Римдиктер 5:1—21
5 Ошентип, ишенимибиздин негизинде адил деп жарыялангандыктан+ Мырзабыз Иса Машаяк аркылуу Кудай менен тынчтыкта бололу+.
2 Иса аркылуу ишенимдин аркасында азыр өзүбүз ээ болгон ырайымга жол ачылды+. Ошондуктан Кудайдын даңкына ортоктош болуу үмүтүнө ээ болгонубузга кубаналы+.
3 Буга эле эмес, кыйынчылыктарга кабылып жатканыбызга да кубаналы+. Анткени кыйынчылыктар туруктуулукту жаратарын+,
4 ал эми туруктуулук Кудайдын жактыруусуна, Кудайдын жактыруусу+ үмүткө ээ кыларын билебиз+.
5 Үмүт болсо көңүлүбүздү кайт кылбайт+, себеби Кудайдын сүйүүсү+ өзүбүзгө берилген ыйык рух аркылуу+ жүрөгүбүзгө төгүлгөн+.
6 Биз алсыз кезде эле+, белгиленген убакта Машаяк ыймансыздар үчүн өлгөн+.
7 Адил киши үчүн кимдир бирөөнүн өз жанын кыяры күмөн+, ал эми жакшылык кылган киши+ үчүн кыйышы мүмкүн+.
8 Машаяк болсо биз үчүн күнөөкөр кезибизде эле өлгөн+. Бул аркылуу Кудай бизге сүйүүсүн көрсөткөн+.
9 Демек, Машаяктын каны менен азыр адил деп жарыялангандыктан+ ал аркылуу Кудайдын каарынан куткарыларыбыз шексиз+.
10 Эгер Кудайдын душманы болуп+ туруп Уулунун өлүмү аркылуу Аны менен элдешкен болсок+, анда азыр, элдешкенден кийин, Уулунун өмүрү аркылуу куткарыларыбыз да шексиз+.
11 Мындан сырткары, биз өзүбүздү Кудай менен элдештирген Мырзабыз Иса Машаяк+ аркылуу Кудай менен мамиледе болгонубузга да кубанып жатабыз.
12 Ошентип, бир киши аркылуу+ дүйнөгө күнөө, күнөө аркылуу өлүм кирген+, өлүм болсо бардык адамдарга өткөн, себеби баары күнөө кылган+.
13 Анткени күнөө дүйнөдө Мыйзам берилгенге чейин эле бар болгон, бирок мыйзам жок кезде күнөө эсепке алынбайт+.
14 Ошентсе да өлүм Адамдан Мусага чейин Адамдын кылмышындай күнөө кылбагандардын+ үстүнөн да падыша катары бийлик кылып келген+. Ал эми Адам келечекте келе турганга окшош болгон+.
15 Бирок Кудайдын белегинин натыйжасы кылмыштын натыйжасындай эмес. Бир адамдын кылмышынан улам көптөр өлүмгө дуушар болушса, Кудайдын ырайымы жана бир адам аркылуу+ — Иса Машаяк аркылуу — ырайым менен кошо берилген белеги көптөргө теңдешсиз зор пайда алып келди+.
16 Ошондой эле белектин+ натыйжасы бир адамдын күнөөсүнүн+ натыйжасындай эмес. Бир кылмыштан кийин чыгарылган өкүм+ айыпталууга алып келсе+, көп кылмыштан кийин берилген белек адил деп жарыяланууга алып келди+.
17 Анткени бир адамдын кылмышынын айынан+ өлүм ошол адам аркылуу падыша катары бийлик кылса+, анда мол ырайым менен+ адилдик белегин+ алгандардын бир адам аркылуу — Иса Машаяк аркылуу — жашап+, падышалык кылары да шексиз+.
18 Ошондуктан, бир кылмыштын айынан бардык адамдар айыпталгандай эле+, акталууга жол ачкан бир иштин натыйжасында+ бардык адамдар+ өмүргө ээ болуу үчүн адил деп жарыяланышат+.
19 Бир адамдын тил албастыгынан көптөр күнөөкөр болгондой эле+, бир адамдын тил алчаактыгынан+ көптөр+ адил болушат+.
20 Мыйзам болсо+, кылмыштын көп экени айкын болушу үчүн+, кийинчерээк пайда болгон. Бирок күнөө+ көп жерде ырайым андан да көп көрсөтүлдү+.
21 Эмне үчүн? Күнөө өлүм менен бирге падыша катары бийлик кылгандай эле+, ырайым да+ Мырзабыз Иса Машаяк аркылуу түбөлүк өмүргө жеткире турган+ адилдик жолунда падыша катары бийлик кылышы үчүн ошондой болду.