Даниел 2:1—49

2  Башкаруусунун экинчи жылында Небухаданасар түш көрдү+. Ошондон улам тынчы кетип+, уйкусу качты.  Ошондо падыша өзү көргөн түштү айтып беришсин деп, сыйкырчылык кылган дин кызматчылар+ менен көзү ачыктарды, көз байлоочулар менен каздимдиктерди* чакыртты+. Алар келип, падышанын алдында турушту.  Падыша аларга: «Мен түш көрдүм, түштүн маанисин биле албай, тынчым кетти»,— деди.  Буга каздимдиктер арамей тилинде+: «Оо, падышабыз, түбөлүк жашаңыз+. Түшүңүздү кулдарыңызга айтыңыз, жоруп берели»,— дешти+.  Падыша каздимдиктерге мындай деп жооп берди: «Эгерде мага кандай түш көргөнүмдү айтып, жоруп бербесеңер, силерди бырчалап кескилетем+, үйлөрүңөрдү болсо эл колдонгон дааратканага айлантам+. Сөзүм эки болбойт!  Эгерде түшүмдү айтып, жоруп берсеңер, менден белек, сыйлык аласыңар, силерге чоң сый көрсөтүлөт+. Эмесе, түшүмдү айтып, жоруп бергиле».  Алар экинчи жолу: «Падышабыз кулдарына түшүн айтсын, жоруп берели»,— дешти.  Ошондо падыша мындай деди: «Сөзүмдүн эки болбосун түшүнүп, убакыттан уткуңар келип жатканын билип эле турам.  Эгерде түшүмдү айтып бербесеңер, баарыңарга бир өкүм чыгарылат+. Силер эптеп убакытты өткөрүп, анан мага жалган айтканы, калп айтканы жатасыңар, ошентип сүйлөшүп алгансыңар+. Кана, кандай түш көргөнүмдү айтып бергиле, ошондо аны жоруй ала турганыңарга да көзүм жетет». 10  Каздимдиктер падышага мындай деп жооп беришти: «Жер жүзүндө бул ишти падышага айтып бере ала турган бир да киши жок, анткени сыйкырчылык кылган дин кызматчыдан, көзү ачыктан же каздимдиктен мындайды бир да улуу падыша, бир да башкаруучу талап кылган эмес. 11  Падыша кыйын нерсени талап кылып жаткандыктан, аны адамдардын арасында жашабаган+ кудайлардан башка эч ким айтып бере албайт»+. 12  Буга падыша аябай ачууланып, каары кайнап+, Бабылдын бардык акылмандарын кырып салууну буйрук кылды+. 13  Буйрук чыкканда, акылмандарды өлтүрмөкчү болушту. Өлтүрүш үчүн Даниел менен анын жолдошторун да издешти. 14  Ошондо Даниел Бабылдын акылмандарын кырганы чыккан Ариохко, падышанын жан сакчыларынын башчысына, акыл-эстүүлүк менен кайрылды+. 15  Ал падышанын ак сарай кызматчысы Ариохтон: «Эмне үчүн падыша мындай катаал буйрук чыгарды?» — деп сурады. Ариох Даниелге иштин жөнүн түшүндүрдү+. 16  Ошондо Даниел падышага кирип, түшүн жоруш үчүн убакыт берүүнү өтүндү+. 17  Анан Даниел үйүнө барып, болгон ишти жолдошторуна — Хананияга, Мишаелге, Азарияга — айтып берди. 18  Бабылдын башка акылмандары менен кошо өлүп калбаш үчүн+, Даниел жолдошторунан асман Кудайына+ кайрылууну, бул сырды ачып берип кайрымдуулук кылышын+ өтүнүүнү суранды+. 19  Ошондо бул сыр Даниелге түндө аян аркылуу ачылып берилди+. Бул үчүн Даниел асман Кудайын алкады+. 20  Ал мындай деди: «Кудайдын ысмы түбөлүктөн түбөлүккө даңкталсын+, анткени акылмандык менен кудурет ага таандык+. 21  Ал убакыт-мөөнөттөрдү өзгөртөт+, падышаларды кулатат, падышаларды коёт+, акылмандарга акылмандык, кыраакыларга билим берет+, 22  терең жана жашыруун нерселерди ачып берет+, караңгылыкта эмне бар экенин билет+, аны жарык курчап турат+. 23  Оо, ата-бабаларымдын Кудайы, мага акылмандык+ менен кудурет-күч бергениң үчүн сени мактап-даңктайм+. Биз сенден эмнени сурасак, мага ошону ачып бердиң, бизге падышанын ишин ачып бердиң»+. 24  Анан Даниел Бабылдын акылмандарын кырууга падышадан буйрук алган+ Ариохко+ барып: «Бабылдын акылмандарын өлтүрбө. Мени падышанын алдына алып бар+, түшүн жоруп берем»,— деди. 25  Ариох Даниелди дароо падышага алып барып, ага: «Мен Жүйүт туткундарынын арасынан+ падышанын түшүн жоруй ала турган адамды таптым»,— деди. 26  Падыша Белтешатсар+ деген да аты бар Даниелден: «Көргөн түшүмдү айтып, аны жоруп бере аласыңбы?»+ — деп сурады. 27  Даниел мындай деп жооп берди: «Падыша сураган сырды ага акылмандар да, көзү ачыктар да, сыйкырчылык кылган дин кызматчылар да, астрологдор да ачып бере албайт+. 