Мазмунун көрсөтүү

ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ АЯТТАРДЫН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ

Аян 21:1. «Жаңы асман менен жаңы жер»

Аян 21:1. «Жаңы асман менен жаңы жер»

 «Анан мен жаңы асман менен жаңы жерди көрдүм. Анткени мурунку асман менен мурунку жер жок болду, деңиз да жок болду» (Аян 21:1, «Жаңы дүйнө котормосу»).

 «Анан мен жаңы асманды жана жаны жерди көрдүм. Анткени мурунку асман менен мурунку жер жок болгон эле, деңиз да жок болгон» (Аян 21:1, «Үмүт нуру» котормосу).

Аян 21:1дин мааниси

 Бул аятта Кудайдын асмандагы Падышалыгы бардык адамдык өкмөттөрдүн ордуна башкарары каймана мааниде айтылган. Ал Падышалык ыймансыз адамдарды жок кылат жана ал өкмөткө баш ийүүгө дилгир болгон адамзаттын жаңы коомунун үстүнөн бийлик жүргүзөт.

 Аян китебиндеги маалымат «белгилер» аркылуу көрсөтүлгөн (Аян 1:1). Ошондуктан бул аяттагы асман жана жер түз мааниде эмес, каймана мааниде айтылган деген тыянак чыгаруу акылга сыярлык. Андан тышкары, каймана маанидеги «жаңы асман» жана «жаңы жер» деген сөздөр Ыйык Китептин башка аяттарында да кездешет (Ышая 65:17; 66:22; 2 Петир 3:13). Ыйык Китептеги ушул жана башка аяттарды карап чыгуу бул сөздөрдүн анык маанисин түшүнгөнгө жардам берет.

 «Жаңы асман». «Асман» деген сөз Ыйык Китепте кээде бийликке же өкмөттөргө карата колдонулат (Ышая 14:12—14; Даниел 4:25, 26). Бир эмгекте белгиленгендей, бул пайгамбарлык аяндарда кездешкен «„асман“ башкарып жаткан бийликти же өкмөттү символдоштурат» a. Аян 21:1де «жаңы асман» деген сөз Кудайдын Падышалыгына карата айтылат. Асмандагы бул өкмөт Аян китебинде жана Ыйык Китептин башка китептеринде кээде «асман Падышалыгы» деп да аталат (Матай 4:17; Элчилер 19:8; 2 Тиметей 4:18; Аян 1:9; 5:10; 11:15; 12:10). Падышасы Иса болгон Кудайдын Падышалыгы акыр-аягы «мурунку асмандын», тагыраак айтканда, адамдар түзгөн жеткилең эмес өкмөттөрдүн ордун ээлейт (Даниел 2:44; Лука 1:31—33; Аян 19:11—18).

 «Жаңы жер». Ыйык Китепке ылайык, кадимки жер эч качан жок кылынбайт же алмаштырылбайт (Забур 104:5; Насаатчы 1:4). Анда каймана маанидеги жер эмнени билдирет? Ыйык Китептеги «жер» деген сөз көп учурда адамзатка карата колдонулат (Башталыш 11:1, шилт.; 1 Жылнаама 16:31). Андыктан «жаңы жер» деген сөз Кудайдын асмандагы өкмөтүнө даярдуулук менен баш ийген жаңы адамзат коомун билдирет. «Мурунку жер» же Кудайдын Падышалыгына каршы чыккан адамзат коому жок болот.

 «Деңиз жок болду». Аян 21:1деги «деңиз» деген сөз «асман» жана «жер» деген сөздөрдөй эле каймана мааниде айтылган. Негизи, деңиз тез эле алай-дүлөй түшүп, көп учурда толкуп турат. Ыйык Китепте ал Кудайды тааныгысы келбеген толкуп турган элди билдирет (Ышая 17:12, 13; 57:20; Аян 17:1, 15). Андай адамдар да жок болот. Бул тууралуу Забур 37:10до: «Дагы бир аздан кийин ыймансыз жок болот, ордун карап, аны таппай каласың»,— деп айтылат.

Аян 21:1дин контексти

 Аян китебинде «Мырзабыздын күнүндө» кандай окуялар болору алдын ала жазылган (Аян 1:10). Ыйык Китептеги пайгамбарлыкка ылайык, ал күн 1914-жылы — Иса Кудайдын Падышалыгынын Падышасы катары башкара баштаганда —башталган b. Бирок ал дароо эле бүт жер жүзүнүн үстүнөн бийлик жүргүзмөк эмес. Ыйык Китептеги башка пайгамбарлыктар көрсөтүп тургандай, «Мырзабыздын күнүнүн» алгачкы бөлүгүндө дүйнөдөгү абал барган сайын начарлай бермек. Ал убак «акыркы күндөр» деп аталган (2 Тиметей 3:1—5, 13; Матай 24:3, 7; Аян 6:1—8; 12:12). Бул оор, азап-кайгыга толгон күндөр аяктаганда Кудайдын Падышалыгы каймана маанидеги эски асман менен жерди жок кылат. Ошондо тынчтык жана бейкуттук өкүм сүргөн жаңы доор башталат. Кудайдын Падышалыгына баш ийгендер, башкача айтканда, «жаңы жер» эң сонун шарттарда, чың ден соолукта өмүр сүрүшөт (Аян 21:3, 4).

 Аян китеби тууралуу жалпы маалымат алыш үчүн бул видеону көргүлө.

a «McClintock and Strong’s Cyclopedia» (1891), IV-том, 122-бет.

b «Ыйык Китепте 1914-жыл жөнүндө эмне делет?» деген макаланы карагыла.