Мазмунун көрсөтүү

ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ АЯТТАРДЫН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ

Ышая 42:8. «Мен Теңирмин»

Ышая 42:8. «Мен Теңирмин»

 «Мен Жахабамын. Бул — менин ысмым. Өзүмө таандык даңкты башка эч кимге, мактоону оюп жасалган буркандарга бербейм» (Ышая 42:8, «Жаңы дүйнө котормосу»).

 «Мен Теңирмин, бул Менин ысымым, Мен Өз даңкымды башка бирөөгө бербейм, Өз даңкымды буркандарга бербейм» (Ышая 42:8, «Үмүт нуру» котормосу).

Ышая 42:8дин мааниси

 Кудай бизге өзүнүн ысымын ачып берген. Ошондой эле даңкты да, мактоону да буркандарга бербей турганын айткан.

 Кудай өзүнө ат койгон. Ал кыргыз тилинде «Жахаба» деп айтылат a (Чыгуу 3:14, 15). Кудайдын ысымы Байыркы Келишимде (Еврей-арамей Жазмаларында) 7 000дей жолу кездешет. Бирок көптөгөн котормолордо ал «Теңир» деген наамга алмаштырылган. Буга Забур 110:1 мисал боло алат. Ал аятта «Теңир» деген сөз Жахабага да, Исага да карата айтылган. Алсак, «Үмүт нуру» котормосунда: «Теңир [Жахаба] менин Теңириме [Исага]... деди»,— деп жазылган (Элчилер 2:34—36). Ал эми «Жаңы дүйнө котормосунда» ким кимге кайрылып жатканы түшүнүктүү болушу үчүн, Кудайдын ысымы турушу керек болгон жерге коюлган. Ал аятта мындай деп жазылган: «Жахаба менин Мырзама: „Душмандарыңды бут алдыңа жыгып бергенимче, оң жагымда отур“,— деди».

 Көп окумуштуулар Кудайдын ысымы «болтурат» деген маанини билдирет деп айтышат. Бул ысым менен аталууга чыныгы Кудай гана татыктуу. Анткени ал гана ким болгусу келсе, ошол боло алат. Ошондой эле ал жаратууларын өзүнүн эркин аткарыш үчүн ким же эмне кылгысы келсе, ошол кыла алат.

 Жаратканыбыз жана жалгыз чыныгы Кудайыбыз катары Жахаба ага гана кызмат кылышыбызга татыктуу. Андан башка эч кимге же эч нерсеге сыйынбашыбыз керек. Буга буркандар жана сөлөкөттөр кирет (Чыгуу 20:2—6; 34:14; 1 Жакан 5:21)

Ышая 42:8дин контексти

 Ышая 42-бөлүмдүн алгачкы аяттарында Жахаба ал «тандап алган» бирөөнүн эмне кылары жөнүндө алдын ала айткан. Кудай өзүнүн жактыруусуна ээ болгон ал кызматчысы тууралуу: «Ал элдерге адилеттикти ачып берет»,— деген (Ышая 42:1). Бул убада жөнүндө Кудай: «Эми жаңысын айтып жатам. Силерге аны аткарыла электе эле угузуп жатам»,— деп айткан (Ышая 42:9). Анын «тандап алган» бирөө жөнүндөгү пайгамбарлык сөзү көп кылымдардан кийин аткарылган. Тагыраак айтканда, Иса Машаяк жерге келип, кызмат кыла баштаганда аткарылган (Матай 3:16, 17; 12:15—21).

a Кудайдын ысымы еврей тилинде 4 үнсүз тамгадан турат. Кыргыз тилинде ал 4 тамга «ЖХВХ» деп берилген. Айрым котормолордо ал ысымдын «Яхве» деген түрү кездешет. Көбүрөөк маалымат алыш үчүн «Ыйык Китепти изилдөөгө жардам берген курал» деген китепченин 1-бөлүгүн карагыла.