Мазмунун көрсөтүү

«Альфа жана Омега» деген эмне же ким?

«Альфа жана Омега» деген эмне же ким?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

 «Альфа жана Омега» деген наам кудурети күчтүү Жахаба Кудайга карата айтылат. Бул наам Ыйык Китепте үч жолу кездешет (Аян 1:8; 21:6; 22:13) a.

Эмне үчүн Кудай өзүн «Альфамын жана Омегамын» деп атаган?

 Негизи, альфа грек алфавитинин баш тамгасы, ал эми омега акыркысы. Ыйык Китептин Жаңы Келишим деп аталган бөлүгү, анын ичинде Аян китеби грек тилинде жазылган. Алфавиттин башкы жана акыркы тамгалары алынганы Жахабанын бардык нерсенин башталышы жана аягы экенин баса белгилеш үчүн колдонулган (Аян 21:6). Жахаба чексиз жылдардан бери Кудуреттүү Кудай жана түбөлүккө ошол бойдон кала берет. Бир гана Жахаба — «түбөлүктөн түбөлүккө» бар болуп туруучу Кудай (Забур 90:2).

«Биринчимин жана акыркымын» деген сөздөр кимге тиешелүү?

 Ыйык Китептеги «биринчи» жана «акыркы» деген сөздөр Жахаба Кудайга да, анын Уулу Иса Машаякка карата да айтылат. Бирок ар башка маанини туюнтат. Эки мисалга токтололу:

  •   Ышая 44:6да Жахаба: «Биринчи да менмин, акыркы да менмин. Менден башка Кудай жок»,— деп айткан. Бул сөздөр менен ал өзүнүн түбөлүктөн түбөлүккө бар болуп туруучу чыныгы Кудай экенин жана ага чейин да, андан кийин да башка Кудай жок экенин баса белгилеген (Мыйзам 4:35, 39). Бул учурда «биринчимин жана акыркымын» деген сөздөр, «Альфа жана Омега» деген наам сыяктуу эле, Жахаба Кудайга карата айтылган.

  •   Аян 1:17, 18де жана 2:8де: «Биринчимин [альфа эмес, протос] жана Акыркымын [омега эмес, эскатос]»,— деген сөздөр кездешет. Контексттен бул сөздөрдүн өлүп, кайра тирилген бирөөгө карата колдонулганын билүүгө болот. Демек, ал аяттарда Кудай тууралуу айтылган эмес. Анткени Кудай эч качан өлгөн эмес (Хабакук 1:12). Ал эми Иса Машаяк өлүп, кайра тирилген (Элчилер 3:13—15). Ал адамдардын ичинен асманда жашаш үчүн өлбөс рухий жаратуу болуп тирилгендердин биринчиси болгон. «Азыр болсо түбөлүктөн түбөлүккө жашап жатат» (Аян 1:18; Колосалыктар 1:18). Иса тирилгенден кийин өлгөндөрдү тирилтүү ага тапшырылган (Жакан 6:40, 44). Ошол себептен Жахаба Кудай өзү тирилткендердин ичинен Иса акыркысы болуп калган (Элчилер 10:40). Ушундайча Иса Машаяк «Биринчимин жана Акыркымын» деп атала алат.

Аян 22:13төгү «Альфа жана Омега» деген сөздөр Исага тиешелүүбү?

 Жок. Аян 22:13төгү бул сөздөрдү кимдин айтканы так белгилүү эмес. Бул бөлүмдө көптөрдүн сүйлөгөнү жазылган. Аян китебинин ушул бөлүгүнө байланыштуу Уильям Баркли деген профессор мындай деп айткан: «Бул бөлүктөгү билдирүүлөр белгилүү бир тартипте жазылган эмес... ошондуктан ким сүйлөп жатканын көп учурда так аныктоо кыйын» («The Revelation of John», 2-т., кайра каралган басылышы, 223-б.). Демек, Аян 22:13төгү: «Мен Альфамын жана Омегамын»,— деген сөздөр Аян китебинин башка жеринде кимге карата айтылса, ошого, тагыраак айтканда, Жахаба Кудайга тиешелүү.

a «Король Яковдун Ыйык Китебинде» Аян 1:11де дагы бир жолу кездешет. Бирок грек тилиндеги байыркы кол жазмаларда ушул аятта «Альфа жана Омега» деген наам кездешпегендиктен, Ыйык Китептин азыркы котормолорунан алынып салынган. Кыязы, ал Ыйык Жазманын көчүрмөлөрүнө кийин кошулуп калган.