Чыгуу 3:1—22
3 Муса Мидиан жеринин дин кызматчысы, кайнатасы+ Жетронун*+ койлорун кайтарып жүрдү. Бир күнү ал койлорун чөлдүн батыш тарабына айдап, чыныгы Кудайдын тоосуна+, Хорепке+, барды.
2 Ал жерден ага тикенектүү бадалдын арасында күйүп жаткан оттун жалынындай болуп Жахабанын периштеси көрүндү+. Муса тикенектүү бадалдын жалындап күйүп жатканын, бирок күйүп кетпегенин көрдү.
3 Анан: «Эмнеге бул тикенектүү бадал күйүп кетпейт? Барып, бул эмне болгон өзгөчө кубулуш экенин көрөйүнчү»,— деди+.
4 Ошондо Жахаба Мусанын ал жакта эмне болуп жатканын билиш үчүн баратканын көрүп, аны тикенектүү бадалдын арасынан: «Муса! Муса!» — деп чакырды. Ал: «Угуп жатам»,— деди+.
5 Кудай: «Бул жакка жакындаба. Бутуңдагы сандалыңды чеч, анткени сен турган жер ыйык»,— деди+.
6 Анан: «Мен ата-бабаларыңдын Кудайымын, Ыбрайымдын Кудайымын, Ыскактын Кудайымын, Жакыптын Кудайымын»,— деди+. Ошондо Муса чыныгы Кудайды карагандан коркуп, бетин жаап алды.
7 Жахаба дагы мындай деди: «Мен Мисирдеги элимдин тарткан азабын көрүп, жумушка салгандардын айынан зарлаган үнүн уктум. Мен алардын канчалык азап чегип жатканын билем+.
8 Ошондуктан түшүп барып, аларды мисирликтердин колунан куткарам да+, жакшы, кенен, сүт менен бал аккан жерге+, канаандыктардын, Хеттин тукумдарынын, аморлуктардын, периздердин, хибиликтердин жана жебустуктардын+ жерине алып барам.
9 Ысрайыл уулдарынын зарлаган үнү мага жетти. Мен мисирликтердин аларды канчалык эзип жатканын көрүп турам+.
10 Андыктан баргын, мен сени фараонго жиберем. Сен менин элимди, Ысрайыл уулдарын, Мисирден алып чыгасың»+.
11 Бирок Муса чыныгы Кудайга: «Фараонго барып, Ысрайыл уулдарын Мисирден алып чыккыдай, мен киммин?» — деди+.
12 Кудай ага: «Мен сени менен болом+. Сени мен жибергениме ишенимдүү болушуң үчүн, сага мындай убада* берем+: элди Мисир жеринен алып чыккандан кийин, ушул тоодо+ мага, чыныгы Кудайга, сыйынасыңар»,— деди.
13 Бирок Муса чыныгы Кудайдан: «Мен Ысрайыл уулдарына бардым дейли, анан: „Мени силерге ата-бабаларыңардын Кудайы жиберди“,— десем, алар: „Анын аты ким?“ — деп сурашса+, эмне деп жооп беришим керек?» — деп сурады.
14 Кудай Мусага: «МЕН КИМ БОЛГУМ КЕЛСЕ, ОШОЛ БОЛОМ»,— деди+. Анан: «Ысрайыл уулдарына: „Мени силерге ОШОЛ БОЛОМ жиберди“,— деп айт»,— деди+.
15 Андан кийин Кудай Мусага дагы мындай деп айтты:
«Ысрайыл уулдарына: „Мени силерге ата-бабаларыңардын Кудайы, Ыбрайымдын Кудайы+, Ыскактын Кудайы+, Жакыптын Кудайы+ Жахаба жиберди“,— деп айт. Бул — менин түбөлүккө+ калчу ысмым, муундан муунга ушул ысмым менен эсте калам+.
16 Баргын да, Ысрайыл аксакалдарын чогултуп, мындай деп айт: „Мага ата-бабаларыңардын Кудайы, Ыбрайымдын, Ыскактын, Жакыптын Кудайы Жахаба көрүнүп+: “Мен силерге сөзсүз жардам берип+, Мисирде тарткан азаптарыңардан куткарам.
17 Ошондуктан силерге мисирликтердин эзүүсүнөн куткарып+, канаандыктардын, Хеттин тукумдарынын, аморлуктардын+, периздердин, хибиликтердин жана жебустуктардын+ жерине, сүт менен бал аккан жерге+, алып барарымды айтып жатам”,— деп айтты“.
18 Алар сенин айткандарыңа кулак кагышат+, сен Ысрайыл аксакалдары менен Мисир падышасына барасың. Анан ага: „Бизге еврейлердин Кудайы+ Жахаба көрүндү+. Суранабыз, Жахаба Кудайыбызга курмандык чалып келишибиз үчүн, чөлгө үч күнгө* барып келүүгө уруксат бер“,— деп айткыла+.
19 Бирок мен Мисир падышасынын, аны күчкө салмайын, силерге уруксат бербей турганын билем+.
20 Андыктан колумду сунуп+, Мисирде көп кереметтерди жасап, ал жерди кыйратам. Ошондон кийин фараон силерди коё берет+.
21 Силерди мисирликтердин көз алдында ырайым тапкыдай кылам. Ал жактан чыгып баратканда куру кол кетпейсиңер+.
22 Ар бир аял кошунасынан жана үйүндө жашаган бөтөн жерлик аялдан алтын-күмүш буюмдарын, кийимдерин сурап алат. Аларды балдарыңар менен кыздарыңарга кийгизесиңер. Ошентип, мисирликтерди тоноп аласыңар»+.