Мазмунун көрсөтүү

Асманга кимдер кетет?

Асманга кимдер кетет?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

 Кудай ишенимдүү кызматчыларынын арасынан өлгөндөн кийин тирилип асманда жашай тургандарды тандап алат (1 Петир 1:3, 4). Алар тандалгандан кийин асмандагы сыйлыгынан кол жууп калбашы үчүн өмүрүнүн акырына чейин ишенимдүүлүгүнөн жазбай, Кудайдын мыйзам-принциптерине карманып жашашы керек (Эфестиктер 5:5; Филипиликтер 3:12—14).

Асманга кеткендер ал жакта эмне кылышат?

 Иса Машаяк менен бирге падыша жана дин кызматчы болуп 1 000 жыл кызмат кылышат (Аян 5:9, 10; 20:6). Алар «жаңы жерди» — адамзат коомун — башкара турган «жаңы асманды», атап айтканда, асмандагы өкмөттү түзүшөт. Асмандагы ал башкаруучулар, Кудай башында ниет кылгандай, адамзатты кайрадан жеткилеңдикке жеткирет (Ышая 65:17; 2 Петир 3:13).

Асмандагы жашоого канча киши тирилет?

 Ыйык Китепте асмандагы жашоого 144 000 киши тирилери айтылган (Аян 7:4). Аян 14:1—3-аяттарда элчи Жакандын аян көргөнү жазылган. Ал «Сион тоосунда турган Козуну» жана жанында 144 000дин турганын көргөн. Аяндагы «Козу» тирилген Иса Машаякты билдирет (Жакан 1:29; 1 Петир 1:19). «Сион тоосу» Исанын жана аны менен бирге асманда падыша катары башкара турган 144 000дин даңкын, жогорку абалын билдирет (Забур 2:6; Еврейлер 12:22).

 Кудайдын Падышалыгында Иса менен бирге башкарууга «чакырылгандар, тандалгандар» «кичине оторду» билдирет (Аян 17:14; Лука 12:32). Мындан алардын саны Иса Машаяктын кой мүнөздүү кызматчыларына салыштырмалуу аз эле болору көрүнүп турат (Жакан 10:16).

Асманга бара тургандарга байланыштуу жаңылыш түшүнүк

 Жаңылыш түшүнүк. Жакшы адамдардын баары асманга кетет.

 Чындык. Кудай жакшы адамдардын көбү жерде жашайт деп убада берген (Забур 37:11, 29, 34).

  •   Иса: «Асманга бир да адам барган эмес»,— деген (Жакан 3:13). Ал мурун көз жумган ишенимдүү адамдардын, мисалы, Ыбрайым, Муса, Аюп, Дөөтү пайгамбарларды тирилип асманга кеткен деп айткан эмес (Элчилер 2:29, 34). Алар жер бетинде жашоого тирилишет. Мына ушундай үмүт менен жашашкан (Аюп 14:13—15).

  •   Асманда жашоого тирилүү «биринчи тирилүү» деп аталат (Аян 20:6). Мындан дагы башка тирилүү болорун билүүгө болот. Адамдар жерде жашоого да тирилишет.

  •   Ыйык Китепте Кудайдын Падышалыгы башкара турган убакта «өлүм болбой» турганы айтылат (Аян 21:3, 4). Бул убада жерде жашагандарга тиешелүү деп айтууга болот. Анткени асманда өлүм деген түшүнүк жок.

 Жаңылыш түшүнүк. Асманда же жерде жашаарын ар бир адам өзү тандайт.

 Чындык. Кудай «асманга чакырылуу сыйлыгын» ишенимдүү кызматчыларынын кимисине ыйгарарын өзү чечет (Филипиликтер 3:14). Демек, асмандагы жашоого кимдин тандалары адамдын каалоосунан көз каранды эмес (Матай 20:20—23).

 Жаңылыш түшүнүк. Асманда жашоого татыктуу эместер гана жерде түбөлүк жашашат.

 Чындык. Жахаба жерде түбөлүк жашай тургандарды «менин элим», «тандап алгандарым», «Жахабадан бата алгандар» деп атайт (Ышая 65:21—23). Алар Кудайдын адамзатка байланыштуу баштапкы ой-ниетинин ишке ашышына катышышат, башкача айтканда, жеткилеңдикке жетип, Бейишке айланган жер бетинде түбөлүк жашашат (Башталыш 1:28; Забур 115:16; Ышая 45:18).

 Жаңылыш түшүнүк. Аян китебиндеги 144 000 деген сан түзмө-түз эмес, каймана мааниде айтылган.

 Чындык. Аян китебинде айрым сандар каймана мааниде колдонулса да, бул сан түзмө-түз мааниде айтылган. Мисалы, анда «Козунун он эки элчисинин он эки ысмы жазылганы» айтылат (Аян 21:14). 144 000 деген сандын түзмө-түз мааниде айтылганына байланыштуу бир далил карап көрөлү.

 Аян 7:4тө «мөөрлөнгөндөрдүн [асмандагы жашоого тандалгандардын] саны 144 000 экени» айтылат. Ушундан кийинки аяттарда экинчи топ, тагыраак айтканда, «эч ким санай албаган эбегейсиз көп адамдар» жөнүндө жазылат. Кудай ошол «эбегейсиз көп адамдарды» да куткарат (Аян 7:9, 10). Эгер 144 000 деген сан каймана мааниде, башкача айтканда, саны белгисиз топко карата айтылган болсо, анда эбегейсиз көп адамдар менен 144 000дин бири-биринен айырмаланган эки башка топ экени билинбей калмак a.

 Андан тышкары, 144 000ге киргендер «адамдардын арасынан... биринчи түшүм катары сатылып алынгандар» деп сыпатталат (Аян 14:4). «Биринчи түшүм» деген сөз чоң нерсенин кичинекей бөлүгүнө карата айтылат. Бул Иса Машаяк менен бирге асманда боло тургандар жер бетинде жашаган сансыз адамдардын үстүнөн бийлик жүргүзөрүн көрсөтүп турат (Аян 5:10).

a Профессор Роберт Томас Аян 7:4тө айтылган 144 000 деген санга байланыштуу мындай деп жазган: «Аян 7:4тө белгилүү сан айтылса, Аян 7:9да белгисиз сан айтылган. Экөөнү тең каймана мааниде деп эсептей турган болсок, анда Аян китебиндеги бир да санды түзмө-түз деп айтууга болбой калмак» («Revelation 1-7: An Exegetical Commentary», 474-бет).