Мазмунун көрсөтүү

Кудайдын аты Исабы?

Кудайдын аты Исабы?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

 Иса пайгамбар эч качан өзүн Кудуреттүү Күчтүү Кудайга теңеген эмес. Ал Кудай жөнүндө: «Менин Кудайым»,— деп айткан (Жакан 20:17).

 Иса пайгамбар өзү Кудайга кайрылып, тиленчү (Матай 26:39) Андан тышкары, ал шакирттерине Кудайдан тиленгенде: «Асмандагы Атабыз, ысмың ыйыкталсын»,— деп кайрылышы керектигин үйрөткөн (Матай 6:9).

 Бир жолу Иса пайгамбар Тооратта жазылган сөздөрдү цитата кылып, Кудайдын ысмы ким экенин ачып берген. Ал: «Ук, Ысрайыл, Кудайыбыз Жахаба — жалгыз Жахаба»,— деп айткан (Марк 12:29; Мыйзам 6:4).