Насаатчы 1:1—18

1  Иерусалимде падыша болгон насаатчынын*+, Дөөтүнүн уулунун, сөздөрү+.  «Убаракерчиликтин убаракерчилиги!+ — деди насаатчы.— Убаракерчиликтин убаракерчилиги! Баары убаракерчилик!»+  Күн астында+ кылган бүт мээнетинен адамга эмне пайда?+  Бир муун өтүп+, бир муун келет+, жер болсо түбөлүктөн түбөлүккө турат+.  Күн чыгып, кайра батат+, анан кайрадан чыга турган жерине шашат+.  Шамал түштүккө согуп, анан түндүккө бет алат+. Ал айланып-тегеренип жүрүп+, кайрадан баштагы багытына түшөт.  Бардык дарыялар*+ деңизге+ барып куят, бирок деңиз ашып-ташып кетпейт+. Дарыялар кайра агыш үчүн агып чыккан жерине кайтат+.  Бардык нерсе чарчатат+, баарын эч ким айтып бүтө албайт. Көз көргөнүнө тойбойт+, кулак укканына тойбойт+.  Мурун эмне бар болсо, ал дагы деле бар болот+, мурун эмне жасалса, ал дагы деле жасалат; күн астында жаңы эч нерсе жок+. 10  «Карасаң, бул жаңы экен»,— деп айткыдай нерсе барбы? Ал кылымдар мурун эле бар болгон+, бизге чейинки замандарда эле пайда болгон+. 11  Мурун жашагандар эсте калбайт, кийин жашай тургандар да унутулат+. Аларды андан кийин жашай тургандар да эстешпейт+. 12  Мен, насаатчы, Иерусалимде Ысрайылдын падышасы болгом+. 13  Мен асман астында жасалып жаткан иштердин баарынан — Кудайдын адам баласына аткаруу үчүн берген азаптуу иштеринен+ — акылмандык издеп+, аны баамдап билүүгө дит койдум. 14  Күн астында жасалып жаткан иштердин баарын көрүп+, бардыгынын убаракерчилик жана шамалды кууп жетүүгө умтулгандык экенин түшүндүм+. 15  Ийри түздөлбөйт, жок нерсе эсептелбейт+. 16  Мен өз ичимен+: «Акылмандыгым менен Иерусалимде өзүмдөн мурун жашагандардын баарынан ашып түштүм+, жүрөгүм көп акылмандыкты, көп билимди көрдү»+,— дедим. 17  Мен акылмандыкты таанып-билүүгө, акылсыздык менен наадандыкты таанып-билүүгө дит койдум+. Бирок бул да шамалды кууп жетүүгө умтулгандык экен+. 18  Анткени акылмандык көп жерде кайгы көп+; билимин арттырган киши азабын арттырат+.

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «элди чогултуучунун».
Же: «кышкы суу агымдары».