Марк 1:1—45

1  Иса Машаяк жөнүндөгү жакшы кабардын башталышы.  Ышая пайгамбардын китебинде: «(Мына, мен сенин алдыңан кабарчымды жөнөтүп жатам, ал сага жол даярдайт.)*+  Уккула! Ээн талаада бирөө: „Жахабага* жол даярдагыла! Анын жолдорун түздөгүлө“,— деп жар салып жүрөт»,— деп жазылгандай+,  Чөмүлдүрүүчү Жакан ээн талаага келип, элге күнөөлөрүнүн кечирилиши үчүн өкүнүп, чөмүлтүлүү керектигин жар сала баштады+.  Ага Жүйүт жеринде, Иерусалимде жашагандардын баары келип, күнөөлөрүн мойнуна алып жатышты+. Жакан болсо аларды Иордан дарыясында чөмүлдүрдү.  Ал төөнүн жүнүнөн кийим кийип, белине кайыш кур курчанып жүрчү+, чегиртке+ менен жапайы аарынын балын жечү+.  Жакан элге: «Артымда менден күчтүү бирөө келатат. Мен эңкейип, анын сандалынын боосун чечүүгө да татыксызмын+.  Мен силерди сууга чөмүлдүрдүм. Ал болсо ыйык рухка чөмүлдүрөт»,— деп жарыялап жүрдү+.  Ошол күндөрдө Иса Галилеядагы Назарет шаарынан Жаканга келди. Жакан аны Иордан дарыясында чөмүлдүрдү+. 10  Суудан чыгары менен Иса асмандын ачылганын, Кудайдын рухунун ага көгүчкөндөй болуп түшүп келатканын көрдү+. 11  Анан асмандан: «Сен менин сүйүктүү Уулумсуң. Мен сени колдойм»,— деген үн угулду+. 12  Ошол замат рух ага ээн талаага барууга түрткү берди+. 13  Иса жапайы айбандар жашаган ээн талаада кырк күн болду+, ошондо Шайтан аны азгырууга аракет кылды+. Анан ага периштелер кызмат кылышты+. 14  Жакан камакка алынгандан кийин, Иса Галилеяга барды да+, Кудайдын жакшы кабарын жарыялап+, 15  элге: «Белгиленген убакыт келди+. Кудайдын Падышалыгы жакындап калды. Күнөөлөрүңөр үчүн өкүнүп+, жакшы кабарга ишенгиле»,— деп айтып жүрдү. 16  Галилея деңизин* бойлоп баратып ал деңизге тор салып жаткан Симон+ менен анын бир тууганы Андрести көрдү. Алар балыкчылар эле+. 17  Иса ал экөөнө: «Менин артыман жүргүлө, мен силерди адам уулоочу кылам»,— деди+. 18  Алар ошол замат торлорун таштап, анын артынан жөнөштү+. 19  Бир аз ары баскандан кийин ал кайыкта торлорун оңдоп отурган бир туугандарды: Зебедейдин уулдары Жакып менен Жаканды көрдү+. 20  Иса аларды ошол замат чакырды. Кайыктагы атасын жалданган жумушчулары менен калтырып, алар да Исанын артынан жөнөштү. 21  Анан аны менен бирге Капернаумга кетишти+. Ишемби күнү Иса синагогага кирип, элди окута баштады. 22  Эл анын окутуусуна абдан таң калды+, анткени ал китепчилердей эмес, бийлиги бар адамдай окутту+. 23  Ошол убакта синагогада ичине жин кирип алган бир киши бар эле+. 24  Ал: «Назареттик Иса, бизди жайыбызга кой+. Бизди жок кылганы келдиңби?+ Сенин ким экениңди билем+: сен Кудайдын Ыйыгысың»,— деп кыйкыра баштады+. 25  Бирок Иса аны тыйып: «Үнүңдү бас да, чыгып кет!» — деп айтты+. 26  Ошондо жин тиги кишинин дене боюн карыштырып, болгон күчү менен кыйкырды да, анын ичинен чыгып кетти+. 27  Баарынын үрөйү учуп: «Бул эмнеси? Бул кандайдыр бир жаңы окутуу го! Мунун жиндерге да буйрук берүүгө бийлиги бар экен. Алар болсо баш ийип жатышат»,— деп өз ара сүйлөшө башташты+. 28  Иса тууралуу уу-дуу кептер Галилеянын туш тарабына тез эле тарап кетти+. 29  Синагогадан чыгар замат алар Жакып, Жакан болуп Симон+ менен Андрестин үйүнө барышты. 30  Симондун кайненесинин+ эти ысып, ооруп жаткан болчу+. Бул тууралуу Исага дароо билдиришти. 31  Ошондо ал аялдын жанына келип, аны колунан кармап тургузду. Аял оорусунан айыгып+, аларга кызмат кыла баштады+. 32  Күн батып, кеч киргенде, эл Исага бардык оорулууларды+, жин оорусу барларды+ алып келе баштады. 33  Ошентип, эшиктин алдына шаардагылардын баары чогулду. 34  Иса ар кандай оорусу бар далай кишилерди айыктырды+, көптөрдүн ичинен жиндерди кууп чыгарды. Бирок ал жиндердин сүйлөшүнө жол берген жок, анткени алар анын Машаяк экенин билишчү+. 35  Иса таң заарда, али жарык кире электе туруп, ээн жерге барды да+, тилене баштады+. 36  Ошондо Симон менен анын жанындагылар аны издеп чыгышты. 37  Тапкандан кийин ага: «Сени баары издеп жүрүшөт»,— дешти. 38  Бирок ал: «Башка жактарга, жакын жердеги шаарчаларга да баралы. Мен ошол жерлерде да кабар айтышым керек+, анткени ошон үчүн келгем»,— деди+. 39  Ошентип, ал бүт Галилеяны аралап, синагогаларда кабар айтып, жиндерди кууп чыгарып жүрдү+. 40  Бир күнү ага пес оорулуу бирөө келип, алдына чөгөлөдү да: «Эгер кааласаң, мени айыктыра аласың»,— деп жалбарды+. 41  Исанын боору ооруп+, ага колун тийгизди да: «Каалайм. Айык»,— деди+. 42  Ал ошол замат пес оорусунан айыгып, таза болуп калды+. 43  Андан кийин Иса ага катуу эскертип: 44  «Эч кимге эч нерсе айтпа. Баргын да, дин кызматчыга көрүнүп+, айыкканың үчүн Муса буйруган нерселерди алып бар+. Бул дин кызматчыларга күбөлөндүрүү болсун»+,— деди да, аны коё берди. 45  Бирок Исанын жанынан кеткенден кийин ал киши болгон окуяны элдин баарына айтып, бардык жерде жарыялай баштады. Андыктан Иса шаарга ачык кире албай, ээн жерлерде жүрдү. Ошондо да ага эл туш тараптан келип жатты+.

Шилтемелер

Кашаадагы текст Мал 3:1ден алынган.
Кара: 2-тирк.
Мт 4:18дин шилт-н кара.