Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

4-БӨЛҮМ

Иса Машаяк деген ким?

Иса Машаяк деген ким?

1. Иса качан жаралган?

Иса пайгамбардын кайсы сапаттары башкаларды ага тартып турган? (МАТАЙ 11:29; МАРК 10:13—16).

Кудай эң биринчи Исаны жараткан. Бир гана Иса пайгамбар адам болуп төрөлгөнгө чейин асманда жашаган периште болгон (Жакан 8:23). Ал Кудайга асмандагы жана жердеги нерселердин баарын жаратканга жардам берген. Кудай Исаны жалгыз өзү жараткандыктан, ал Кудайдын «жалгыз уулу» деп аталат (Жакан 1:14). Иса пайгамбар Кудайдын атынан сүйлөгөндүктөн Кудайдын «Сөзү» деп да аталат. (Накыл сөздөр 8:22, 23, 30; Колосалыктар 1:15, 16-аяттарды окугула.)

2. Иса Машаяк жерге эмне үчүн келген?

Иса адам болуп төрөлүшү үчүн, Кудай анын өмүрүн Мариям деген жүйүт кыздын жатынына көчүргөн. Андыктан Исанын атасы адам баласы болгон эмес (Лука 1:30—35). Иса пайгамбар жерге: 1) адамдарга Кудай жөнүндө айтуу үчүн; 2) кыйынчылыктарга дуушар болгондо да Кудайдын эркин кантип аткарса болорун көрсөтүү үчүн; 3) өмүрүн «кун» катары берүү үчүн келген. (Матай 20:28-аятты окугула.)

3. Кун эмне үчүн төлөнүшү керек эле?

Кун кимдир бирөөнү өлүмдөн алып калуу үчүн төлөнө турган акыны билдирет (Чыгуу 21:29, 30). Кудай адамдардын карып, өлүшүн каалаган эмес. Ал Адам атага күнөө кетирсе өлөрүн эскерткен. Эгер Адам ата күнөө кетирбесе, эч качан өлмөк эмес (Башталыш 2:16, 17; 5:5). Ыйык Китепте айтылгандай, дүйнөгө күнөө Адам ата аркылуу «кирген». Ошентип, Адам атанын урпактарына күнөө менен өлүм тукум кууп өткөн. Ошол себептен өлүмдөн арылышыбыз үчүн кун төлөнүшү керек болгон. (Римдиктер 5:12; 6:23-аяттарды окугула.)

Ал кунду ким төлөй алмак? Адам өлгөндө күнөөсү үчүн жаза алган болот. Бир да адам башкалардын күнөөсү үчүн кун төлөй албайт. (Забур 49:7—9-аяттарды окугула.)

4. Иса Машаяк эмне үчүн өлгөн?

Иса пайгамбар, бизден айырмаланып, күнөөсүз адам болгон. Ал эч качан күнөө кетирбегендиктен өлүшү керек эмес болчу. Бирок ал башкалардын күнөөсү үчүн өз өмүрүн берген. Иса пайгамбардын биз үчүн өлгөнү Жахаба Кудайдын адамдарды абдан сүйөрүн далилдеп турат. Анткени Кудай аны ошон үчүн жиберген. Иса Машаяктын да Кудайга баш ийип, жерге келгени анын бизди абдан сүйөрүн билдирет. (Жакан 3:16; Римдиктер 5:18, 19-аяттарды окугула.)

«Иса пайгамбар эмне үчүн өлгөн?» деген видеону көрүңүз

5. Учурда Иса Машаяк кандай иш аткарып жатат?

Иса пайгамбар жерде жүргөндө оорулууларды айыктырган, өлгөндөрдү тирилткен жана адамдарды ар кандай азап-кайгыдан арылткан. Ал ошол иштери менен келечекте адамзат үчүн эмнелерди кыларын көрсөткөн (Матай 15:30, 31; Жакан 5:28). Иса пайгамбар өлгөндөн кийин, Кудай аны тирилткен. Ал периште болуп кайрадан асманга кеткен (1 Петир 3:18). Асмандан ал Кудайдын оң жагына отуруп, Кудай аны бүт жер жүзүнө бийлик жүргүзгөн Падыша кыла турган убакты күткөн (Еврейлер 10:12, 13). Учурда Иса Машаяк Падыша болуп асмандан бийлик жүргүзүүдө. Ал эми анын жолдоочулары бул жакшы кабарды бүт жер жүзүнө жарыялап жатышат. (Даниел 7:13, 14; Матай 24:14-аяттарды окугула.)

Жакында Иса Машаяк жамандык кылгандардын баарын жок кылып, адамзатты азап-кайгыдан биротоло арылтат. Ооба, Кудайга жана ал дайындаган Иса Машаякка баш ийгендер, жер бейишке айланганда, түбөлүк өмүр сүрүшөт. (Забур 37:9—11-аяттарды окугула.)