Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

 МУКАБАДАГЫ ТЕМА

Каршы чыгуудан башка жол барбы?

Каршы чыгуудан башка жол барбы?

Бул журналды басып чыгарган Жахабанын Күбөлөрү саясатка кийлигишпейт (Жакан 17:16; 18:36). Ошондуктан бул макалада коомдо болгон айрым нааразычылык акциялары жөнүндө жазылганы алардын бир элди бир элден жогору коёрун же саясатта кайсы бир тарапты ээлээрин билдирбейт.

ӨКМӨТКӨ нааразы болгон Мохаммед Буазизинин чыдамы 2010-жылдын 17-декабрында чегине жеткен. Тунисте жашаган 26 жаштагы Мохаммед көчөдө жашылча сатып акча тапчу. Ал көптөн бери жакшыраак жумуш таба албай кыйналып жүргөн. Кайсы жерге барбасын, баары пара менен бүтөрүн да жакшы билчү. Ошол күнү эртең менен полиция кызматкерлери анын сатып жаткан жашылчаларын тартып алышкан. Таразасын да алабыз дешкенде, Мохаммед бербейм деп каршы болгон. Күбөлөрдүн айтканына караганда, полиция кызматкери болуп иштеген аял ошондо аны жаакка чаап жиберген.

Аябай ыза болгон Мохаммед арызданыш үчүн мэрияга барган, бирок аны эч ким укпай койгон. Ошондо ал мэриянын маңдайына туруп алып: «Мен эми үй-бүлөмдү кантип багам, айткылачы?!» — деп кыйкырган да, үстүнө күйүүчү май куюп, өзүн өрттөп жиберген. Ошондон үч жума өтүп-өтпөй көз жумган.

Анын аргасы түгөнгөндүктөн кылган бул иши Тунистеги жана башка өлкөлөрдөгү адамдардын жүрөгүн солк эттирген. Өлкөдөгү бийликке нааразы болгон көптөгөн адамдар ошондон кийин көтөрүлүшкө чыгышкан. Көп өтпөй башка Араб өлкөлөрүндө да эл толкуй баштаган. 2011-жылы Европа парламенти Мохаммедге жана башка төрт кишиге ой эркиндиги үчүн берилчү Сахаров атындагы сыйлыкты ыйгарган. Ал эми  Лондондун «Таймс» гезити 2011-жылы аны «жылдын адамы» деп атаган.

Бул окуядан элдин толкуганы көлдүн толкуганындай эле болору көрүнүп турат. Буга эмне себеп болот? Андан башка жол барбы?

Эл эмне үчүн толкуйт?

Буга төмөнкүлөр себеп болот:

  • Нааразычылык. Адамдар жергиликтүү бийлик элдин жыргалчылыгын көздөйт, өлкөнүн экономикасы жашоону жакшыртууга багытталган деп ишенсе, эч ким деле нааразы болуп көтөрүлүп чыккысы келбейт. Алар көйгөйлөрүн нааразычылык билдирбей эле тийиштүү жол менен чечип алышат. Ал эми элдин арыз-муңун эч ким укпаса, бийликтегилер паракор болуп, адилетсиздик менен башкарышса, шайлоо таза өтпөсө, нааразычылык, баш аламандык күч алышы мүмкүн.

  • Шыкак. Элдин чыдап жүрө бербей бир нерсе кылыш керек деген ойдо иш-аракет кылышына көбүнчө кайсы бир окуя же бир нерсе шыкак болот. Мисалы, Мохаммед Буазизи өзүн өрттөгөндөн кийин, Тунисте чоң көтөрүлүш чыккан. Ал эми индиялык Анна Хазаре түрмөдө отуруп ачкачылык жарыялаганда, 450 шаардагы эл аны колдоп, нааразычылык акциясын уюштурушкан.

Ыйык Китепте миңдеген жылдар мурун эле: «Адамдын адамга бийлик кылышы зыян алып келет»,— деп жазылган (Насаатчы 8:9). Биз чынында эле ошондой дүйнөдө жашап жатабыз. Ошол сөздөр жазылган убактан бери паракорчулук менен адилетсиздик болуп көрбөгөндөй кулач жайды. Саясий жана экономикалык түзүлүш жашоо-шартты оңдой албасына көптөрдүн көзү жетип калды. Төгөрөктүн төрт бурчунда жашагандардын смартфондор, Интернет, 24 саат бою берилген жаңылыктар аркылуу болуп жаткан окуялар жөнүндө маалымат ала алганы алардын да нааразычылык акцияларын колдошуна шарт түзүп коюуда.

Эмнелер ишке ашырылган?

