Насаатчы 8:1—17
8 Акылман адамга ким тең келе алат?+ Бардык нерсенин маанисин ким түшүндүрүп бере алат?+ Адамдын акылмандыгы анын жүзүн жарык кылат, жүзүнүн катаалдыгын өзгөртөт+.
2 Айтарым бул: «Падышанын буйругун аткар+, аны Кудайга берген антыңдан улам аткар+.
3 Падышанын алдынан кеткенге шашпа+, жаман ишке да аралашпа+. Падыша каалаганын кылат+,
4 анткени анын сөзүндө бийлик бар+. Ага: „Эмне кылып жатасың?“ — деп ким айта алат?»
5 Осуятты сактаган эч жамандык көрбөйт+; акылдуу жүрөк убакытты да, өкүмдү да билет+.
6 Ар бир иштин өз убактысы, өз өкүмү бар+, анткени адам баласынын башына көп жамандык түшөт+.
7 Алдыда эмне болорун эч ким билбейт+; кийин кандай болорун ким айта алат?
8 Өмүр демин кармап туруу үчүн анын үстүнөн бир да адамдын бийлиги жок+, өлүм күнүнүн үстүнөн да эч кандай бийлик жок+, бул согуштан эч ким бошоно албайт+. Ыймансыздарды ыймансыздык куткара албайт+.
9 Мен ушунун баарын көрдүм, күн астында жасалып жаткан ар кандай иштерге дит коюп, адамдын адамга бийлик кылышы зыян алып келерин түшүндүм+.
10 Ошол эле учурда ыймансыздардын көмүлгөнүн+, алардын ыйык жайга келип+, кайра кеткенин жана ал шаарда ошондой иштерди кылып жүрүп, акыры унутулушканын көрдүм+. Бул да убаракерчилик.
11 Жаман иш үчүн дароо жазаланбагандыктан+, адам баласынын жүрөгү жамандык кылууга көнүп калат+.
12 Күнөөкөр жүз жолу жамандык кылып+, өзү каалагандай жашап жүрө берсе да, чыныгы Кудайдан корккондордун жакшылык көрөрүн билем+, анткени алар Андан коркуп жашашкан+.
13 Ал эми ыймансыз киши Кудайдан коркпогондуктан+ жакшылык көрбөйт+, көлөкөдөй болгон күндөрүн+ узарта албайт.
14 Жер үстүндө мындай да убаракерчилик бар: өз иштерине жараша ыймансыздар көрө турганды адил адамдар көрүп жатат+, ал эми өз иштерине жараша адил адамдар көрө турганды ыймансыздар көрүп жатат+. Ошондо мен муну да убаракерчилик дедим.
15 Мен кубанычты мактадым+, анткени күн астында адамдын ичип-жеп, кубанганынан өтөрү жок экен. Аны күн астында+ чыныгы Кудайдан алган өмүр күндөрүндөгү эмгегинде кубаныч коштоп жүрүшү керек экен+.
16 Ошондуктан мен акылмандыкты таанып-билүүгө+, жер үстүндө адам баласынын күндүз да, түнкүсүн да уйку көрбөй аткарган иштерин+ көрүүгө дит койдум+.
17 Чыныгы Кудайдын бардык иштерин көрүп+, адам баласынын күн астында жасалып жаткан иштерди түшүнө албасын баамдадым+. Канчалык умтулбасын, ал аларды түшүнө албайт+, өзүн абдан акылдуу эсептеген күндө да+ түшүнө албайт+.