Жакан 7:53—8:59

53  Андан кийин баары үйлөрүнө тарап кетишти. 8  Иса болсо Зайтун тоосуна кетти.  Эртеси таң заарда кайрадан ибадатканага келди. Эл ага агылып келип жатты. Иса отуруп, аларды окута баштады.  Ошондо китепчилер менен фарисейлер ойноштук кылып жаткан жеринен кармалган бир аялды алып келип, ортого тургузушту да,  Исага: «Устат, бул аял ойноштук кылып жаткан жеринен кармалды.  Муса Мыйзамда мындай аялдарды таш бараңга алууну буйрук кылган. Сен эмне дейсиң?» — дешти.  Муну алар Исаны сынап, айыптаганга шылтоо табыш үчүн айтышты. Ал болсо эңкейип, жерге сөөмөйү менен бир нерселерди жаза баштады.  Тигилер кайра-кайра сурай бергендиктен, Иса боюн түзөп: «Араңардан ким күнөөсүз болсо, бул аялга биринчи болуп таш ыргытсын»,— деди.  Анан кайра эңкейип, жазганын уланта берди.  Анын сөздөрүн укканда аксакал кишилеринен тартып баары биринин артынан бири кете баштады. Аягында Иса менен ортодо турган аял гана калды. 10  Иса боюн түзөп, аялдан: «Тигилер кана? Сага эч ким өкүм чыгарган жокпу?» — деп сурады. 11  Ал: «Эч ким, мырзам»,— деди. Иса ага: «Мен да сага өкүм чыгарбайм. Бара бер. Мындан ары күнөө кылба»,— деп айтты. 12  Иса кайрадан элге кайрылып: «Мен дүйнөнүн жарыгымын+. Ким менин жолумду жолдосо, эч качан караңгылыкта жүрбөйт+. Ал өмүргө алып бара турган жарыкка ээ болот»,— деди. 13  Буга фарисейлер: «Сен өзүң жөнүндө өзүң күбөлөндүрүп жатасың, ошондуктан күбөлөндүрүүң жалган»,— дешти. 14  Иса аларга мындай деп жооп берди: «Өзүм жөнүндө өзүм күбөлөндүрүп жатсам да, менин күбөлөндүрүүм+ чындык. Анткени кайдан келгенимди жана кайда баратканымды билем+. Силер болсо менин кайдан келгенимди, кайда баратканымды билбейсиңер. 15  Силер башкаларды адамдык көз караш менен соттойсуңар+, мен болсо эч кимди соттобойм+. 16  Эгер соттосом, чындыкка ылайык соттойм, анткени мен жалгыз соттобойм, мени жиберген Атам менен чогуу соттойм+. 17  Өзүңөрдүн Мыйзамыңарда да: „Эки кишинин ырастоосу чындык“,— деп жазылган+. 18  Мен өзүм жөнүндө өзүм күбөлөндүрөм, ошондой эле мен жөнүндө мени жиберген Атам да күбөлөндүрөт»+. 19  Алар Исадан: «Сенин Атаң каякта?» — деп сурашты. Ал: «Силер мени да, Атамды да билбейсиңер+. Эгерде мени билсеңер, Атамды да билмексиңер»,— деп жооп берди+. 20  Буларды Иса ибадатканада, казына идиштери* турган жайда+ элди окутуп жатып айтты. Бирок аны эч ким кармаган жок+, анткени убагы келе элек болчу+. 21  Андан ары Иса аларга: «Мен кетип баратам. Мени издейсиңер+, бирок баары бир күнөөкөр бойдон өлөсүңөр+. Мен бараткан жакка силер бара албайсыңар»,— деди. 22  Ошондо жүйүттөр: «„Мен бараткан жакка силер бара албайсыңар“+,— деп айтканына караганда, эмне, өзүн өзү өлтүрөбү?» — дешти. 23  Иса аларга: «Силер төмөн жактансыңар, мен жогору жактанмын+. Силер бул дүйнөдөнсүңөр+, мен бул дүйнөдөн эмесмин+. 24  Ошондуктан силерге: „Күнөөкөр бойдон өлөсүңөр“,— деп айттым+. Келиши керек болгон мен экениме ишенбесеңер, күнөөкөр бойдон өлөсүңөр»,— деди+. 25  Тигилер болсо: «Сен кимсиң?» — деп сурашты. Иса аларга: «Деги силер менен эмнеге сүйлөшүп жатам? 26  Силер жөнүндө айта турган сөзүм көп. Силерди айыптаганга да көп себептер бар. Мени жиберген дайыма чындыкты сүйлөйт, мен дүйнөгө андан уккандарымды гана айтам»,— деди+. 27  Бирок тигилер Исанын асмандагы Атасы жөнүндө айтып жатканын түшүнүшкөн жок. 28  Ошондуктан ал: «Адам Уулун+ жогору көтөргөнүңөрдө+, анын мен экенимди+ жана өз алдымча эч нерсе кылбай турганымды+, Атам кандай үйрөтсө, ошондой сүйлөөрүмдү билесиңер+. 29  Мени жиберген мени менен. Ал мени жалгыз калтырган жок, анткени мен ар дайым ага жакканды кылам»,— деп айтты+. 