1 Петир 4:1—19
4 Демек, Машаяк адам болуп жүргөн кезинде азап чеккен болсо+, силер да Машаякка окшоп ой жүгүрткөнгө даяр болгула+, анткени азап чеккен адам күнөө кылбай калат+.
2 Ал калган өмүрүн пенделик кумарларын канааттандыруу менен эмес+, Кудайдын эркин аткаруу менен өткөрөт+.
3 Мурун уятсыз* жүрүм-турумга+, кумарларга, шарапкорлукка+, жосунсуз той-тамашаларга, ичкилик ичүү мелдештерине, жийиркеничтүү бурканга табынуучулукка берилип+, дүйнө адамдарынын эрки боюнча+ жашап келгениңер жетишет+.
4 Алар азыр өздөрү менен кошо ошондой жаман иштерди жасабай калганыңарга*+ таң калып, силерди жамандап жатышат+.
5 Бирок андай адамдар тирүүлөрдү да, өлгөндөрдү да соттогонго даяр турган соттун+ алдында жооп беришет+.
6 Ошондуктан өлгөндөргө* да+, аларды адамдар сыртына карап соттошсо да+, Кудайдын көз алдында рухтун жетеги менен жашашы үчүн+, жакшы кабар таратылган.
7 Бардык нерсенин аягы жакындап калды+. Ошондуктан акыл-эстүү болгула+, дайыма тиленгиле*+.
8 Айта кетчү дагы бир маанилүү нерсе, бири-бириңерди жан-дилиңер менен сүйгүлө+, анткени сүйүү көп күнөөлөрдү жаап коёт+.
9 Бири-бириңерге наалыбай меймандостук көрсөткүлө+.
10 Кудайдын ар кандай жолдор менен көрсөтүлгөн ырайымынын жакшы башкаруучулары катары баарыңар Андан алган жөндөмүңөргө* жараша бири-бириңерге кызмат кылгыла+.
11 Ким сүйлөсө, Кудайдын сөздөрүн сүйлөгөндөй сүйлөсүн+. Ким кызмат кылса+, Кудай берген күчкө таянып кызмат кылсын+. Ошондо Кудай Иса Машаяк аркылуу бардык жагынан даңкталат+. Даңк менен кудурет түбөлүктөн түбөлүккө ага таандык+. Оомийн.
12 Сүйүктүү бир туугандарым, сыналышыңар үчүн оттой кыйынчылыктарга кабылганыңарда+ аларды жат нерседей көрүп таң калбагыла.
13 Анын ордуна, Машаяктын азап чегүүсүнө ортоктош болуп жатканыңарга+ кубангыла+. Ошондо анын даңкы ачылганда да кубанып-шаттанасыңар+.
14 Эгерде силерди Машаяктын ысмы үчүн кордоп жатышса+, анда бактылуусуңар+, анткени силерде даңк руху, Кудайдын руху, бар+.
15 Араңардан эч ким киши өлтүрүп же уурулук кылып, же жаман иш кылып, же башкалардын ишине кийлигишип+ азап тартпасын+.
16 Ал эми Машаяктын жолдоочусу* болгону үчүн азап тартса+, анда уялбасын+. Тескерисинче, анын жолдоочусу катары жашап, Кудайды даңктай берсин.
17 Анткени сот үчүн белгиленген убакыт келип калды. Ал Кудайдын үйүнөн башталат+. Эгерде сот бизден башталса+, анда Кудайдын жакшы кабарына баш ийбегендер эмне болот?+
18 «Эгерде адил адам араң куткарылса+, анда ыймансыз менен күнөөкөр эмне болот?»+
19 Ошондуктан Кудайдын эркин аткаргандыгы үчүн азап тартып жаткандар жакшы иштерди кылып, өздөрүнүн жанын ишенимдүү Жаратканга тапшырышсын+.
Шилтемелер
^ Же: «бузуку».
^ Же: «жаман иштердин айлампасына чуркабай калганыңарга».
^ Же: «тиленүү жагынан сергек болгула».
^ Сөзмө-сөз: «белегиңерге».