Мазмунун көрсөтүү

Холокост учурунда Жахабанын Күбөлөрү эмнелерге кабылган?

Холокост учурунда Жахабанын Күбөлөрү эмнелерге кабылган?

 Холокост учурунда Германияда жана нацисттер басып алган өлкөлөрдө жашаган 35 000дей Жахабанын Күбөсүнүн ичинен 1 500дөйү каза тапкан. Айрымдарынын эмнеден өлгөнү белгисиз. Изилдөөлөр жүргүзүлүп жаткандыктан кимдир бирөөлөргө жана айрым нерселерге байланыштуу маалымат жаңыртылышы мүмкүн.

 Кантип өлүшкөн?

  • Нацисттер колдонгон гильотина

      Өлүм жазасы. Германияда жана нацисттер басып алган өлкөлөрдө жашаган 400гө жакын Жахабанын Күбөсү өлүм жазасына тартылган. Курман болгондордун көбү соттолуп, баштары алынган. Башкалары суроо-сопкутсуз эле атууга кетишкен же дарга асылышкан.

  •   Адам чыдагыс шарттар. 1 000ден ашуун Жахабанын Күбөсү нацисттердин концлагерлеринде, түрмөлөрүндө набыт болгон. Алар оор жумуштан, кыйноонун, ачкачылыктын, катуу сууктун, оорунун жана дары-дармектин жетишсиздигинин айынан өмүрү менен кош айтышкан. Ырайымсыз мамилеге дуушар болгондуктан, Экинчи дүйнөлүк согуш бүткөндө бошотулгандан кийин айрымдары көп өтпөй эле каза болуп калышкан.

  •   Башка себептер. Жахабанын Күбөлөрүнүн айрымдары мыкаачылык менен жүргүзүлгөн медициналык эксперименттерден көз жумган. Башкаларын газга уулантып, өлтүрө турган инъекция жасап өлтүрүшкөн.

 Эмне үчүн куугунтукталышкан?

 Жахабанын Күбөлөрү Ыйык Китепте жазылгандарга бекем кармангандыктан куугунтукталышкан. Нацисттик бийлик Жахабанын Күбөлөрүнөн Ыйык Китепте тыюу салынган иштерди кылууну талап кылганда, алар аткаруудан баш тартышкан. Жахабанын Күбөлөрү «адамдарга эмес, биринчи кезекте» «Кудайга баш ийүүнү» тандашкан (Элчилер 5:29). Буга байланыштуу эки нерсени мисал кылалы.

  1.   Саясий бейтараптуулукту сакташкан. Бардык өлкөдө жашаган бүгүнкү күндөгү Жахабанын Күбөлөрү сыяктуу эле, нацисттик бийликтин тушундагы Жахабанын Күбөлөрү да саясий маселелерде эч бир тарапты ээлешкен эмес (Жакан 18:36). Ошондуктан алар:

    •   Аскер кызматын өтөөдөн жана согушту колдогон иштерди кылуудан баш тартышкан (Ышая 2:4; Матай 26:52).

    •   Шайлоолордо добуш беришкен эмес, ошондой эле нацисттик уюмдарга кошулушкан эмес (Жакан 17:16).

    •   Свастикага честь берүүдөн, «Хайль Гитлер!» деп айтуудан баш тартышкан (Матай 23:10; 1 Корунттуктар 10:14).

  2.   Динине бек карманышкан. Тыюу салынганына карабай, Жахабанын Күбөлөрү:

 Тарых илиминин профессору Роберт Герварт Жахабанын Күбөлөрүнүн «Үчүнчү рейхтин доорунда дини үчүн эле куугунтукталган жалгыз топ болгонун» билдирген a. Концлагерлерде отургандар Жахабанын Күбөлөрүнүн диний көз карашына бекем карманганына суктанышкан. Концлагерде отурган австриялык бир киши: «Алар согушка барышпайт. Бирөөнү өлтүргөндөн көрө, өздөрү өлгөнгө даяр»,— деп айткан.

 Кайсы жерде өлүшкөн?

  •   Концлагерлер. Жахабанын Күбөлөрүнүн көбү концлагерлерде каза табышкан. Алар Аушвиц, Бухенвальд, Дахау, Флоссенбюрг, Маутхаузен, Нойенгамме, Нидерхаген, Равенсбрюк жана Заксенхаузен деген сыяктуу концлагерлерге камалышкан. Заксенхаузен концлагеринде эле 200дөй Жахабанын Күбөсү набыт болгону тастыкталган.

  •   Түрмөлөр. Жахабанын Күбөлөрүнүн айрымдары түрмөлөрдө кыйнап өлтүрүлгөн. Кээ бирлери суракка алынып жатканда катуу сабалгандыктан каза болгон.

  •   Өкүм ишке ашырылган жерлер. Жахабанын Күбөлөрүнө чыгарылган өкүм, негизинен, Берлин-Плётцензее, Бранденбург жана Галле (Заале) түрмөлөрүндө ишке ашырылган. Андан тышкары, Жахабанын Күбөлөрү дагы башка 70 жерде өлүм жазасына тартылганы аныкталган.

 Өлүм жазасына тартылгандардын айрымдары

  •  Аты-жөнү: Хелен Готтхольд

     Өкүм ишке ашырылган жер: Плётцензее (Берлин)

     Бир кыз, бир баласы бар Хелен бир нече жолу камалган. 1937-жылы сурак маалында ырайымсыз мамиле кылынгандыктан, анын боюнан түшүп калган. 1944-жылы, 8-декабрда Берлиндеги Плётцензее түрмөсүндө гильотина менен башы алынган.

  •  Аты-жөнү: Герхард Либольд

     Өкүм ишке ашырылган жер: Бранденбург

     Жыйырма жаштагы Герхардга чыгарылган өкүм 1943-жылдын 6-майында ишке ашырылып, башы алынган. Эки жылдан кийин ошол эле түрмөдө анын атасынын башы алынган. Герхард апасы менен карындашына жана сүйлөшкөн кызына жөнөткөн акыркы катында: «Мырзабыз күч бербесе, аягына чейин ишенимдүү боло алмак эмесмин»,— деп жазган.

  •  Аты-жөнү: Рудольф Аушне

     Өкүм ишке ашырылган жер: Галле (Заале)

    1944-жылдын 22-сентябрында Рудольфтун башы алынган. Ошондо ал 17 эле жашта болгон. Апасына жөнөткөн акыркы катында ал: «Көптөгөн бир туугандардын баштары кыйылды. Мени да ошо нерсе күтүп турат»,— деп жазган.

a «Hitler’s Hangman: The Life of Heydrich», 105-бет.