Ышая 43:1—28
43 Оо, Жакып, сенин Жаратканың+, оо, Ысрайыл, сенин Калыптоочуң+ Жахаба мындай дейт: «Коркпо, анткени мен сени кун төлөп сатып алдым+. Сени атыңан чакырдым+. Сен мага таандыксың+.
2 Сууларды кечип өткөнүңдө+, мен сени менен болом+. Дарыяларды кечип өткөнүңдө чөкпөйсүң+. Отко киргениңде күйбөйсүң, сени жалын куйкалабайт+.
3 Анткени мен сенин Кудайың Жахабамын, Ысрайылдын Ыйыгымын, Куткаруучуңмун+. Сен үчүн кун катары Мисирди+, сенин ордуңа Эфиопия+ менен Себаны бердим.
4 Сен менин көз алдымда баалуусуң+, ошондуктан сени урматталууга татыктуу деп эсептейм, жакшы көрөм+. Сенин ордуңа башкаларды, жаның үчүн улуттарды берем+.
5 Коркпо, анткени мен сени мененмин+. Тукумуңду күн чыгыштан алып келем, сени күн батыштан чогултам+.
6 Түндүккө+: „Кайрып бер“,— дейм. Түштүккө: „Тоскоол болбо. Уулдарымды алыстан, кыздарымды жер кыйырынан алып кел+.
7 Менин ысмым менен аталган+, мен өз даңкым үчүн жараткан+, калыптаган, колуман бүткөн+ ар бир адамды алып кел“,— дейм.
8 Көзү туруп, көрбөгөн элди, кулагы туруп, укпаган дүлөйлөрдү+ алып кел.
9 Бардык элдер бир жерге чогулсун, улуттар бириксин+. Муну кудайларынын кайсынысы айтып бере алат?+ Алар жакында эмне болорун айта алышабы?+ Адил деп жарыяланыш үчүн өздөрүнүн күбөлөрүн көрсөтүшсүн+, аларды угуп: „Туура!“ — деп айта алгыдай болушсун»+.
10 «Силер менин күбөлөрүмсүңөр+,— дейт Жахаба,— менин кызматчымсың. Мени билип+, мага ишенишиңер үчүн+, ошол эле Кудай экенимди түшүнүшүңөр үчүн+, мен силерди тандап алгам+. Менден мурун Кудай болгон эмес+, менден кийин да болбойт+.
11 Мен, мен Жахабамын+, менден башка куткаруучу жок»+.
12 «Араңарда бөтөн кудай жок кезде+ мен айтып, куткарып, угузуп келгем+. Силер менин күбөлөрүмсүңөр+,— дейт Жахаба.— Мен болсо Кудаймын+.
13 Мен ар дайым ошол эле Кудаймын+, менин колуман куткарып алар эч ким жок+. Иш-аракет кыла баштаганымда+, ким каршы чыга алат?»+
14 Силерди кун төлөп сатып алган Кудайыңар+, Ысрайылдын Ыйыгы+ Жахаба мындай дейт: «Силер үчүн мен аларды Бабылга жиберем, түрмөлөрдүн кулпуларын алып таштайм+, кемелердеги каздимдиктерге сокку урам, ошондо алар аянычтуу үн менен ыйлашат+.
15 Мен Жахабамын, Ыйык Кудайыңармын+, Ысрайылдын Жаратканымын+, Падышаңармын»+.
16 Деңизден жол ачкан, шаркыраган суулар аркылуу жол салган+ Жахаба,
17 майдан араба менен атты, аскер менен күчтүүлөрдү бирге чыгарган Кудай:+ «Алар жатат да+, кайра турбайт+. Зыгыр биликтей өчүп+, жок болушат»+,— дейт.
18 «Башында болгондорду эстебегиле, мурун болгондорду ойлобогула.
19 Мына, мен жаңы нерсе жасап жатам+. Эми ал ишке ашканы турат. Силер аны сөзсүз көрөсүңөр+. Мен ээн талаага жол салам+, чөл аркылуу дарыяларды агызам+.
20 Мени талаадагы жапайы жаныбарлар, чөөлөр, төө куштар+ даңктайт+, анткени мен ээн талаада суу берем, чөл аркылуу дарыяларды агызам+, ошондо менин элим, тандап алганым+, суу ичет.
21 Ал элди мен өзүм үчүн, даңкымды жар салсын+ деп жараткам.
22 Бирок сен, Жакып, мени чакырган эмессиң+, анткени сен, Ысрайыл, менден чарчагансың+.
23 Сен мага бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка кой алып келген эмессиң, мени курмандыктарың менен даңктаган эмессиң+. Мен сени белек алып келүүгө мажбурлаган эмесмин, ладан сурап тажаткан эмесмин+.
24 Сен акча төлөп, мага жыттуу камыш сатып келген эмессиң+, мени курмандыктарыңдын майына тойгузган эмессиң+. Тескерисинче, күнөөлөрүң менен мени өзүңө кызмат кылууга мажбурлап келгенсиң, мени кылмыштарың менен тажаткансың+.
25 Мен, мен сенин кылмыштарыңды+ өзүм үчүн+ өчүрөм+, күнөөлөрүңдү эстебейм+.
26 Кел, ишибизди териштирели+. Эсиме сал, өзүңдү акташ үчүн сүйлө+.
27 Биринчи атаң күнөөгө баткан+, өкүлдөрүң мага каршы күнөө кылган+.
28 Ошондуктан мен ыйык жайдын төрөлөрүн арамдайм, Жакыпты жок кылам, Ысрайылды шылдың кылам+.