Жакан 14:1—31
14 Иса: «Жүрөк заада болбогула+. Кудайга ишенгиле+, мага да ишенгиле+.
2 Атамдын үйүндө орун көп+. Болбосо минтип айтпайт болчумун. Мен силерге орун даярдаганы баратам+.
3 Барып, орун даярдаганымда кайра келем да+, силер да менин жанымда болушуңар үчүн+, силерди алып кетем+.
4 Мен бараткан жакка алып барчу жолду силер билесиңер»,— деди.
5 Томас+ ага: «Мырзам, биз сенин каякка баратканыңды билбейбиз+. Анан кантип ал жолду билмек элек?» — деди.
6 Иса: «Мен жолмун+, чындыкмын+ жана өмүрмүн+. Атама мен аркылуу гана барууга болот. Менсиз эч ким бара албайт+.
7 Эгерде мени билсеңер, анда Атамды да билесиңер. Ушул убактан тартып силер аны билесиңер. Силер аны буга чейин көргөнсүңөр»,— деп жооп берди+.
8 Ошондо Филип: «Мырзам, Атаңды көрсөтчү, бизге ошол эле жетиштүү»,— деп айтты.
9 Иса ага мындай деди: «Филип, мен ушунча убактан бери силер менен жүрөм, ошондо да мени биле элексиңби? Мени көргөн адам Атамды да көрдү+. „Атаңды көрсөтчү“,— дегениң кандай?+
10 Же менин Атам менен, ал эми Атамдын мени менен биримдикте экенине ишенбейсиңби?+ Мен силерге өз оюман айтып жаткан жокмун. Мени менен биримдикте болгон Атам өзүнүн иштерин кылып жатат+.
11 Менин Атам менен, Атамдын мени менен биримдикте экенине ишенгиле. Мага ишенбесеңер, жасаган иштеримди көрүп ишенгиле+.
12 Силерге чындыкты айтып коёюн, ким мага ишенсе, мен жасаган иштерди ал да жасай алат. Атүгүл андан да чоң иштерди жасайт+, анткени мен Атама баратам+.
13 Менин атыман эмне сурабагыла, Атасы Уулу аркылуу даңкталышы үчүн, баарын аткарам+.
14 Менин атыман эмне сурабагыла, аны аткарам.
15 Эгерде мени сүйсөңөр, осуяттарымды аткарасыңар+.
16 Мен Атамдан суранам, ошондо ал силерге башка жардамчыны* берет. Ал силер менен түбөлүккө болот+.
17 Ал жардамчыны — чындык рухун+ — бул дүйнө ала албайт+, анткени аны көрбөйт да, билбейт. Силер болсо билесиңер, себеби ал силер менен жана силердин ичиңерде+.
18 Мен силерди жетимсиретпейм+, сөзсүз кайра келем.
19 Бир аздан кийин дүйнө мени көрбөй калат+, ал эми силер көрөсүңөр+, анткени мен жашап жаткандыктан, силер да жашайсыңар+.
20 Ошол күнү Атам менен биримдикте экенимди, силер мени менен жана мен силер менен биримдикте экенимди билесиңер+.
21 Ким менин осуяттарымды кабыл алып, аткарса, ал мени сүйөт+. Ал эми мени сүйгөндү Атам сүйөт. Аны мен да сүйөм жана ага өзүмдү ачып берем».
22 Ошондо Жүйүт+ (Искариот эмес) Исадан: «Мырзам, эмнеге өзүңдү дүйнөгө эмес, бизге ачып бергени жатасың?» — деп сурады+.
23 Иса мындай деп жооп берди: «Ким мени сүйсө, ал менин сөздөрүмдү аткарат+. Ошондуктан Атам аны сүйөт жана Атам экөөбүз келип, аны менен чогуу болобуз+.
24 Ал эми ким мени сүйбөсө, ал менин сөздөрүмдү аткарбайт. Силер угуп жаткан сөз меники эмес, мени жиберген Атамдыкы+.
25 Муну мен азыр араңарда жүргөнүмдө айтып жатам.
26 Кийин Атам менин атыман жибере турган жардамчы, ыйык рух, силерге баарын үйрөтүп, айткандарымдын бардыгын эсиңерге салат+.
27 Мен силерге тынчтык калтырып жатам+, өзүмдүн тынчтыгымды берип жатам. Аны дүйнө бергендей берип жаткан жокмун. Ошондуктан жүрөгүңөр түпөйүл болуп, коркунучтан кысылбасын.
28 Силерге: „Мен кетип баратам, кайра келем“,— деп айтканымды уктуңар. Эгерде мени чындап сүйсөңөр, Атама баратканыма сүйүнмөксүңөр, анткени Атам менден чоң+.
29 Булар аткарылганда, ишенишиңер үчүн, мен силерге алдын ала айттым+.
30 Эми силер менен көпкө сүйлөшө албайм, анткени бул дүйнөнүн башкаруучусу+ келатат. Менин үстүмөн анын бийлиги жок+.
31 Бирок дүйнө Атамды жакшы көрөрүмдү билсин үчүн, Атам мага эмнени осуят кылса+, ошону аткарам. Тургула, бул жерден кетели.
Шилтемелер
^ Же: «сооротуучуну».