Нааразычылык акцияларын өткөрүүнү туура деп эсептегендер төмөндөгү нерселердин ишке ашырылганын айтышы мүмкүн:

  • Жакырлардын жашоосу жеңилдеген. Улуу Депрессия убагында, 1930-жылдары, АКШнын Иллинойс штатындагы Чикаго шаарынын өкмөтү, эл толкуп чыккандыктан, үйлөрдү тартып алууну токтоткон жана айрымдарды жумуш менен камсыз кылган. Нью-Йорк шаарында да нааразычылык акциясы өткөрүлгөндүктөн, 77 000 үй-бүлөгө үйлөрү кайтарылып берилген.

  • Адилеттүүлүк орногон. 1955, 1956-жылдары Монтгомери шаарындагы (АКШ, Алабама штаты) кара түстөгү адамдар автобустагы орундарды расага карап бөлүштүрүүгө байланыштуу мыйзамдарга каршы нааразычылык акциясын уюштурушкан. Ошондон кийин ал мыйзамдар жокко чыгарылган.

  • Курулуш долбоору токтогон. 2011-жылдын декабрында он миңдеген кишилер Гонконг шаарынын жанына көмүр менен иштеген электр чордонун курууга каршы чыгышкан. Ошондон улам курулуш долбоору токтотулган.

Нааразы болгондордун айрымдары көздөгөнүнө жетиши мүмкүн, бирок көйгөйлөрдү Кудай гана биротоло чечет

Албетте, нааразы болуп көтөрүлүп чыккандар дайыма эле көздөгөнүнө жете бербейт. Мисалы, бийлик башындагылар алардын талабын орундаткандын ордуна, күч менен басып коюшу мүмкүн. Ортоңку Чыгыштагы бир өлкөнүн президенти бийликке каршы чыккандар жөнүндө: «Аларды темир муштум менен басыш керек»,— деген.

Нааразычылыгын билдирип көтөрүлүп чыккандар максатына жеткен күндө да, башка көйгөйлөр чыга берет. «Тайм» журналына Африкадагы бир мамлекеттин президентин бийликтен түшүрүүгө катышкан бир кишинин жаңы бийлик жөнүндө: «Ал тез эле баш аламандыкка айланып кеткен куру кыял болуптур»,— деген сөздөрү жазылган.

Мындан башка жол барбы?

Белгилүү кишилердин көбү элди эзген бийликке каршы чыгууну милдети катары эсептешет. Мисалы, адам укуктарын коргоо максатында жүргүзгөн иштери үчүн бир нече жыл түрмөгө отурган Чех Республикасынын мурунку президенти Вацлав Гавел 1985-жылы мындай деп жазган: «[Нааразы болгон киши] көз карашына бекем карманарын далилдеш үчүн, эч нерсеси жок болсо, өлгөнгө да даяр болот. Ал аргасы  түгөнгөндө гана ушундай ишке барат».

Мохаммед Буазизинин жана башкалардын кылгандары Вацлав Гавелдин айткандарынын калетсиздигин тастыктап турат. Жакында эле Азиядагы бир өлкөдө көп киши диний жана саясий кысымга каршы экенин билдирип өзүн өзү өрттөп жиберген. «Ньюсуик» журналына адамдардын эмне үчүн ошондой ишке барары жөнүндө бир кишинин: «Бизде курал жок. Эч кимге да зыян келтиргибиз келбейт. Андан башка эмне кылабыз?» — деп айткандары жазылган.

Ыйык Китепте адилетсиздик менен паракорчулукту эмне жок кылары айтылат. Анда элдин толкушуна себеп болуп жаткан саясий жана экономикалык түзүлүштү жок кыла турган, Кудай асманда орноткон өкмөт жөнүндө жазылат. Ошол өкмөттүн Падышасы тууралуу алдын ала мындай деп айтылган: «Ал жардам сурап жалбарган жакырды, бечараны жана жардамчысы жоктордун баарын куткарат. Алардын жанын кысымдан, зордук-зомбулуктан куткарат» (Забур 72:12, 14).

Жахабанын Күбөлөрү Кудайдын өкмөтү башкарганда гана дүйнөдө тынчтык орнооруна ишенишет (Матай 6:9, 10). Ошондуктан алар нааразычылык акцияларына катышышпайт. Кудайдын өкмөтүнүн элдин нааразы болуп көтөрүлүшкө чыгышына себеп болгон нерселерди жок кыларына ишенсе болобу? Буга ишенүү кыйын болушу мүмкүн. Бирок көптөр ал өкмөткө ишенсе болоруна ынанышты.