Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

 ҮЙ-БҮЛӨ ҮЧҮН КЕҢЕШТЕР | БАЛА ТАРБИЯЛОО

Балаңар чыр салчу болгондо...

Балаңар чыр салчу болгондо...

КӨЙГӨЙ

Эки жаштагы балаңар, оюндагысын кылбай койгонуңарда, бакырып-өкүрүп ыйлап, жер тепкилеп, ар нерсени чапкылап кирет. Ошондо: «Баламдын дени-карды сообу? Бир нерсени туура эмес кылып жатамбы? Чоңойгондо да ушундай болуп калбайбы?» — деп сарсанаа боло баштайсыңар.

Эки жашар балаңардын бул кыялын оңдой аласыңар. Алгач буга эмне себеп болоруна токтололу.

КӨЙГӨЙДҮН ТАМЫРЫ

Баланын оюндагысын кылбай койгондо, шак эле чыр салып кирет. Себеби өзүн башкарууга үйрөнө элек болот. Бирок буга башка да нерселер себеп болушу мүмкүн.

Бала экиге толгондо эмнелер өзгөрөрү жөнүндө бир саамга ойлонуп көрсөңөр. Баласы төрөлгөндө, ата-энеси бөпөлөп карайт. Мисалы, ыйлай баштаса: «Бир жери ооруган жокпу? Курсагы ачтыбы? Жалаягын алмаштырыш керекпи?» — деп үстүнө үйрүлүп түшө калат. Ырас, ата-эне баласы үчүн баарын кылганга даяр. Алардын ошенткени туура, анткени бала ымыркай кезинде толугу менен ата-энесинен көз каранды болот.

Эки жашка чыгып калганда болсо ата-энесинин анын ою менен болбой калганын байкайт. Алар ага кызмат кылбай эле, өздөрүнө баш ийүүнү талап кылат. Бала буга моюн сунгусу келбегендиктен чыр сала баштайт.

Убакыттын өтүшү менен бала ата-энесинин милдети ага кам көрүү эле эмес, аны тарбиялоо экенин да түшүнө баштайт. Ошондой эле ата-энесинин «тилин алышы» керектигин да баамдайт (Колосалыктар 3:20). Бирок ал ортодо чырдап, ата-энесинин айласын кетирет.

 ЭМНЕ КЫЛСАҢАР БОЛОТ?

Түшүнө билгиле. Балаңар чоң кишидей болуп өзүн башкара албайт, ошондуктан оюндагыдай болбой калганда, чыр салып кирет. Андайда балаңардай ой жүгүрткөнгө аракет кылгыла. (Ыйык Китептеги принцип: 1 Корунттуктар 13:11.)

Ачууланбагыла. Балаңар чырдаганда, ачууланганыңардан эч пайда чыкпайт. Андыктан ага көңүл бурбаганга жана эч нерсе болбогондой түр көрсөткөнгө аракет кылгыла. Анын эмне үчүн ушинтип жатканын эсиңерден чыгарбасаңар, ачууга алдырбайсыңар. (Ыйык Китептеги принцип: Накыл сөздөр 19:11.)

Ою менен боло бербегиле. Балаңар чыр салганда, ою менен боло берсеңер, анысы кийин да кайталанышы мүмкүн. Ошондуктан андайда айтканыңар айткандай болорун урушпай түшүндүргүлө. (Ыйык Китептеги принцип: Матай 5:37.)

Анын эмне үчүн чыр салып жатканын эсиңерден чыгарбасаңар, ачууга алдырбайсыңар

Чыдамдуу болгула. Балаңардын чыр салганы токтошу үчүн бир топ убакыт талап кылынышы ыктымал. Өзгөчө, анын ою менен болуп, каалаганындай кыла берсеңер, бул узакка созулат. Балаңар кайсы бир нерсени талап кылганда, туура иш-аракет кылсаңар жана дайыма айтканыңар айткандай болсо, анын чыр салганы бара-бара токтойт. Ыйык Китепте: «Сүйүү чыдамкай»,— деп жазылган (1 Корунттуктар 13:4).

Төмөндөгү кеңештерди да колдонуп көргүлө:

  • Балаңар чыр салып баштаганда, аны уруп-сокпой, мүмкүн болсо, көтөрүп алып соороткула. Ага кыйкырбай, басылганча, күтүп тургула. Ошондо ал чыр салганынан эч майнап чыкпай турганын түшүнөт.

  • Балаңар чырдаганда кайсы жакка камап коёруңарды чечип алгыла. Анан чыр салып киргенде, аны ошол жакка алып барып, басылмайынча чыкпай турганын айткыла.

  • Эгер балаңар элдин көзүнчө чатак сала баштаса, башка жакка алып кеткиле. Кыялын көрсөткөн үчүн эле ою менен боло бербегиле. Антпесе бала: «Чыр салсам, каалаганыма жетем»,— деп ойлоп калат.