Накыл сөздөр 8:1—36
8 Акылмандык чакырып жаткан жокпу?+ Кыраакылык үн салып жаткан жокпу?+
2 Ал бийик жерлерде+, жол боюнда, жолдордун кесилиштеринде туруп,
3 дарбазалардын жанында, шаардын оозунда+, кире беришинде үнүн бийик чыгарып жатат+:
4 «Адамдар, силерге кайрылып жатам, адам баласын чакырып жатам+.
5 Тажрыйбасыздар, баамчыл болууга үйрөнгүлө+. Акылсыздар, акылдуу жүрөккө ээ болгула+.
6 Уккула, анткени менин айткандарым абдан маанилүү+, оозуман чыккан сөз чынчылдык жөнүндө+.
7 Оозум чындыкты сүйлөйт+, ыймансыздыкты сөз кылуудан жийиркенет+.
8 Оозуман чыккан сөздөрдүн баары — адилдик+. Арасында бир да бурмаланган, анткор сөз жок+.
9 Алардын баары кыраакы киши үчүн ачык-айкын, билимди тапкандар үчүн акыйкат+.
10 Күмүштү эмес, менин акыл-насаатымды алгыла, тандамал алтынга эмес, билимге ээ болгула+.
11 Анткени акылмандык маржандан артык+, ырахат тартуулаган нерселердин бири да ага тең келбейт+.
12 Мен, акылмандык, баамчылдык менен бирге жашайм+, билим менен ой жүгүртүү жөндөмүнө ээмин+.
13 Жахабадан коркуу — жамандыкты жек көрүү+. Мен бой көтөрүүчүлүктү, менменсингендикти+, жаман жолду жана бурмалап сүйлөгөн оозду+ жек көрөм.
14 Менде кеңеш+ менен акылмандык+, түшүнүк+ менен кудурет-күч бар+.
15 Менин жардамым менен падышалар башкарышат, бийлик башындагылар адилет буйрук чыгарышат+.
16 Менин жардамым менен төрөлөр башчылык кылышат+, аттуу-баштуулардын баары адилет сот жүргүзүшөт+.
17 Мени сүйгөндөрдү мен да сүйөм+, мени издегендер табышат+.
18 Байлык менен даңк+, баалуу мурас менен адилдик менде+.
19 Жемишим алтындан, таза алтындан да артык, белегим тандамал күмүштөн артык+.
20 Мен адилдик жолунда+, акыйкаттык жолдорунун ортосунда жүрөм+.
21 Мени сүйгөндөрдү чыныгы байлыкка жеткирем+, алардын казыналарын толтурам+.
22 Жахаба мени өз жолунун башталышы+, байыркы иштеринин эң алгачкысы кылып жараткан+.
23 Мен кылымдар мурун+, эң башында, жерден мурун орнотулгам+.
24 Мен суу туңгуюктары+, суусу мол булактар пайда боло электе эле,
25 тоолор орнотула электе эле+, адырлар пайда боло электе эле төрөлгөм.
26 Ал жерди+, ачык мейкиндиктерди, жер кыртышынын алгачкы бөлүгүн жарата электе эле төрөлгөм+.
27 Ал асманды даярдап жатканда, мен ошол жерде болчумун+. Ал суу туңгуюктарынын үстүнөн тегерете сызык чийип жатканда+,
28 жогоруга булуттарды орнотуп+, суу туңгуюктарынын башаттарын бекемдеп жатканда+,
29 суулар белгилеп койгон чегинен ашпасын деп, деңизге мыйзам берип жатканда+, жердин пайдубалын салып жатканда+,
30 мен анын жанында чебер уста болчумун+. Күнүгө анын кубанычы болуп+, анын алдында ар дайым кубанып турчумун+.
31 Анын түшүмдүү жерин көрүп кубанчумун+, менин кубанычым адам баласына байланыштуу болчу+.
32 Эмесе, балдарым, мени уккула. Менин жолдоруман чыкпагандар бактылуу+.
33 Акыл-насаатты угуп, акылдуу болгула+, аны четке какпагыла+.
34 Күнүгө эшигимдин алдында сергек туруп, каалгамдын кашегинин жанында күтүп, мага кулак салган адам бактылуу+.
35 Мени тапкан киши өмүр табат+, ага Жахаба ырайым кылат+.
36 Ал эми мени издебегендер өз жанына зыян келтиришет+. Мени жек көргөндөрдүн баары өлүмдү жакшы көрөт»+.