Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү эмне үчүн саясатка аралашпайт?

Жахабанын Күбөлөрү эмне үчүн саясатка аралашпайт?

 Биз Ыйык Китепке негизделген диний көз карашыбыздан улам саясатка аралашпайбыз. Биз митингдерге катышпайбыз, кайсы бир саясий партияга же талапкерге добуш бербейбиз, мамлекеттик кызматка умтулбайбыз жана өкмөт башында турган кимдир бирөөнү бийликтен түшүрүүнү көздөгөндөрдү колдобойбуз. Анткени бейтараптуулук сактоого Ыйык Китепте төмөнкүдөй орчундуу себептер бар экенин билебиз:

  •   Биз саясий иштерге кийлигишүүдөн баш тарткан Иса пайгамбардын жолун жолдойбуз (Жакан 6:15). Ал өзүнүн шакирттерине да «дүйнөгө таандык болбошу» керектигин айткан жана саясий маселелерде кайсы бир тарапты ээлебеши керектигин так-даана түшүндүргөн (Жакан 17:14, 16; 18:36; Марк 12:13—17).

  •   Биз Кудайдын Падышалыгын берилгендик менен жактайбыз. Ал тууралуу Иса пайгамбар: «Падышалык жөнүндөгү бул жакшы кабар дүйнө жүзү боюнча бардык элдерге күбөлөндүрүү катары таратылат»,— деген (Матай 24:14). Биз ошол Падышалыктын өкүлдөрүбүз жана бизге анын орной турганын жарыялоо иши тапшырылган. Андыктан биз эч бир өлкөдөгү, атүгүл өзүбүздүн өлкөдөгү саясий иштерге аралашпайбыз (2 Корунттуктар 5:20; Эфестиктер 6:20).

  •   Бейтараптуулук сактагандыктан биз саясий көз карашы бири-бириникинен айырмаланган бардык адамдарга Кудайдын Падышалыгы жөнүндө ээн-эркин айта алабыз. Ошондой эле Кудайдын Падышалыгы гана адамзаттын көйгөйлөрүн чечерине ишенерибизди сүйлөгөн сөзүбүз, иштерибиз менен көрсөтөбүз (Забур 56:11).

  •   Саясий жактан бөлүнбөгөндүктөн биз ортосунда биримдик өкүм сүргөн эл аралык бир туугандыкты түзөбүз (Колосалыктар 3:14; 1 Петир 2:17). Ал эми саясатка кийлигишкен диндердин арасында биримдик жок (1 Корунттуктар 1:10).

 Бийликтегилерди урматтоо. Саясий маселелерде эч бир тарапты ээлебесек да, биз өзүбүз жашаган өлкөдөгү мамлекеттик бийликке баш иебиз. Анткени Ыйык Китепте: «Ар бир адам жогорку бийликтерге баш ийсин»,— деген буйрук жазылган (Римдиктер 13:1). Ошондуктан биз мыйзамга баш иебиз, салыктарды төлөйбүз жана жарандардын кызыкчылыгы үчүн өкмөт тарабынан көрүлгөн иш-чараларды колдойбуз. Өкмөт башындагыларды бийликтен кулатууну көздөгөндөр уюштурган митингдерге катышпайбыз, анын ордуна, Ыйык Китептеги кеңешке ылайык иш кылып, «падышалар менен жогорку абалды ээлегендердин баары үчүн», өзгөчө, алар дин тутуу эркиндигине таасир эте турган чечимдерди чыгарып жатканда, алар үчүн тиленебиз (1 Тиметей 2:1, 2).

 Ошондой эле башкалардын саясий маселелерде өздөрү каалагандай чечим чыгарууга укуктуу экенин түшүнгөндүктөн алардын көз карашын сыйлайбыз. Мисалы, шайлоо жүрүп жаткан учурда аларга тоскоолдук кылбайбыз же шайлоого катышкандарга өзүбүздүн көз карашыбызды таңуулабайбыз.

 Жахабанын Күбөлөрү жакындан бери эле бейтараптуулук сактай башташканбы? Жок. Иса Машаяктын биринчи кылымдагы элчилери да, башка жолдоочулары да мамлекеттик бийликке карата так эле ушундай көз карашка карманышкан. Бир эмгекте бул тууралуу: «Иса Машаяктын алгачкы жолдоочулары өздөрүн өкмөт башындагыларды урматтап-сыйлоого милдеттүү сезишсе да, саясатка кийлигишпеши керектигин жакшы түшүнүшкөн»,— деп айтылат («Beyond Good Intentions»). «Цивилизацияны көздөй» деген китепте да Иса Машаяктын алгачкы жолдоочуларынын «мамлекеттик кызматка орношууга макул болмок эместиги» жазылат («On the Road to Civilization»).

 Бейтараптуулук сактаганыбыз өкмөткө коркунуч туудурабы? Жок. Өкмөт башындагылардын бизден коркушуна эч кандай негиз жок, анткени биз — тынчтыкты сактоого умтулган жарандарбыз. Мисалы, Украинанын улуттук илимдер академиясынын 2001-жылдагы отчётунда биздин бейтараптуулугубуз тууралуу мындай деп жазылган: «Бүгүнкү күндө Жахабанын Күбөлөрүнүн бейтараптуулук сактаганын баары эле жактыра бербеши мүмкүн. Нацисттик жана коммунисттик режим өкүм сүрүп турган учурда Жахабанын Күбөлөрүнүн түрмөгө камалышына негизинен алардын ушундай көз карашка карманганы себеп болгон». Бирок, Советтер Союзунда катуу куугунтукка алынганына карабай, Жахабанын Күбөлөрү «мыйзамга баш ие беришкен. Алар колхоздордо жана өндүрүштүк бирикмелерде чын жүрөктөн жана жан-дилден эмгектенишкен; коммунисттик режимге эч кандай коркунуч туудурушкан эмес». Бүгүнкү күндө да Жахабанын Күбөлөрүнүн диний ишеними, жүргүзүп жаткан иши, жогорудагы отчётто айтылгандай, «эч бир өлкөнүн коопсуздугуна жана биримдигине коркунуч туудурбайт».