28  Бирок асманда сырларды ача турган Кудай бар+. Ал акыркы күндөрдө эмне болорун Небухаданасар падышага ачып берди+. Сиздин көргөн түшүңүз, төшөгүңүздө жатып көргөнүңүз мындай: 29  Оо, падышам, сиз төшөктө жатканыңызда+ мындан ары эмне болот деген ойго баттыңыз. Эмне болорун сизге сырларды ачып бере ала турган Кудай көрсөттү+. 30  Мага болсо бул сыр башкалардан акылдуураак болгонум үчүн эмес+, падышага түшүн жоруп беришим үчүн, сиз жүрөгүңүздөгү ойлорду биле алышыңыз үчүн ачылып берилди+. 31  Оо, падышам, сиз чоң айкелди көрдүңүз. Килейген, аябай жаркыраган ал айкел сиздин бет алдыңызда турду, анын көрүнүшү коркунучтуу эле. 32  Айкелдин башы таза алтындан+, көкүрөгү менен колдору күмүштөн+, ичи менен сандары жезден+, 33  буттары темирден+, бут кетмендери жарым-жартылай темирден, жарым-жартылай чоподон эле+. 34  Сиз карап турганда, тоодон колдун жардамысыз эле бир таш бөлүнүп, учуп келип+, айкелдин темир-чопо бут кетменине бир тийди, ошондо бардыгы талкаланды+. 35  Ошондо темир, чопо, жез, күмүш, алтын — баары талкаланып, жайкы кырмандагы топондой болуп калды+. Аларды шамал учуруп кетти, изи да калган жок+. Ал эми айкелди талкалаган таш чоң тоого айланып, бүт жерди ээлеп калды+. 36  Сиз ушундай түш көрдүңүз, падыша. Эми түшүңүздү жоруп беребиз+. 37  Оо, падышам, падышалардын падышасы, сизге асман Кудайы падышалык, кудурет, күч, атак-даңк берип+, 38  адам баласы жашаган бардык жерлердеги талаа жаныбарларын, асман канаттууларын берип+, сизди алардын баарынын үстүнөн башкаруучу кылып койгондуктан, ошол алтын баш сиз өзүңүзсүз+. 39  Сизден кийин өзүңүздөн төмөн турган+ башка падышалык келет+, анан үчүнчүсү, жер жүзүн башкара турган жез падышалык, пайда болот+. 40  Төртүнчү падышалык+ болсо темирдей катуу болот+. Темир бардыгын талкалап, таш-талканын чыгаргандай эле, ал да бүлүндүрүүчү темирдей болуп, ушул падышалыктардын баарын талкалайт, бүлүндүрөт+. 41  Сиз бут кетмендери менен манжалардын жарым-жартылай карапачынын чопосунан, жарым-жартылай темирден+ экенин көргөнүңүздөй эле, ал падышалыкта биримдик болбойт+. Бирок, чопо менен аралашкан темирди көргөнүңүздөй, анда кайсы бир деңгээлде темирдин катуулугу болот+. 42  Манжалары жарым-жартылай темирден, жарым-жартылай чоподон болгондой эле, ал падышалык жарым-жартылай бекем, жарым-жартылай борпоң болот. 43  Сиз чопо менен аралашкан темирди көргөнүңүздөй, ал падышалыктын бөлүктөрү адамзаттын тукуму менен аралашат, бирок бирикпейт. Темир чопо менен аралашпагандай эле, алар да бири-бири менен бирикпейт. 44  Ошол падышалардын күндөрүндө+ асман Кудайы+ эч качан кыйратылбай турган+ Падышалыкты орнотот+. Ал Падышалык бир да элге өткөрүлүп берилбейт+. Ал ушул падышалыктардын баарын талкалайт+, жок кылат, өзү болсо түбөлүк турат+. 45  Анткени сиз тоодон бир таштын колдун жардамысыз эле бөлүнүп+, темирди, жезди, чопону, күмүштү, алтынды талкалаганын көрдүңүз+. Мындан ары эмне болорун падышага Улуу Кудай+ көрсөттү+. Бул түш ишеничтүү, чечмелениши туура»+. 46  Ошондо Небухаданасар падыша жүзтөмөндөп жыгылып, Даниелге терең урмат-сый көрсөттү. Анан ага белек берүүнү, анын алдында жыпарзат түтөтүүнү буйрук кылды+. 47  Падыша Даниелге: «Бул сырды ача алган соң, чынында эле, силердин Кудайыңар кудайлардын Кудайы+, падышалардын Теңири+, сырларды ачкан Кудай экен»,— деди+. 48  Ошондон кийин падыша Даниелдин зоболосун көтөрдү+, ага көптөгөн чоң белектерди берип, аны бүт Бабыл дубанына башкаруучу+, Бабылдын бардык акылмандарына башчы кылып койду. 49  Даниелдин өтүнүчү боюнча, падыша Бабыл дубанын башкарууга Шадрахты, Мешахты, Абетнегону+ койду. Даниел болсо падышанын ак сарайында калды+.

Шилтемелер

«Каздимдиктер» деген сөз өздөрүн көзү ачыктык кылууга шыктуу деп эсептеген адамдардын тобун да билдирет.