Кудайдын канча ысмы бар?
Ыйык Китепте эмне деп айтылат?
Кудайдын бир эле ысмы бар. Ал еврейче יהוה деп жазылат. Ал эми кыргызча «Жахаба» деп жазылат a. Ышая пайгамбар аркылуу Кудай: «Мен Жахабамын. Бул — менин ысмым»,— деген (Ышая 42:8). Кудайдын ысымы Ыйык Китептин байыркы кол жазмаларында 7 000дей жолу кездешет. Ыйык Китепте Кудайдын наамдары, башкалардын ысымдары мынчалык көп кездешпейт b.
Кудайдын башка ысымдары да барбы?
Ыйык Китепте Кудайдын бир эле ысмы бар экени айтылса да, анда анын көп наамдары жазылган. Төмөндөгү тизмеде Жахаба Кудайдын кандай экенин билүүгө жардам берген айрым наамдары жазылган.
Наамы |
Аят |
Мааниси |
---|---|---|
Аллах |
(жок) |
Араб тилиндеги «Аллах» деген сөз Кудайдын ысымы эмес. Ал — анын наамы. Ыйык Китептин араб жана башка тилдердеги котормолорунда «Аллах» деген сөз «Кудай» деген сөздүн ордуна колдонулат. |
Кудуреттүү |
Чексиз күчкө ээ. Еврей тилиндеги «Эл Шаддай», «Кудуреттүү Кудай», деген сөз айкашы Ыйык Китепте жети жолу кездешет. |
|
Альфа жана Омега |
«Биринчимин жана акыркымын, башымын жана аягымын» деген сөздөр Жахабага чейин да, андан кийин да Кудуреттүү Кудайдын болбогонун жана болбой турганын билдирет (Ышая 43:10). Альфа менен омега — грек алфавитинин биринчи жана акыркы тамгалары. |
|
Күндөрү Байыркы |
Башталышы болгон эмес. Эч ким, эч нерсе жаратыла электе эле бар болчу (Забур 90:2). |
|
Жараткан |
Бардык нерсени жараткан. |
|
Ата |
Өмүр Берүүчү. |
|
Кудай |
Кудурети күчтүү. Ага сыйынышат. Еврей тилиндеги «Элохим» деген сөздүн көптүк санда берилгени Жахабанын улуулугун, баарынан жогору турарын, ага эч ким, эч нерсе тең келбей турганын көрсөтүп турат. |
|
Кудайлардын Кудайы |
«Пайдасыз кудайлардан» айырмаланып, баарынан жогору турган Кудай сыйынышыбызга татыктуу (Ышая 2:8). |
|
Улуу Насаатчы |
Пайдалуу нерселерди үйрөтүп, жетекчилик берет (Ышая 48:17, 18). |
|
Улуу Жараткан |
Бардык нерсени жараткан (Аян 4:11). |
|
Бактылуу Кудай |
Өз иштерине кубанат (Забур 104:31). |
|
Тиленүүлөрдү Угуучу |
Ишенимдүү ар бир кызматчысынын тиленүүсүн угат. |
|
Мен бар болуп туруучумун |
Чыгуу 3:14 («Үмүт нуру», 2-басылышы) |
Ой-ниетин ишке ашыруу үчүн ким болгусу келсе, ошол боло алат. Бул кээ бир котормолордо: «Мен ким болууну кааласам, ошол болом» же «Мен ким болгум келсе, ошол болом»,— деп берилген («The Emphasised Bible», by J. B. Rotherham; «Жаңы дүйнө котормосу»). Ушул түшүндүрмө кийинки аятта берилген Жахабанын ысмынын маанисин түшүнүүгө жардам берет (Чыгуу 3:15). |
Кызганчаак |
Чыгуу 34:14 («Үмүт нуру», 2-басылышы) |
Сыйынууда атаандаштыкты жек көрөт. Бул наам «атаандаштыкка чыдабайт» жана «толук берилгендикти талап кылат» деп да которулат. |
Түбөлүктүктүн Падышасы |
Бийлигинин башталышы да, аягы да жок. |
|
Мырза |
Кожоюн же бардык нерсенин ээси. Еврейче «Адон» жана «Адоним». |
|
«Себайот Теңир» |
Ышая 1:9; Римдиктер 9:29 («Үмүт нуру», 2-басылышы) |
Түмөндөгөн күчтүү периштелердин башчысы. «Себайот Теңир» деген наамдын «аскерлердин Жахабасы» жана «асман аскерлеринин Кудайы» деген да мааниси бар (Римдиктер 9:29; «Жаңы дүйнө котормосу»). |
Эң Жогорку |
Эң жогорку абалды ээлейт. |
|
Баарынан Ыйык |
Бардык тирүү жандардан ыйык, таза. |
|
Карапачы |
Чопону каалагандай ийлеген карапачыдай болуп, Жахаба ар бир адамга, элдерге бийлик кыла алат (Римдиктер 9:20, 21). |
|
Кун төлөп сатып алуучу |
Иса Машаяк куткаруу курмандыгы аркылуу адамзатты күнөө менен өлүмдөн сатып алган (Жакан 3:16). |
|
Аска |
Баш калкалоочу жай жана куткарылуунун булагы. |
|
Куткаруучу |
Коркунучтан, алааматтан куткарат. |
|
Койчу |
Кызматчыларына кам көрөт. |
|
Эгедер Теңир |
Жогорку бийликке ээ. Еврейче «Адонай». |
|
Эң Жогорку Кудай |
Баарынан жогору турган Эгедер. |
Еврей Жазмаларындагы жерлердин аты
Ыйык Китептеги айрым жерлердин аталышында Кудайдын ысмы камтылат, бирок алар Кудайдын дагы башка ысымдары бар экенин билдирбейт.
Жердин аты |
Аят |
Мааниси |
---|---|---|
Жахаба-Жире |
«Жахаба берет». |
|
Жахаба-Ниси |
«Жахаба — менин белгим». Жахаба кызматчыларынын кимиси жардамга, коргоого муктаж болсо, ошол жерде болот (Чыгуу 17:13—16). |
|
Жахаба-Шалом |
«Жахаба — тынчтык». |
|
Жахаба — Шамма |
«Жахаба ошол жерде». |
Эмне үчүн Кудайдын ысмын билишибиз жана колдонушубуз керек?
Кудай үчүн өзүнүн ысымы терең мааниге ээ. Ошон үчүн ысымын Ыйык Китептин миңдеген жерине жаздырган (Малаки 1:11).
Кудайдын Уулу, Иса Машаяк, Кудайдын ысмынын маанилүү экенин көп жолу баса белгилеген. Алсак, ал Кудайдан: «Ысмың ыйыкталсын»,— деп тиленген (Матай 6:9; Жакан 17:6).
Кудайдын ысмын билип, ага ысмынан кайрылгандар Жахаба менен ынак мамиле өрчүтүүгө биринчи кадам таштаган болушат (Забур 9:10; Малаки 3:16). Аны менен ынак мамиледе болгондор Кудайдын: «Мени сүйгөндүгү үчүн мен аны куткарам, ысмымды таанып-билгени үчүн коргойм»,— деген убадасынын аткарылышын көрүшөт (Забур 91:14).
Ыйык Китепте: «Асманда болобу же жерде болобу, „кудай“ деп аталгандар бар; ооба, „кудайлар“ да, „мырзалар“ да көп»,— деп жазылган (1 Корунттуктар 8:5, 6). Бирок анда Жахаба деген ысмы бар бир эле Кудайдын бар экени айтылат (Забур 83:18).