Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

7-БӨЛҮМ

Кудайдын Падышалыгы деген эмне?

Кудайдын Падышалыгы деген эмне?

1. Кудайдын Падышалыгы деген эмне?

Иса Машаякты мыкты Падыша деп эмне үчүн айта алабыз? (МАРК 1:40—42).

Кудайдын Падышалыгы — Кудайдын асмандагы өкмөтү. Ал жердеги бардык өкмөттөрдү кыйратат. Кудай ошол өкмөтү аркылуу өзүнүн эркин асманда да, жерде да аткарат. Кудайдын Падышалыгы жөнүндөгү кабар — чынында эле жүрөктү толкуткан кубанычтуу кабар. Жакында Кудайдын өкмөтү адамдар эңсеп келген нерселердин баарын орундатат. Ошондо бардык улуттагы адамдар, бир үй-бүлөдөй болуп, биримдикте жашашат. (Даниел 2:44; Матай 6:9, 10; 24:14-аяттарды окугула.)

Жахаба Кудай Иса Машаякты ошол өкмөттүн Падышасы кылып дайындаган. (Аян 11:15-аятты окугула.)

«Кудайдын Падышалыгы деген эмне?» деген видеону көрүңүз

2. Иса Машаякты мыкты Падыша деп эмне үчүн айта алабыз?

Анткени Иса Машаяк боорукер жана дайыма туура иш кылат (Жакан 1:14). Ошондой эле анын адамдарга жардам берүүгө кудурети жетет, анткени ал асмандан бийлик жүргүзөт. Иса Машаяк тирилгенден кийин асманга көтөрүлгөн. Ал Жахаба Кудайдын оң жагына отуруп, Кудай ага бийлик бере турган убакты күткөн (Еврейлер 10:12, 13). Убактысы келгенде, Кудай ага бийлик берген. (Даниел 7:13, 14-аяттарды окугула.)

3. Иса Машаяк менен бирге кимдер бийлик жүргүзөт?

Аны менен бирге бийлик жүргүзө тургандар Ыйык Китепте «ыйык эл» деп аталат (Даниел 7:27). Иса Машаяктын элчилери ошол «ыйык элдин» алгачкыларынан болгон. Жахаба Кудай ага ишенимдүүлүк менен кызмат кылган эркек-аялдарды бүгүнкү күндө да чогултуп, ошол элине кошуп жатат. Алар Иса пайгамбардай болуп тирилип, асманга кетишет. (Жакан 14:1—3; 1 Корунттуктар 15:42—44-аяттарды окугула.)

Асманга кете тургандардын саны канча? Алардын саны 144 000. Ыйык Китепте алар «кичине отор» деп аталат (Лука 12:32). Алар Иса Машаяк менен бирге асмандан бийлик жүргүзүшөт. (Аян 14:1-аятты окугула.)

4. Иса Машаяк башкара баштагандан тартып кандай окуялар болуп жатат?

Кудайдын Падышалыгы 1914-жылдан баштап башкара баштаган *. Иса Машаяк бийликти колго алары менен Шайтанды жин-перилери менен кошо жерге кулаткан. Шайтан катуу каарданып, бүт жер жүзүндөгү адамдарды азапка салууда (Аян 12:7—10, 12). Ошондон бери дүйнөдөгү абал оордогондон оордоп баратат. Ар кайсы жерде болуп жаткан согуштар, ачарчылык, жугуштуу оорулар жана жер титирөөлөр Кудайдын Падышалыгынын жакында кийлигишерин көрсөтүп турат. (Лука 21:7, 10, 11, 31-аяттарды окугула.)

5. Кудайдын Падышалыгы эмнелерди ишке ашырып жатат?

Кудай кабар айтуу иши аркылуу ар кайсы улуттагы адамдарды чогултуп жатат. Миллиондогон момун адамдар Кудайдын Падышалыгынын жарандары болууда. Кудай өзүнүн Падышалыгы аркылуу ыймансыз дүйнөнү кыйратканда өз элин коргоп калат. Бүт жер жүзүндө бир гана Кудайдын Падышалыгы бийлик жүргүзө турган маалда жашап, Кудайдын батасын алгысы келгендер Иса Машаякка баш ийгенге азыртадан үйрөнүшү керек. (Аян 7:9, 14, 16, 17-аяттарды окугула.)

Кудай өз Падышалыгы аркылуу миң жылдын ичинде ой-ниетин толугу менен ишке ашырат. Ошондо бүт жер бети бейишке айланат. Акырында Иса Машаяк бийликти кайра Кудайга өткөрүп берет (1 Корунттуктар 15:24—26). Кудайдын Падышалыгы жөнүндө кимдерге айтып бергиңер келет? (Забур 37:10, 11, 29-аяттарды окугула.)

 

^ 6-абз. Пайгамбарлардын 1914-жыл жөнүндө эмнелерди жазганы тууралуу көбүрөөк билүү үчүн «Ыйык Китепте эмне делет?» китебинин 215—218-беттерин карагыла.