Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Бардык жерде адилетсиздик өкүм сүрүп турган

Бардык жерде адилетсиздик өкүм сүрүп турган

МЕН 1965-жылы Түндүк Ирландияда кедей үй-бүлөдө туулуп, Лондондерри графтыгында чоңоюп-өскөм. Ошол кезде католиктер менен протестанттардын ортосунда кагылышуулар болуп жаткан. Ал кагылышуу 30 жылдан ашуун убакытка созулду. Протестанттарга караганда аз болгон, басынтылган католиктер протестанттарды шайлоо учурунда алдаганы, элди эзгени, жумуш, турак жай маселесинде адилетсиздик кылганы үчүн айыпташкан.

Ал учурда бардык жерде адилетсиздик, теңсиздик өкүм сүрүп турган эле. Мени көп жолу полиция кызматкерлери, солдаттар уруп-сабашкан, машинемден сүйрөп чыгып, курал такашкан, суракка алышкан, издөө салышкан. Ошондо баары эле мени аңдып жүргөндөй сезилгендиктен: «Же моюн сунуп беришим керек, же согушушум керек!» — деп ойлогом.

Мен 1972-жылы Кандуу жекшембини эскерүү үчүн, тагыраак айтканда, ошол күнү Британия солдаттары атып өлтүргөн 14 кишини эскерүү үчүн жана 1981-жылы түрмөдө ачкачылык жарыялап, өмүрү менен кош айтышкан кишилердин урматына уюштурулган жөө жүрүштөргө катыштым. Тыюу салынган тууларды ар жерге илип, Британияга каршы экенимди билдирген сөздөрдү жазып, сүрөттөрдү тартып кетчүмүн. Католиктердин  көтөрүлүп чыгышына кайсы бир католикке ырайымсыз мамиле кылынганы, өлтүрүлгөнү себеп болгондой сезилчү. Жөө жүрүштөр көп учурда чоң козголоңго айланып кетер эле.

Университетте окуп жүргөндө студенттердин айлана-чөйрөнү коргоо максатында уюштурган нааразычылык акцияларына катышып жүрдүм. Кийин Лондонго көчүп барып, ал жерден да өкмөттүн саясатына каршы уюштурулган жөө жүрүштөргө катыштым. Мага бийлиги, байлыгы бар адамдар карапайым адамдардын эсебинен пайда көрүп жаткандай сезилчү. Ошондой эле маянаны азайтууга каршы уюштурулган көтөрүлүштөргө, киши башына төлөнчү салыкка каршы 1990-жылы болгон жөө жүрүшкө да катыштым. Ошондо эл Трафальгар аянтын талкалап кетишкен.

Бирок баарынан көңүлүм кайт болду. Анткени нааразычылык акцияларын уюштурганда дайыма эле көздөгөнүбүзгө жете берчү эмеспиз, тескерисинче, жек көрүүнүн ого бетер күч алышына себепкер болчубуз.

Ниети таза адамдар да адилетсиздик менен теңсиздикти жоё албасын түшүндүм

Ошол убактарда бир досум мени Жахабанын Күбөлөрү менен тааныштырды. Алар менен Ыйык Китепти изилдеп, Кудайдын азап чегип жатканыбызга кайдыгер карабасын, адамдардын айынан болуп жаткан жамандыктын баарын жок кыларын билдим (Ышая 65:17; Аян 21:3, 4). Ошондой эле ниети таза адамдар да адилетсиздик менен теңсиздикти жоё албасын түшүндүм. Бардык көйгөйлөргө күнөөлүү болгон каардуу рухтарга каршы туруш үчүн Кудайдын жетекчилик кылышына эле эмес, күч беришине да муктаж экенибизге ынандым (Жеремия 10:23; Эфестиктер 6:12).

Көрсө, адилеттүүлүк үчүн кылгандарым чөгүп бараткан кемени оңдогонго эле тете болуптур. Адилеттик өкүм сүргөн, баары тең укукта болгон заман келерин билгенде көңүлүм тынчып калды.

Ыйык Китепте Жахаба Кудайдын «адилеттикти сүйөрү» айтылат (Забур 37:28). Бул анын адамдардын өкмөтү орнотууга кудурети жетпей жаткан адилеттикти орноторуна бекем ишенсек болорун көрсөтүп турат (Даниел 2:44). Көбүрөөк маалымат алууну кааласаңар, Жахабанын Күбөлөрүнө кайрылсаңар же www.pr418.com сайтына кирсеңер болот.