Мазмунун көрсөтүү

ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ АЯТТАРДЫН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ

Жеремия 29:11. «Мен силерге байланышкан ой-ниетимди жакшы билем»

Жеремия 29:11. «Мен силерге байланышкан ой-ниетимди жакшы билем»

 «„Мен силерге байланышкан ой-ниетимди жакшы билем,— дейт Жахаба a.— Силерге алаамат эмес, тынчтык берүүнү, келечек менен үмүт берүүнү ниет кылып жатам» (Жеремия 29:11, «Жаңы дүйнө котормосу»).

 «Өзүмдүн силер жөнүндө ойлогон оюмду Өзүм гана билем,— дейт Теңир, силерге келечек, үмүт бериш үчүн, ал ой — жаман ой эмес, жакшы ой» (Жеремия 29:11, «Үмүт нуру» котормосу).

Жеремия 29:11дин мааниси

 Жахаба Кудай өзүнүн кызматчыларына тынчтык өкүм сүрө турган заманды убадалаган. Жеремиядагы сөздөр байыркы убакта жашаган адамдар үчүн жазылган. Ошентсе да Кудайдын ою өзгөргөн жок. Ал — «үмүттүн булагы болгон Кудай» (Римдиктер 15:13). Кудай Ыйык Китепке ушул сыяктуу убадаларды жаздырып койгон. Ошонун аркасында биз жаркын келечекке үмүттөнө алабыз (Римдиктер 15:4).

Жеремия 29:11дин контексти

 Бул сөздөр Иерусалимден Бабылга туткундалып кеткен ысрайылдыктарга жолдонгон каттын бир бөлүгү болгон b (Жеремия 29:1). Кудай ысрайылдыктарга алар узак убакыт бою туткунда болорун айткан. Ошондуктан алар ал жерде үйлөрдү куруп, бак-шак отургузуп, үй-бүлө күтүп жашай бериши керек болчу (Жеремия 29:4—9). Бирок Кудай аларга: «Бабылда жүргөнүңөргө жетимиш жыл болгондо, мен силерге көңүл буруп, силер тууралуу айткан убадамды аткарам, силерди [Иерусалимге] кайра алып келем»,— деп да айткан (Жеремия 29:10). Ошентүү менен Кудай аларды унутпай турганына кепилдик берген. Ошондой эле алардын: «Мекениме кайтып барам»,— деген үмүтү сөзсүз ишке ашарына үмүттөндүргөн (Жеремия 31:16, 17).

 Кудай ысрайылдыктарга берген убадасын аткарган. Ал алдын ала айткандай, Бабылды Персиянын падышасы Кореш басып алган (Ышая 45:1, 2; Жеремия 51:30—32). Кореш жүйүттөргө мекенине кайтып барганга уруксат берген. Ошентип, 70 жыл туткунда жүргөндөн кийин алар Иерусалимге кайтып барышкан (2 Жылнаама 36:20—23; Эзра 3:1).

 Жеремия 29:11деги убаданын аткарылганы Кудайдын убадаларына үмүттөнгөн бүгүнкү күндөгү адамдардын ишенимин бекемдейт. Ал убадалардын бирине ылайык, Иса Машаяк башкарган Падышалыктын алдында бүт жер жүзүнө тынчтык орнойт (Забур 37:10, 11, 29; Ышая 55:11; Матай 6:10).

Жеремия 29:11ге байланыштуу жаңылыш ойлор

 Жаңылыш ой: Кудайдын ар бир адамга байланышкан «ой-ниети» бар.

 Чындык: Кудай ар бир адамга өзү каалагандай жашаганга жол берет. Анын Жеремия 29:11де жазылган сөздөрү Бабылда жүргөн бүт ысрайылдыктарга айтылган. Ал келечектеги тынчтык жөнүндө сөз кылганда ысрайылдыктардын баарына кайрылган (Жеремия 29:4). Бирок Кудай ар бир адамга ал убада кылган нерселерге ээ болгусу келер-келбесин чечкенге жол берген (Мыйзам 30:19, 20; Жеремия 29:32). Кудайдын батасын алгысы келгендер ага чын жүрөктөн кайрылып, аны издеши керек болчу (Жеремия 29:12, 13).

 Жаңылыш ой: Кудай кызматчыларын дүнүйө-мүлккө ээ кылат.

 Чындык: Айрым Ыйык Китептерде Жеремия 29:11деги сөздөр «гүлдөп-өсүү» деп берилген. Бирок ал аяттагы еврей сөзү «тынчтык, саламаттык, ден соолук» деген маанини билдирет. Бул аяттын контекстине ылайык, Кудай туткунда жүргөн ысрайылдыктардын бай болорун убада кылган эмес. Анын ордуна, алар тынчтыкта өмүр сүрүп, бакубат жашашмак. Алар улут катары жок болуп кетмек эмес. Убагы келгенде Кудай убада кылгандай Иерусалимге кайтып барышмак (Жеремия 29:4—10).

Жеремия 29-бөлүмдү шилтемелери жана байланышы бар аяттары менен бирге окуп көргүлө.

a Ыйык Китепте Кудайдын ысымы Жахаба экени айтылат (Забур 83:18).

b Жеремия 29:11ге байланыштуу бир эмгекте мындай делген: «Бул туткунда жүргөндөргө айтылган эң эле кереметтүү убадалардын бири. Ыйык Китептин башка жеринен мындай убаданы таппайсың. Бул Яхвенин [Жахабанын] туткунда жүргөндөргө туйган назик сезимдерин чагылдырып турат. Кудайдын убадасы аларга оң маанай сактаганга, келечектен үмүт үзбөгөнгө жардам бергени шексиз» («Expositor’s Bible Commentary» 7-том, 360-бет).