Аюп 1:1—22

1  Ус+ деген жерде Аюп+ аттуу бир киши жашаган. Ал кемчиликсиз+, түз жүргөн+, Кудайдан корккон+ жана жамандыктан алыс жүргөн+ киши эле.  Ал жети уулдуу, үч кыздуу болгон+.  Анын 7 000 кою, 3 000 төөсү, 500 жуп өгүзү, 500 ургаачы эшеги+ жана көп сандаган кулдары бар эле. Ал Чыгыш элдеринин+ ичинен эң бир атактуу адам болгон.  Анын уулдары кезектешип, ар бири болжошкон күнү өз үйүндө шерине өткөрүп турчу+. Алар бирге ичип-жеш үчүн үч карындашын* да чакыртышчу.  Бир сыйрадан шерине беришкен соң, Аюп аларга: «Ыйыкталгыла»+,— деп айттырып жиберчү. Өзү эртең менен эрте туруп, балдарынын санына жараша бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык чалчу+, анткени: «Уулдарым күнөөгө батып, Кудайга ичинен+ тил тийгизип жүрбөсүн»+,— деп ойлочу. Аюп ар дайым ошенте турган+.  Белгиленген күнү Жахабанын, чыныгы Кудайдын, уулдары*+ анын алдына чогулушту+. Алар менен кошо+ Шайтан*+ да келди.  Ошондо Жахаба Шайтандан: «Кайдан келдиң?» — деп сурады. Шайтан Жахабага: «Жер жүзүн кыдырып+, айланып чыктым»+,— деп жооп берди.  Анан Жахаба Шайтанга мындай деди: «Менин кызматчым Аюпка көңүлүңдү бурдуңбу? Жер жүзүндө андай адам жок+. Ал — кемчиликсиз+, түз жүргөн+, Кудайдан корккон+ жана жамандыктан алыс жүргөн киши»+.  Шайтан болсо Жахабага: «Аюп Кудайдан бекеринен коркуп жүрүптүрбү? — деди+.— 10  Сен аны да, үйүн да, колундагысынын баарын туш тарабынан коргоп жаткан жоксуңбу?+ Анын кол эмгегине батаңды берип жатасың+, малы жер жайнап жайылып жүрөт. 11  Бирок колуңду сунуп, эмнеси болсо, ошонун баарына тийип көрчү, сага тил тийгизбей коёт бекен, ачык эле тил тийгизет»+. 12  Ошондо Жахаба Шайтанга: «Мына, анын эмнеси болсо, ошонун баары сенин колуңда. Өзүнө гана тийбе!» — деди. Ошентип, Шайтан Жахабанын алдынан кетти+. 13  Бир күнү Аюптун уулдары менен кыздары улуу агасынын үйүндө тамак жеп, шарап ичип жатышкан эле+. 14  Ошондо Аюпка кабарчы келип+, мындай деди: «Өгүздөр жер айдап жаткан+, алардын жанында эшектер оттоп жүргөн. 15  Аңгыча шебалыктар+ кол салып, аларды айдап кетти, кулдарды болсо кылычтап өлтүрүштү. Жалгыз мен качып кутулуп, сага кабарлаш үчүн келдим»+. 16  Ал сүйлөп бүтө электе, дагы бирөө келип: «Асмандан+ Кудайдын оту түшүп, койлор менен кулдардын арасында алоолонуп күйүп, аларды жалмап кетти. Жалгыз мен качып кутулуп, сага кабарлаш үчүн келдим»,— деди. 17  Ал сөзүнүн аягына чыга электе, дагы башкасы келип: «Үч топтон турган каздимдиктер+ кол салып, төөлөрдү айдап кетишти, кулдарды болсо кылычтап өлтүрүштү. Жалгыз мен качып кутулуп, сага кабарлаш үчүн келдим»,— деди. 18  Ал сүйлөп бүтө электе, дагы бирөө келип, мындай деди: «Уулдарың менен кыздарың улуу агасынын үйүндө тамак жеп, шарап ичип жатышкан+. 19  Аңгыча чөл жактан катуу шамал+ келип, үйдү төрт тарабынан кыйратты, балдарың болсо үйдүн алдында калып өлдү. Жалгыз мен аман калып, сага кабарлаш үчүн келдим». 20  Ошондо Аюп ордунан туруп, сырт кийимин айрып+, чачын алды да+, чөгөлөп+, жерге жыгылып+, 21  мындай деди: «Энемдин ичинен+ жылаңач чыккам, Кайра жылаңач бойдон кетем+. Берген да Жахаба+, алган да Жахаба+. Жахабанын ысмы ар убак даңкталсын»+. 22  Башынан өткөндүн баарына карабай, Аюп күнөөгө баткан жок, Кудайга акарат кылган жок+.

Шилтемелер

Же: «үч эжесин». Бул жердеги еврей сөзү улууга да, кичүүгө да карата колдонулган.
Же: «периштелери».
Же: «Душман».