Накыл сөздөр 12:1—28
12 Акыл-насаатты сүйгөн билимди сүйөт+, ал эми ашкерелөөнү жек көргөн акылсыз+.
2 Жакшы адам Жахабага жагат+, ою жаман адамды болсо Ал ыймансыз деп жарыялайт+.
3 Ыймансыздык менен бир да адам өз абалын бекемдей албайт+, ал эми адил кишилердин тамыры ордунан козголбойт+.
4 Жакшы аял — күйөөсүнүн* таажысы+, ал эми уятка калтырган аял анын сөөгүндөгү чириктей+.
5 Адил кишилердин ойлору — акыйкаттык+; ыймансыздардын жетекчилиги — алдамчылык+.
6 Ыймансыздардын сөздөрү — кан төгүү үчүн коюлган буктурма+, ал эми чынчылдарды оозу куткарат+.
7 Ыймансыздар кулатылып, биротоло жок болушат+, ал эми адил кишилердин үйү былк этпейт+.
8 Адамды эстүүлүк менен сүйлөгөнү үчүн макташат+, ал эми жүрөгү бузук жек көрүндү болот+.
9 Нанга жарыбай туруп, өзүн мактаган кишиден кулу бар карапайым өйдө+.
10 Адил адам малынын жанына кам көрөт+, ал эми ыймансыздардын кайрымдуулугу — таш боордук+.
11 Жерин иштеткен нанга тоёт+, ал эми пайдасыз нерселердин артынан түшкөн акылсыз*+.
12 Ыймансыз адам бузукулардын торуна+ түшкөн олжого көз артат, ал эми адил адамдардын тамыры жемиш берет+.
13 Бузукуну өз оозунун күнөөсү торго түшүрөт+, ал эми адил адам жамандыктан кутулат+.
14 Адам оозунун жемишинен жакшылыкка тоёт+, анын мээнетинин акыбети кайтат+.
15 Акылсыздын жолу өзүнө түз болуп көрүнөт+, ал эми кеңешке кулак салган адам акылдуу+.
16 Акылсыз ачуусун ошол эле күнү сыртка чыгарат+, ал эми акылдуу ызасын жашырат+.
17 Ишенимдүүлүк менен сүйлөгөндүн сөзү — адилдик+, ал эми жалган күбөнүн айтканы — калп+.
18 Кай бирөө ойлонбой сүйлөп, кылычтай жаралайт+, ал эми акылдуулардын тили айыктырат+.
19 Чындыкты сүйлөгөн ооз+ түбөлүккө калат+, калпычы тил болсо көз ирмемге эле жашайт+.
20 Жамандык кылууну ойлогондордун жүрөгүндө алдамчылык бар+, ал эми тынчтыкка өбөлгө түзгөндөр кубанычка ээ+.
21 Адил адам эч бир жамандыкка кабылбайт+, ыймансыздар болсо көп жамандык көрүшөт+.
22 Жалган сүйлөгөн ооз Жахаба үчүн жийиркеничтүү+, ал эми ишенимдүүлүк менен иш кылгандар ага жагат+.
23 Баамчыл адам билимин жашыруун сактайт+, ал эми акылсыздардын жүрөгүнөн акылсыздык чыгат+.
24 Аракетчилдердин колу башкарат+, эринчээк кол болсо кулга айлантат+.
25 Санаа жүрөктү өйүйт+, ал эми жакшы сөз көңүл көтөрөт+.
26 Адил адам өз жайытын изилдейт, ал эми ыймансыздардын жолу өздөрүн адаштырат+.
27 Жалкоолук адамды ууга чыгарбайт+, ал эми тырышчаактык — адамдын баа жеткис байлыгы.
28 Адилдиктин жолунда өмүр бар+, ал жол өлүмгө алып барбайт+.