Аян 5:1—14

5  Андан кийин тактыда отургандын+ оң колунан ичи-тышына жазылган, жети мөөр менен бекитилген+ түрмөктү көрдүм+.  Ошондой эле катуу үн менен: «Мөөрлөрүн алып, түрмөктү ачканга ким татыктуу?» — деп жар салып жаткан күчтүү периштени көрдүм.  Бирок түрмөктү ачып, ичиндегини окуганга асмандан да, жерден да, жер астынан да эч ким табылган жок.  Түрмөктү ачып, ичиндегини окуганга татыктуу эч ким табылбагандыктан+, мен аябай ыйладым.  Ошондо аксакалдардын бири мага: «Ыйлаба. Мына, Жүйүт уруусунан чыккан Арстан+, Дөөтүнүн+ тамыры+, жеңип чыкты+. Ошондуктан ал түрмөктүн жети мөөрүн алып, аны ачканга татыктуу»,— деди.  Анан мен тактынын+, төрт периштенин жана аксакалдардын+ ортосунда жети мүйүзү, жети көзү бар союлгандай+ көрүнгөн козунун+ турганын көрдүм. Анын көздөрү Кудайдын бүт жер жүзүнө жиберилген жети рухун билдирет+.  Козу барды да, ошо замат тактыда отургандын+ оң колунан түрмөктү алды.  Ошондо төрт периште менен жыйырма төрт аксакал+ Козунун алдына чөк түшүштү. Алардын ар биринин арфасы*+, жыпарзатка толгон алтын чөйчөгү бар эле. Жыпарзат+ ыйыктардын тиленүүлөрүн+ билдирет.  Алар мындай жаңы ыр ырдап жатышты+: «Сен түрмөктү алып, анын мөөрлөрүн ачканга татыктуусуң. Анткени сен союлуп, өз каның менен+ ар бир уруудагы, элдеги, улуттагы, ар кандай тилде сүйлөгөн адамдарды Кудайга бериш үчүн+ сатып алдың да+, 10  аларды Кудайыбызга+ падышалар+ жана дин кызматчылар кылдың+. Алар жер үстүнөн падышалык кылышат»+. 11  Андан кийин карап, тактынын, периштелер менен аксакалдардын тегерегинде турган көптөгөн башка периштелердин үнүн уктум. Алардын саны миң-миңдеп+, миң-түмөндөп*+ саналат экен. 12  Алар катуу үн менен: «Союлган Козу+ кудуретке, байлыкка, акылмандыкка, күчкө, урматка, даңкка, алкышка ээ болууга татыктуу»+,— деп жатышты. 13  Асмандагы, жердеги, жер астындагы+, деңиздеги бүт тирүү жандардын, ооба, бардык жаратылгандардын: «Тактыда отурган Кудай+ менен Козуга+ алкыш, урмат+, даңк+, кудурет түбөлүктөн түбөлүккө таандык»,— деп жатышканын уктум. 14  Ошондо төрт периште: «Оомийн»,— деди. Аксакалдар+ болсо чөк түшүп, Кудайга таазим кылышты+.

Шилтемелер

Байыркы убактагы музыкалык кыл аспап.
Же: «он миңдегенден он миң жолу».