Забур 72:1—20
Сулайман тууралуу.
72 Оо, Кудай, падышага өкүмдөрүңдү+,Падышанын уулуна адилдигиңди үйрөт+.
2 Ал элиңдин ишин адилдик менен териштирсин+,Бей-бечаралардын ишин калыс карасын+.
3 Элге адилдиктин аркасында тоолордон,Адырлардан тынчтык келсин+.
4 Ал эл ичиндеги бей-бечараларга калыстык кылсын+,Жакырдын уулдарын куткарсын,Митаамды жок кылсын.
5 Күн менен ай бар болуп турганда+,Муундан муунга алар сенден коркушат+.
6 Ал чабылган чөпкө жааган жаандай болуп+,Жерди сугарган нөшөрдөй болуп түшүп келет+.
7 Анын күндөрүндө адил адам гүлдөйт+,Ай жарыгын бербей калганча, тынчтык мол болот+.
8 Анын кол алдындагы эли деңизден деңизге чейин+,Дарыядан*+ жердин учу-кыйырына чейин жашайт+.
9 Ага чөлдүү аймактардын тургундары таазим кылышат+,Душмандары болсо топурак жалашат+.
10 Таршыштын жана аралдардын падышалары+Тартуу алып келишет+.Шеба менен Себанын падышаларыБелек беришет+.
11 Бардык падышалар анын бут алдына жыгылышат+,Бардык элдер ага кызмат кылышат+.
12 Ал жардам сурап жалбарган жакырды+,Бечараны жана жардамчысы жоктордун баарын куткарат+.
13 Бечара менен жакырды аяйт+,Кембагалдардын жанын сактайт+.
14 Алардын жанын кысымдан, зордук-зомбулуктан куткарат,Алардын каны анын көз алдында кымбат болот+.
15 Анын өмүрү узун болсун+, ага Шебанын алтыны берилсин+,Ал үчүн ар дайым тиленишсин.Күнү бою ага алкыш айтышсын+.
16 Дан жер бетинде мол болот+,Тоолордун чокусу эгинге толот+.Падышанын түшүмү Лебанон токоюндай көп болот+,Шаар тургундары жер бетиндеги чөптөй көбөйөт+.
17 Анын ысмы түбөлүккө өчпөсүн+,Күн астында ысмынын даражасы өсө берсин,Ал аркылуу башкалар бата алсын+,Бардык элдер аны бактылуу дешсин+.
18 Жахаба Кудай, Ысрайылдын Кудайы,Ажайып иштерди+ жасаган жалгыз ал даңкталсын+.
19 Анын даңктуу ысмы түбөлүккө даңазалана берсин+,Жер жүзү анын даңкына толсун+.Оомийн, оомийн.
20 Жышайдын уулу Дөөтүнүн+ тиленүүлөрү бүттү.
Шилтемелер
^ Евфраттан.