Мазмунун көрсөтүү

Жаныбарлар асманга кетеби?

Жаныбарлар асманга кетеби?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

 Ыйык Китепте тирүү жандардын арасынан чектелүү сандагы адамдар гана асманга кетери айтылган (Аян 14:1, 3). Алар асманда падыша жана дин кызматчы болуп, Иса менен бирге бийлик жүргүзүшөт (Лука 22:28—30; Аян 5:9, 10). Ал эми адамдардын басымдуу бөлүгү бейишке айланган жер бетинде жашаш үчүн тирилишет (Забур 37:11, 29).

 Ыйык Китепте үй жаныбарлары же иттер жашай турган асман жөнүндө эч нерсе айтылбайт. Себеби жаныбарлар «асманга чакырылгандар» үчүн коюлган талаптарга жооп бере алышпайт (Еврейлер 3:1). Ал талаптар өз ичине билим алууну, ишенимди иш жүзүндө көрсөтүүнү жана Кудайдын мыйзамдарына баш ийүүнү камтыйт (Матай 19:17; Жакан 3:16; 17:3). Адамзат гана түбөлүк жашай тургандай болуп жаралган (Башталыш 2:16, 17; 3:22, 23).

 Жерде жашагандар асманда жашашы үчүн тирилиши керек болот (1 Корунттуктар 15:42). Ыйык Китепте өлгөндөрдүн тирилгени жөнүндө айтылат (1 Падышалар 17:17—24; 2 Падышалар 4:32—37; 13:20, 21; Лука 7:11—15; 8:41, 42, 49—56; Жакан 11:38—44; Элчилер 9:36—42; 20:7—12). Бирок тирилгендердин арасында бир да жаныбар болгон эмес, адамдар гана тирилген.

 Жаныбарлардын жаны барбы?

 Жок. Ыйык Китепте жаныбарлар да, адамдар да өздөрү жан экени жазылган (Сандар 31:28). Адам ата жаралып жатканда ага жан берилген эмес, «ал тирүү жан болуп калган» (Башталыш 2:7). Жан эки нерседен: «топурактан» жана «өмүр деминен» турат.

 Жан өлөбү?

 Ооба. Ыйык Китептен жандын өлөрүн биле алабыз (Лебилер 21:11; Жезекиел 18:20). Жаныбарлар менен адамдар өлгөндөн кийин топуракка кайтат (Насаатчы 3:19, 20). Башкача айтканда, өмүрү токтойт a.

 Жаныбарлар күнөө кетиреби?

 Жок. Күнөө кетирүү Кудайдын нормаларына каршы келген нерсени ойлоо, каалоо же кылуу дегенди билдирет. Тирүү жандар күнөө кетирбеши үчүн адеп-ахлак нормаларына ылайык чечим чыгарууга жөндөмдүү болушу керек. Жаныбарларда болсо андай жөндөмдүүлүк жок. Алар кыска өмүрүндө сокур сезимге жетеленип жашашат (2 Петир 2:12). Өмүрү аяктаганда, күнөө кетирбесе да, өлөт.

 Жаныбарларга мыкаачылык менен мамиле кылса болобу?

 Жок. Кудай адамдарга жаныбарлардын үстүнөн бийлик берген, бирок мыкаачылык менен мамиле кылууга укук берген эмес (Башталыш 1:28; Забур 8:6—8). Кудай айбанаттардын баарына, анын ичинде чымчыктарга да кам көрөт (Жунус 4:11; Матай 10:29). Ал ага сыйынган адамдарга жаныбарларга боорукердик менен мамиле кылууну буйруган (Чыгуу 23:12; Мыйзам 25:4; Накыл сөздөр 12:10).

a Көбүрөөк маалымат алыш үчүн «Ыйык Китептен эмнелерди билебиз?» деген китептин 6-бөлүмүн карагыла.