым 20 оору, алардын ичинде кургак учук, безгек жана холера акыркы он жылдыктарда кеңири тарады. Ал эми илдеттин айрым түрлөрү менен күрөшүүгө дары-дармектердин күчү жетпей баратат. Акыркы жылдары 30дай жаңы дарт пайда болду. Алардын кээ бирлери айыккыс жана аягы өлүм менен бүтөт.

АКЫРКЫ КҮНДӨРДӨ АДАМДАР КАНДАЙ БОЛОТ?

10. Акыркы күндөрдө адамдардын кандай болору тууралуу 2 Тиметей 3:1—5-аяттарда эмне делген?

10 Ыйык Китепте акыркы күндөрдө кандай окуялар болору эле эмес, адамдардын өзгөрөрү да айтылган. Элчи Пабыл алардын кулк-мүнөзүн таамай сүрөттөгөн. Ал: «Акыркы күндөрдө өзгөчө оор мезгилдин келерин бил»,— деп жазган. (Оку: 2 Тиметей 3:1—5.) Ошондой эле адамдардын төмөнкүдөй сапаттарды чагылдырарын белгилеген:

  • өзүн өзү сүйгөн,

  • акчаны сүйгөн,

  • ата-энесинин тилин албаган,

  • жакшылыкты билбеген,

  • эпке-сөзгө келбеген,

  • өзүн өзү кармай албаган,

  • ырайымсыз,

  • Кудайдын ордуна ырахатты сүйгөн,

  • Кудайга берилгендей болуп көрүнгөн, бирок берилгендигин иш жүзүндө көрсөтпөгөн.

11. Забур 92:7де жазылгандай, ыймансыздар эмне болот?

11 Айлана-чөйрөңдө ушундай адамдар жашайбы? Буга шек жок. Анткени андай адамдар кайсы жерден болбосун кездешет. Бул Кудайдын жакында чара көрөрүн көрсөтүп турат. Себеби Ыйык Китепте: «Ыймансыздар чөптөй өссө да, кыянаттык кылгандардын баары гүлдөсө да, алар акыр-аягы түбөлүккө жок болушат»,— делет (Забур 92:7).

КУБАНУУГА СЕБЕП БАР

12, 13. «Акыркы убакта» чыныгы билим кандайча көбөйдү?

12 Ооба, Ыйык Китепте айтылгандай, акыркы күндөрдө кырсык-каргашалар биринин артынан бири болууда. Ушундай коогалаңдуу мезгилде жашап жатышканына карабай Жахабанын кызматчыларында кубанууга арбын себептер бар.

13 Ыйык Жазманын Даниел китебинде: «Чыныгы билим көбөйөт»,— деп айтылган. Ал пайгамбарлык качан аткарылмак? «Акыркы убакта» (Даниел 12:4). Өзгөчө, 1914-жылдан тартып Жахаба өзүнө кызмат кылууну каалагандарга Ыйык Китепти тереңирээк түшүнүүгө жардам берип келет. Алар Кудайдын ысмы менен ой-ниети, Исанын куткаруу курмандыгы, өлгөндөрдүн абалы жана тирилүү жөнүндөгү баа жеткис чындыктарды түшүнүштү. Андан сырткары, Кудайды даңктагыдай жашап, бактылуу болуш үчүн эмне кылуу керектигин билишти. Алар Кудайдын Падышалыгы деген эмне экенин жана анын Жахабанын эркин жерде кандайча ишке ашырарын түшүнүштү. Алган билими аларга эмне кылууга түрткү берди? Бул суроо биздин күндөрдө аткарылып жаткан дагы бир пайгамбарлыкка көңүл бурдурат.

«Падышалык жөнүндөгү бул жакшы кабар дүйнө жүзү боюнча бардык элдерге күбөлөндүрүү катары таратылат» (Матай 24:14)

14. Падышалык жөнүндөгү кабар канчалык кеңири таратылууда жана аны кимдер жарыялоодо?

14 «Бул дүйнө түзүлүшүнүн аягы» жөнүндөгү пайгамбарлыгын айтып жатып Иса Машаяк: «Падышалык жөнүндөгү бул жакшы кабар дүйнө жүзү боюнча... таратылат»,— деген. (Оку: Матай 24:3, 14.) Падышалык жөнүндөгү жакшы кабар, тактап айтканда, анын эмне экени жана эмнелерди ишке ашырып, кандай баталарды алып келери жөнүндөгү кабар учурда дүйнө жүзү боюнча 230дан ашуун өлкөдө жүздөгөн тилдерде таратылууда. Бул кубанычтуу кабарды «ар бир элден, уруудан, улуттан чыккан, ар кандай тилдерде сүйлөгөн» миллиондогон Жахабанын Күбөлөрү жарыялоодо (Аян 7:9). Алар Ыйык Жазмада эмнелер айтыларын билүүнү каалаган миллиондогон адамдар менен үйдөн акысыз ыйык китептик изилдөөлөрдү өткөрүшөт. Исанын: «Баарына жек көрүндү болосуңар»,— деген сөздөрүн эске алганда, бул пайгамбарлыктын аткарылып жатканын керемет десе болот (Лука 21:17).