30  Бул сөздөрүн угуп, көптөр Исага ишенип калышты+. 31  Иса өзүнө ишенип калган жүйүттөргө: «Эгерде менин сөздөрүм боюнча жашасаңар+, анда чындап менин шакирттеримсиңер. 32  Силер чындыкты таанып-билесиңер+. Чындык силерди эркин кылат»,— деди+. 33  Алар: «Биз Ыбрайымдын тукумдарыбыз+ жана эч качан эч кимге кул болгон эмеспиз+. „Эркин болосуңар“,— дегениң кандай?» — дешти. 34  Иса мындай деп жооп берди: «Силерге чындыкты айтып коёюн, күнөө кылган ар бир адам — күнөөнүн кулу+. 35  Кул үйдө түбөлүккө калбайт, уул болсо түбөлүккө калат+. 36  Эгерде силерди Уул эркиндикке чыгарса, анда чындап эркин болосуңар+. 37  Ыбрайымдын тукумдары экениңерди билем. Бирок силер мени өлтүргөнгө аракет кылып жатасыңар+, анткени менин сөздөрүм жүрөгүңөргө жеткен жок+. 38  Мен Атамдын жанында жүргөндө көргөндөрүм жөнүндө+ айтып жатам+. Силер болсо өзүңөрдүн атаңардан укканды кылып жатасыңар». 39  Алар: «Биздин атабыз — Ыбрайым»,— дешти+. Иса болсо: «Ыбрайымдын балдары болсоңор+, ал жасаган иштерди жасагыла. 40  Силер мени — Кудайдан уккан чындыкты айткан адамды+ — өлтүргөнгө аракет кылып жатасыңар. Ыбрайым минткен эмес+. 41  Силер өзүңөрдүн атаңардын иштерин кылып жатасыңар»,— деди. Тигилер: «Биз бузуктуктан төрөлгөн эмеспиз. Биздин бир эле атабыз бар+: ал — Кудай»,— дешти. 42  Иса аларга мындай деди: «Эгер Атаңар Кудай болсо, мени жакшы көрмөксүңөр+, анткени мен Кудайдан келип, ушул жерде турам+. Мен өзүмөн өзүм келген жокмун, мени Ал жиберди+. 43  Менин айткандарымды эмне үчүн түшүнбөй жатасыңар? Анткени сөздөрүмдү уккуңар келбейт+. 44  Силердин атаңар — Ибилис+. Силер атаңардын каалоосун аткаргыңар келет+. Ал башынан эле киши өлтүргүч болгон+ жана чындыктан четтеп кеткен, анткени анда чындык жок. Ал жалган сүйлөгөндө өзүнүн табияты боюнча сүйлөйт, себеби ал — жалганчы жана жалгандын атасы+. 45  Ал эми мен чындыкты айткандыктан, мага ишенбей жатасыңар+. 46  Күнөөм бар экенин кимиңер далилдей аласыңар?+ Эгерде чындыкты айтып жатсам, анда эмне үчүн мага ишенбейсиңер? 47  Ким Кудайдан болсо, ал анын сөзүн угат+. Силер Кудайдан эмессиңер, ошондуктан укпай жатасыңар»+. 48  Ошондо жүйүттөр: «„Сен самариялыксың+, ичиңде жин бар“+,— деп жөн жерден айтып жатабызбы?» — дешти. 49  Иса аларга: «Менин ичимде жин жок. Мен Атамды урматтайм+, силер болсо мени кордоп жатасыңар. 50  Мен өзүмө даңк издебейм+, бирок аны мага бере турган жана соттой турган Бирөө бар+. 51  Силерге чындыкты айтып коёюн, ким менин сөздөрүмдү аткарса, ал эч качан өлбөйт»,— деди+. 52  Жүйүттөр: «Ичиңде жин бар экенине эми чындап көзүбүз жетти+. Ыбрайым өлгөн+, пайгамбарлар да өлүшкөн+. Сен болсо: „Ким менин сөздөрүмдү аткарса, ал эч качан өлбөйт“+,— деп жатасың. 53  Эмне, сен атабыз Ыбрайымдан да чоңсуңбу?+ Ал да өлгөн, пайгамбарлар да өлүшкөн+. Өзүңдү деги ким деп эсептейсиң?» — дешти. 54  Иса мындай деп жооп берди: «Эгерде мен өзүмдү өзүм даңктасам, даңкым эч нерсеге татыбайт. Мени Атам даңктап жатат+. Силер аны Кудайыбыз дейсиңер, 55  бирок, чындыгында, аны билбейсиңер+. Мен болсо билем+. Эгер билбейм десем, силер сыяктуу жалганчы болмокмун. Мен аны билем жана анын сөздөрүн аткарып жатам+. 56  Атаңар Ыбрайым менин күнүмдү көрүүгө үмүттөнүп+, абдан кубанган. Ал аны көрдү да, кубанды»+. 57  Буга жүйүттөр: «Сен элүүгө да чыга элексиң, анан Ыбрайымды көрдүң беле?» — дешти. 58  Иса: «Силерге чындыкты айтып коёюн, мен Ыбрайымга чейин эле бар болгом»+,— деп жооп берди. 59  Ошондо алар таш алып, Исаны урмакчы болушту+. Бирок ал жашынып калды да, ибадатканадан чыгып кетти.

Шилтемелер

Мр 12:41дин шилт-н кара.