Мазмунун көрсөтүү

Эмне үчүн Жахабанын Күбөлөрү согушка катышпайт?

Эмне үчүн Жахабанын Күбөлөрү согушка катышпайт?

 Жахабанын Күбөлөрү согушка төмөнкү себептерден улам катышпайт:

  1.   Кудайга баш ийишет. Ыйык Китепте Кудайдын кызматчылары жөнүндө: «Алар кылычтарынан соконун тишин... жасашат... Алар согушууга үйрөнүшпөйт»,— деп айтылган (Ышая 2:4).

  2.   Иса Машаякка баш ийишет. Бир жолу Иса пайгамбар өзүнүн Петир деген элчисине: «Кылычыңды кынына сал, анткени кылыч көтөргөндөрдүн баары кылычтан өлөт»,— деп айткан (Матай 26:52). Бул сөздөр менен Иса пайгамбар анын жолдоочулары эч качан колуна курал албашы керектигин айткысы келген.

     Ошондой эле Иса Машаяктын жолдоочулары, анын буйругуна ылайык, «дүйнөгө таандык болбогондуктан» саясий иштерде бейтараптуулукту сакташат (Жакан 17:16). Алар аскердик иш-чараларга каршы чыгышпайт жана аскердик кызматты өтөгүсү келгендерге тоскоолдук кылышпайт.

  3.   Башкаларды сүйүшөт. Иса пайгамбар өзүнүн жолдоочуларына: «Бири-бириңерди сүйгүлө»,— деп айткан (Жакан 13:34, 35). Ушул буйрукка баш ийгендиктен, анын жолдоочулары эл аралык боордоштукту түзүп, эч качан бири-бири менен согушушпайт (1 Жакан 3:10—12).

  4.   Иса Машаяктын алгачкы жолдоочуларынын үлгүсүнө карманышат. «Дин жана согуш» деген бир энциклопедияда мындай делет: «Исанын эң алгачкы жолдоочулары согушка катышуудан жана аскердик кызматтан баш тартышкан. Киши өлтүрүү, алардын көз карашы боюнча, Исанын „душмандарды сүйгүлө“ деген буйругуна каршы келмек» («Encyclopedia of Religion and War»). Немис теологу Питер Минхолд да ушул сыяктуу ойду айтып: «Бир эле учурда Исанын жолдоочусу да, жоокер да болуу мүмкүн эмес деп эсептелчү»,— деген.

Коомго тийгизген пайдасы

 Жахабанын Күбөлөрү жалпы коомчулукка пайдасын тийгизген жана өздөрү жашаган өлкөнүн коопсуздугуна эч убакта коркунуч туудурбаган жарандар катары белгилүү. Алар бийликти урматташат. Себеби Кудайдын төмөндөгү талаптарына баш ийишет:

  •   «Ар бир адам жогорку бийликтерге баш ийсин» (Римдиктер 13:1).

  •   «Падышага тиешелүүнү падышага, Кудайга тиешелүүнү Кудайга бергиле» (Матай 22:21).

 Ушул айтылгандарга ылайык, алар өкмөткө баш ийип, салыктардын баарын төлөшөт жана коомчулуктун пайдасы үчүн бийликтер тарабынан уюштурулган иш-чараларды колдошот.