СЕН ЭМНЕ КЫЛАСЫҢ?

15. а) Акыркы күндөрдө жашап жатканыбызга ишенесиңби? Эмне үчүн? б) Дүйнөнүн «акыры» Жахабага каршы болгондор үчүн эмнени билдирет? Ал эми Кудайдын Падышалыгынын бийлигине баш ийгендер үчүн эмнени билдирет?

15 Бүгүнкү күндө көптөгөн пайгамбарлыктардын аткарылып жатканы сени акыркы күндөрдө жашап жатканыбызга ынандырбайбы? Жакшы кабар Жахаба туура көргөн деңгээлде таратылган соң, «дүйнө түзүлүшүнүн акыры келет» (Матай 24:14). «Дүйнө түзүлүшүнүн акыры» деген сөздөр Кудай жер бетинен жамандыктын баарын жок кыла турган убакты билдирет. Жахаба өзүнө каршы чыккандарды Иса Машаяк жана күчтүү периштелери аркылуу кыйратат (2 Тесалоникалыктар 1:6—9). Шайтан менен жин-перилер адамдарга терс таасирин тийгизе албай калышат. Андан кийин Кудайдын Падышалыгы өзүнүн адилеттүү бийлигине баш ийгендердин баарына сан жеткис баталарды алып келет (Аян 20:1—3; 21:3—5).

16. Азыр эмне кылганың абзел?

16 Шайтандын дүйнөсүнүн жок кылынарына аз калгандыктан: «Мен эмне кылышым керек?» — деп ойлонуп көрүшүбүз зарыл. Жахаба жана анын талаптары жөнүндө билим алууну уланта бергениң абзел (Жакан 17:3). Ыйык Китепти кылдат изилде. Жахабанын эркин аткарууга умтулган адамдар менен пикирлешүүнү адатка айландыр. (Оку: Еврейлер 10:24, 25.) Ыйык Китепти изилдөө аркылуу Жахаба Кудайды таанып-биле бер жана ага жагуу үчүн жашооңдо зарыл өзгөрүүлөрдү жаса (Жакып 4:8).

17. Эмне себептен дүйнөнүн акыры ыймансыздар үчүн капыстан келет?

17 Иса пайгамбар адамдардын басымдуу бөлүгү акыркы убакта жашап жатканыбызды көрсөткөн далилдерге көңүл бурбай турганын айткан. Ыймансыздар күтүлбөгөн жерден жок кылынат, башкача айтканда, алар үчүн дүйнөнүн акыры түн жамынган ууру сыяктуу капысынан келет. (Оку: 1 Тесалоникалыктар 5:2.) Иса мындай деп эскерткен: «Нухтун күндөрүндө кандай болсо, адам Уулунун катышуусунун убагында да ошондой болот. Топон суунун алдында, Нух кемеге кирген күнгө чейин, адамдар ичип-жешкен, аял алышкан, күйөөгө тийишкен. Топон суу каптап, баарын жок кылганга чейин, алар ойлонушкан эмес. Адам Уулунун катышуусунун убагында да ошондой болот» (Матай 24:37—39).

18. Исанын кайсы эскертүүсүнө кулак кагышыбыз керек?

18 Андыктан Иса угуучуларына мындай деген: «Өзүңөргө сак болгула: жүрөгүңөрдү ашыра тоюу, мас болуу жана турмуш түйшүктөрү ээлеп албасын. Ал күн капысынан келип, силерди тор сыяктуу басып калбасын. Анткени ал күн жер бетинде жашагандардын бардыгына келет. Андыктан алдыда боло тургандарга кабылбаш үчүн жана адам Уулунун алдында туруш үчүн [жактыруусуна ээ болуш үчүн], дайыма жалындуу тиленип, сергек болгула» (Лука 21:34—36). Анын бул эскертүүсүнө кулак кагуу маанилүү. Себеби Жахаба менен «адам Уулунун», Иса Машаяктын, жактыруусуна ээ болгондор Шайтандын дүйнөсү жок кылынганда аман калып, кереметтүү жаңы дүйнөдө түбөлүк өмүр сүрүшөт (Жакан 3:16; 2 Петир 3:13).

^ 4-абз. Микеил деген Исанын башка аты экени «Тиркеменин» 218, 219-беттеринде түшүндүрүлгөн.