Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

9-БӨЛҮМ

Үй-бүлө канткенде бактылуу болот?

Үй-бүлө канткенде бактылуу болот?

1. Нике эмне үчүн мыйзамдуу түрдө катталышы керек?

Жакшы кабарды айттырган «бактылуу Кудай» үй-бүлөнүн бактылуу болушун каалайт (1 Тиметей 1:11). Никени ал негиздеген. Никенин мыйзамдуу түрдө катталганы жубайлардын бактылуу болушуна, ал эми балдардын ата-энесинин мээримин көрүп чоңоюшуна шарт түзөт.

Кудай никенин түбөлүккө созулушун каалайт. Кудайдан корккон адамдар өлкөсүндөгү никеге байланышкан мыйзамдарга баш ийиши керек (Лука 2:1, 4, 5). Жахаба Кудай жубайлардан бири-бирине берилгендик сакташын каалайт (Еврейлер 13:4). Ал ажырашууну жек көрөт (Малаки 2:16). Бирок жубайлардын бири ойноштук кылса, аларга ажырашканга жана башка бирөө менен турмуш курганга жол берет. (Матай 19:3—6, 9-аяттарды окугула.)

2. Жубайлар бири-бирине кандай мамиле кылышы керек?

Жахаба Кудай эркек менен аялды бири-бирин толуктап тургудай кылып жараткан (Башталыш 2:18). Күйөө үй-бүлө башчысы катары үй-бүлөсүн багышы керек, ошондой эле Кудай жолунда жүргөнгө үйрөтүшү керек. Ал аялын чын жүрөктөн сүйүп, анын жыргалчылыгын көздөшү зарыл. Жубайлардын бири-бирин сүйүп, урматтаганы аябай маанилүү. Андан сырткары, баары ката кетирет, ошондуктан жубайлар кечиримдүү болгонго үйрөнүшү керек. Бул үй-бүлөнүн бактылуу болушуна өбөлгө түзөт. (Эфестиктер 4:31, 32; 5:22—25, 33; 1 Петир 3:7-аяттарды окугула.)

3. Бактылуу болбой жатсаңар эле, бөлөк жашашыңар керекпи?

Ортоңордо келишпестиктер болсо, бири-бириңерге жумшак мамиле кылганга умтулгула (1 Корунттуктар 13:4, 5). Ыйык Китепте жубайлардын ортосунда келишпестиктер болсо эле бөлөк жашашы керек деп айтылбайт. (1 Корунттуктар 7:10—13-аяттарды окугула.)

4. Балдар, Кудай силердин бактылуу болушуңарды каалайбы?

Жахаба Кудай силердин бактылуу болушуңарды каалайт. Ошондуктан балалык кезиңерди кубанычтуу өткөрүшүңөр үчүн эң сонун кеңештерди берет. Ал силердин көптү билип, көптү көргөн ата-энеңерге баш ийишиңерди каалайт (Колосалыктар 3:20). Ошондой эле ал анын мыйзамдарын жана Иса пайгамбардын айткандарын аткарып, кубанып жашашыңарды каалайт. (Насаатчы 11:9—12:1; Матай 19:13—15; 21:15, 16-аяттарды окугула.)

5. Ата-энелер, балдарыңарды канткенде бактылуу кыла аласыңар?

Ата-энелер күжүрмөн эмгектенип, балдарын тамак-аш, кийим-кечек жана турак жай менен камсыз кылышы керек (1 Тиметей 5:8). Бирок балдарыңар бактылуу болушу үчүн аларга Кудайга болгон сүйүүсүн өрчүткөнгө жана анын осуяттарын үйрөнгөнгө жардам беришиңер зарыл (Эфестиктер 6:4). Бул жагынан өзүңөр үлгү көрсөтсөңөр, аларга жакшы таасир этет. Эгер балдарыңарды Кудайдын Сөзүндөгү кеңештерди колдонуп тарбияласаңар, алардын ой жүгүртүүсү туура калыптанып, жакшы адамдардан болуп чоңоюшат. (Мыйзам 6:4—7; Накыл сөздөр 22:6-аяттарды окугула.)

Балдарыңарды мактап, кубаттап турганыңар жакшы. Ошондой эле балдарыңарды оңдоп-түзөп, аларга кеп-кеңеш айтып турушуңар да зарыл. Ошондо алар жаман нерселерден алыс болуп, бактылуу боло алышат (Накыл сөздөр 22:15). Бирок балдарыңарды тарбиялап, оңдоп-түзөгөндө өтө катаал, ырайымсыз болбошуңар керек. (Колосалыктар 3:21-аятты окугула.)

Жахабанын Күбөлөрү ата-энелерге жана балдарга жардам бере турган, жакшы кеңештер камтылган китептерди басып чыгарышат. Ал китептердеги кеңештер Ыйык Китепке негизделет. (Забур 19:7, 11-аяттарды окугула.)